Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - ЭлдикNews - Новости глазами граждан
Биз балдарга карата зордук зомбулукка каршыбыз
Бишкек шаарындагы жаңы конуштарда жайгашкан №87, №21,№81,№46,№43 орто мектептер арасында "Биз балдарга карата зордук зомбулукка каршыбыз"аттуу фудболдук мелдеш өткөрүлдү.Мелдешке ар бир мектептен балдардан түзүлгөн эки команда,жана кыздардан түзүлгөн бирден командалар катышып,жалпысынан мелдешке беш мектептен балдар тайпасында 10 команда,кыздар тайпасында 5 командалар ойномой болушту.Андан тышкары бул мелдешке чет өлкөдөн келген эркек балдардан түзүлгө бир команда кошулуп жалпысынан балдар тайпасында 11 команда ойношту.Оюн абдан кызыктуу,көңүлдүү жана ар кандай күтүүсүз голдор менен коштолуп абдан жакшы өттү,баарынан да күлкүмүштүү аруу кубанычтуу оюн кыздар арасында болду.Ал эми абдан толкунданткан жана ар түркүн кызыктарга толгон оюн,финалдык беттеш болду.Финалга чет өлкөдөн келген команда менен №87 орто мектебинин окуучуларынан түзүлгөн биринчи курамы беттешти.Оюндун биринчи жарым бөлүгү 1-0 эсебинде чет өлкөлүк команданын пайдасында болду,бирок чындыгында эле чет өлкөлүк команданын ойноо тактикасы абдан күчтүү болчу.Ал эми оюндун экинчи жарымында биздин балдар атаандаштын ыгын табып,аларга 2 гол киргизе алышты.Ошонтип оюн 2-1 эсебинде №87 орто мектебинин окуучуларынан түзүлгөн биринчи курамынын пайдасына аяктады. 1-орунду №87 орто мектеби алса,2-орунду чет өлкөлүк команда алды,ал эми 3-орун балдар арасында жок болуп,3-орунду кыздардын арасындагы эң күчтүү,шамдагай №43 орто мектебинин кыздарынан түзүлгөн команда алды.Мыкты дарбазачы Бекназаров Жакшылык.Мыкты оюнчу кыздар арасында Дүйшеева Кенже.Балдар арасында Даниель уулу Дастан.Мыкты бомбардир 8 голдун ээси Кубанычбек у Аскар болду.