Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бүгүн 2015-жылдын бюджетинин негизги параметрлери талкууланды
05 01 2015 13:07
Бүгүн, 5-январда Президент Алмазбек Атамбаев финансы министри Ольга Лаврованы кабыл алганда, 2015-жылдын бюджетинин негизги параметрлери жана аны аткаруу багыттарын тууралуу талкуулашты. . Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Ольга Лаврова финансы министрлиги бул багыттар боюнча көрүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.
Алмазбек Атамбаев Финансы министрлигинин жана республиканын башка мамлекеттик органдарынын Кыргызстанда макроэкономикалык стабилдүүлүктү сактоодо жана туруктуу экономикалык өсүүнү камсыз кылууда биргелешип иш жүргүзүүсү зарыл жана абдан маанилүү экендигин баса белгиледи.