0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - ЭлдикNews - Мнения и идеи граждан

    ДНК КЕРЕМЕТИ ЭВОЛЮЦИЯ ТЕОРИЯСЫН КАНТИП ЖАРАКСЫЗ КЫЛУУДА?

    ДНК КЕРЕМЕТИ ЭВОЛЮЦИЯ ТЕОРИЯСЫН КАНТИП ЖАРАКСЫЗ КЫЛУУДА?
    22 02 2015 08:38

    Эволюция теориясы молекулярдык деңгээлде маанилүү бир туюкта. Жашоонун келип чыгышы темасы – эволюция теориясы үчүн палеонтология, геология, антропология ж.б. илим тармактарындагы сыяктуу чоң бир көйгөй. Болгондо да, эволюционисттердин көйгөйү аминокислота, белок сымал жашоонун курулуш материалдары менен эле чектелбейт. Булардан да жогорку негизги туюк – жандык клеткасынын укмуш комплекстүү түзүлүшүндө. Себеби клетка аминокислоталардан турган белоктордон түзүлгөн бир жыйынды эмес, адамзат бүгүнкү күнгө чейин көргөн эң комплекстүү системалардын бири.

    Дарвинисттердин туюгу эволюция теориясын сактоо үчүн артына жашынган гипотезадан келип чыгат. Дарвинисттердин ою боюнча, алгачкы жандык сөзсүз жөнөкөй болушу керек жана керектүү химикаттар чогулганда жашоо кокустан, өзүнөн-өзү пайда болушу зарыл. Мына ушул негизсиз ишенимдер дарвинисттерди «вулкандык газдар менен чагылгандар ДНКны, анан жашоону пайда кылды!» деген бир жомокко ишенүүгө мажбур кылган. Дарвинисттердин ою боюнча, эң алдыңкы технология, эң алдыңкы лаборатория жана кылымдар бою чогулган илимий жетишкендиктер менен да жасала албаган жандуу клеткалардын миллиондогону кокустан чогулушуп, абдан маанилүү милдеттерди аткарган органдарды курушкан. Болгондо да, бул органдар кемчиликсиз бир координация ичинде иштешип, адам денесин түзүшкөн жана өзүнөн-өзү анын өмүрүн улантуу милдетин алышкан. Бул дарвинист жомоктордун илимий таянычы да жок жана акыл менен логикага апачык карама-каршы келет. Өзү да эволюционист француз илимпоз Пьер-Поль Грассе бул туюкка мындайча көңүл бурат:

    ... кээ бир адамдар бир тарапты жактагандыктан, атайылап чындыктарды көрмөксөн болушат жана өз ишенимдерин кемчиликтерин жана катачылыгын моюнга алышпайт.174

    Англия Салфорд университетинен доц. Л. Р. Крофт How Life Began (Жашоо кантип башталды) аттуу китебинде эволюционисттердин теория түшкөн туюкка кандайча маани бербегенине мындайча токтолот:

    Эң негизги суроолордун бири болгон жашоонун келип чыгышы – эволюционисттик ой-жүгүртүүлөрдүн негизги башталыш чекити. Бирок ошентсе да эволюционисттер бул суроого көп маани беришпейт... жашоонун келип чыгышына көп токтолушкан эмес. Дарвин өзү да буга көп маани берген эмес...175

    Дарвинисттер молекулярдык деңгээлде ишке ашкан деп айтылган «эволюциялык калыптануулардын» бирөөсүн да далилдей алышкан эмес. Илимдин алга жылышы болсо бул суроолорго жооп табуу мындай турсун, суроолорду эволюционисттер үчүн андан да татаал жана комплекстүү абалга салган. Түзүлүш жана өзгөчөлүктөрү менен ДНК сыяктуу бир молекуланын эволюционисттер айткандай кокустуктар натыйжасында пайда болушунун канчалык логикасыз экенин алдыда илимпоздордун сөздөрү менен жана эволюционисттердин өз оозунан көрөбүз.

