Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - ПартияNews - Новости
Ата Мекен жана Күчтүү Кыргызстан саясий партиялары кызматтташууга кол коюшту
Бугун, 5 августта “Ата Мекен” жана “Күчтүү Кыргызстан” саясий партиялары кызматтташууга кол коюшту. Бул тууралуу "Ата Мекен" партиясынын пресс-кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, мындай чечим партиялардын саясый платформаларында белгиленген негизги маселелер боюнча пикирлери дал келгендиктен келип чыкты.
"“Ата Мекен” социалисттик партиясы менен “Күчтүү Кыргызстан” саясый партиясынын эң негизги багыттары – коррупция менен күрөшүү, сот реформасы, экономиканы жаңылоо, жакырчылыкты жоюу, жаңы инновациялардын жардамы менен өлкөнү өнүктүрүү, аялзаты менен жаштардын маселелерин чечүү болуп саналат.
Партиялаштарыбыздын жалпы идеялары, көз караштары бирдей чыгып, башка көйгөйлүү маселелер боюнча оюбуз бир жерден чыккандыктан, аларды ишке ашырууда кызматташтык гана утуп чыгарын сезип-туюп, шайлоо алдында да, шайлоодон кийин да иш-аракетибиз эриш-аркак болот деген таризде биригип олтурабыз", - деп билдиришти.