Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Б.Аманбаев: “Акыйкатчы ЖКга жылына бир жолу маалымат бергенге гана милдеттүү”
ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитети КР Акыйкатчысы Бакыт Аманбаевди мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотуу маселесин күзүндө карайт деп төрага Асылбек Жээнбеков билдирген.
Мындай пикирге Бактыбек Аманбаев: “Жогорку Кеңешке Акыйкатчы жылына бир гана жолу адам укуктарынын сакталышы, корголушу, абалы тууралуу маалымат бергенге милдеттүү. ЖКнын токтомун бардык мамлекеттик орган аткарыш керек. Акыйкатчыны мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотуу маселесин күзүндө каралат деген маселе көтөрүлгөн. Бирок маселени кароо менин ыйгарым укугумда эмес”,-деди.
Эске салсак, ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитети төрайымы Наталья Никитенко парламенттин 30-июндагы отурумунда Жогорку Кеңеш Акыйкатчынын ишмердүүлүгүн канаттандыраарлык эмес, деп айткан.
КСДП менен «Ата Мекен» фракциясы Б.Аманбаевди мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотуу жөнүндө маселени парламенттин кароосуна алып чыгуу сунушун берген. Ал эми «Ар-Намыс» фракциясы Акыйкатчыны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотууга негиз бар экендигине корутунду берүү үчүн атайын комиссия түзүү зарылдыгын билдирген.