     

    Генетикалык маалыматтын келип чыгышы илимпоздор

    үчүн дагы эле белгисиз

    Клетканын комплекстүү түзүлүшүнүн эң масштабдуу бөлүгүн генетикалык түзүлүшүн аныктоочу ДНК түзөт. Илимпоздор ДНКнын түзүлүшү, коддолушу жөнүндө жасаган көп жылдарга созулган изилдөөлөргө көп каражат короткону менен, жаңы гана маанилүү маалыматтарды алып башташты. Бирок клетканын генетикалык түзүлүшүндөгү кемчиликсиздик дагы эле чоң сыр бойдон калууда. ДНКнын комплекстүү түзүлүшү, ичиндеги өтө маанилүү жана көп өлчөмдөгү маалымат жашоонун пайда болушун кокустуктар менен түшүндүрүүнү каалагандарды чарасыздыкка түрткөн жагдайлардын башында турат. Таанымал бир эволюционист, биохимик Лесли Оргел (Leslie Orgel) бул жөнүндө мындай дейт:

    Генетикалык коддун келип чыгышынын жалпы өзгөчөлүктөрүн да алигече түшүнө элекпиз... Генетикалык коддун келип чыгышы жашоонун келип чыгышы маселесинин эң таң калыштуу тарабы.176

    Ядролук физик проф. Жеральд Шредер ДНКдагы коддоонун кантип ишке ашканы жөнүндөгү маалыматтын жетишсиздигине токтолгон:

    ... Жана эгер фоссил калдыктары бизге туура айтып жаткан болсо, ДНКдагы маалымат дүйнөдөгү жашоонун эң алгачкы баскычтарында да кездешүүдө. Бүт жашоонун келип чыгышына себеп болгон коддоонун кантип ишке ашканы болсо дагы эле белгисиз. Пайда кылган продуктунун комплекстүүлүгү эске алынганда, бул табышмактын масштабы жакшыраак байкалат.177

    Таанымал илимий журналдардан Science'та макалалар жалгаз Жон Коэн (Jon Cohen) болсо бир макаласында ДНКдагы тартиптүү түзүлүштүн кемчиликсиздигине мындайча токтолот:

    Эмне үчүн ДНК менен РНКдагы шекер молекулалары белгилүү болгон бүт жандыктарда оңду көздөй оролууда? Ошол сыяктуу протеиндерди түзгөн бүт амино-кислоталар да солду көздөй бүгүлгөн абалда калыпка салынган. Бул молекулалардын эмне үчүн мындай укмуштуу бир тартипке ээ экени белгисиз, бирок бул жөнүндө жазылган теориялар да аз эмес. Бул тема Лос-Анджелестеги бир чогулушта каралганда, тема айкындыкка жетиши үчүн жасалган аракет менен каалоо да эч аз эмес эле. Бул түшүнүктүү бир сезим эле; себеби бул суроо бүт илимий сырлардын фундаментинен сөз кылып жаткан; жашоонун келип чыгышы.178

    Германиядагы Johannes Gutenberg университети Биохимия институту башчысы проф. Клаус Доуз (Klaus Dose) «Жашоонун келип чыгышы: жооптон көп суроо бар» аттуу макаласында эволюционисттердин чарасыздыгын моюнга алгандардын бирөө:

    ... клетканын генетикалык маалыматынын кайдан келип чыкканын билбейбиз, алгачкы өзүн копиялай алчу нуклеиндик кислоталар кантип эволюциялашты же бүгүнкү клеткалардагы абдан комплекстүү түзүлүш-функция байланышы кантип пайда болду?179

    Эволюционист журналдардын бири Nature журналынын мурдакы редакторлорунан Жон Мэддокс (John Maddox) болсо «генетикалык коддун келип чыгышынын жашоонун келип чыгышы сыяктуу дагы эле караңгылыкта калганын көрүү кайгыга салат.»180 дейт. Бирок чынында генетикалык коддун келип чыгышы белгисиз эмес, тескерисинче айдан ачык. Генетикалык код – Аллахтын жаратышындагы кемчиликсиздикти көрсөткөн мисалдардын бирөө гана. Куранда Аллахтын жаратышы мындайча билдирилет:

     

