Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
БШК «Ата Мекен» партиясына «кара пиар» колдонгону үчүн эскертүү берди
1 – октябрда Боршайком отурумунда «Ата Мекен» социалисттик партиясынын булганыч технологияларды колдонгону тууралуу маселени карады. Комиссиянын үгүт иштериндеги эрежелерди сактоо жумушчу тобунун жетекчиси Нурмамат Ашымовдун айтымында, «Ата Мекен» партиясынын шайлоо алдындагы иштериндеги мыйзам бузуучулугуна жол берилгени тууралуу эскертүү сунушу комиссиянын курамына сунушталды.
«Аталган партия үгүт материалдарынын көчүрмөсүн БШК менен макулдашпай туруп, КТРКнын эфиринен кетирип жиберишкен.» Бул видеоматериалда «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагасы Адахан Мадумаровду каралаган, далилсиз маалыматтар көрсөтүлгөн. Ушуга байланыштуу шайлоочулардын эркин тандоо укуктарына да кедергисин тийгизүү ыктымалдыгын да жокко чыгарууга болбойт.
Ал: «БШК мындан тышкары «Ата Мекен» партиясынакарата 12 арыз келип түшкөн. Партиянын үгүт материалдары, баракчалары эстеликтерге, жашыл шиберлерге, устундарга, дарбазаларга жабыштырылганы тууралуу арыз-даттануулар каралды. Жумушчу тобу тарабынан 6 эскертүү берилген. Бирок бул дагы жетишсиз болуп, даттануулар көп болуп кеткендиктен, аны комиссиянын отурумуна алып чыктык» - деди.