    ... Рахман (болгон Аллах)тын жаратуусунда эч кандай «карама-каршылык жана дал келбестик» көрө албайсың. Мына көз(үң)дү айландырып-карап көр; кандайдыр бир жарака (кемчилик жана бузуктук) көрүп жатасыңбы? Андан соң көзүңдү дагы эки жолу айландырып-кара; ал көз (дал келбестик табуудан) үмүтүн кескен бир абалда чарчап, сага кайтат. (Мүлк Сүрөсү, 3-4)

     

    Генетикалык маалыматтын келип чыгышын кокустуктар

    менен түшүндүрүүгө болбойт

    Эволюционисттердин сөздөрүн караганыбызда, кемчиликсиз системалардын баарын «кокустуктардын натыйжасы» катары түшүндүрүүгө аракет кылганын көрөбүз. Клетканын комплекстүү түзүлүшү да эволюционисттер үчүн кокустуктардын жогорку бир ийгилиги (!), ийгиликтүү тандоолорунун (!) бир натыйжасы. Дарвинисттер бүт нерсенин жаратуучусу катары кабыл алган кокустуктун эмне экенин ойлонбостон, бул белгисиздик алгачкы клетканы пайда кылган деп кабыл алышат жана бүт теорияларын ушул клетка үстүнө курушат. Бирок клетка мындай турсун, эң жөнөкөй организм дагы эволюционисттер гипотеза кылгандай кокустан пайда боло албайт. Лондон университетинен клетка биологу Др. Эмброуз (Ambrose) бул ыктымалсыздыкты мындайча айтат:

    Эң жөнөкөй бир клеткалуу комплекстүү организм дагы ушунчалык комплекстүү ДНК чынжырына ээ болгондуктан, мунун ыктымалдыгы 102.000.000 (бирдин артында 2 миллион нөл)да бир сыяктуу элестетилгис бир ыктымалдыкка ээ.181

    Математика илими учурда ДНКда жазылуу маалыматтардын пайда болушунда кокустукка орун жок экенин далилдөөдө. Миллиондогон баскычтан турган ДНК молекуласы мындай турсун, ДНКны түзгөн 30.000 гендин бир даанасынын да кокустан пайда болуу ыктымалдыгы эч мүмкүн эмес. Эволюционист биолог Франк Б. Солсбери (Frank B. Salisbury) бул ыктымалсыздык жөнүндө мындай дейт:

    Орточо чоңдуктагы бир протеин молекуласы болжол менен 300 амино-кислотаны камтыйт. Муну башкарган ДНК чынжырында болсо болжол менен 1.000 нуклеотид бар. Бир ДНК чынжырында төрт түрдүү нуклеотид болоору эске алынса, 1.000 нуклеотиддик бир тизмек 4 даражасы 1000 түрдүү болушу мүмкүн. Жөнөкөй бир логарифм эсеби менен табылган бул сан болсо акылга эч сыйбас чоңдукта. 41000'ден 1 «жөнөкөй бир логарифм эсеби» натыйжасында 10600'дөн бирге барабар деп аныкталат. Бул сан 10дун жанына 600 нөлдү кошуу менен алынат. 10дун жанына 12 нөлдүн коюлушу 1 триллионду түзөт, демек 600 нөлдүн коюлушунан келип чыккан санды чындап түшүнүү анча мүмкүн эмес.182

    Ошондуктан бир жерде бүт керектүү нуклеотиддер бар, булар өз ара уланышы үчүн керектүү бүт комплекстүү молекулалар жана туташтыруучу энзимдердин баары даяр турат деп элестетсек да, бул нуклеотиддердин керектүү катарда тизилүү ыктымалдыгы 10 даражасы 600дөн бир ыктымалдыкка барабар болот. Кыскасы, адам денесиндеги орточо бир протеиндин ДНКдагы кодунун кокустан, өзүнөн-өзү пайда болуу ыктымалдыгы 10дун жанына 600 даана нөл жазылган сандан 1ге барабар. Астрономиялыктан да чоң бул сан болсо иш жүзүндө «0» ыктымалдык маанисине келет. Darwin Was Wrong: A Study in Probabilities (Дарвин жаңылган: ыктымалдыктар анализи) аттуу китептин автору И.Л. Кохен болсо генетикалык маалыматтын кокустан пайда болгон болушунун мүмкүн эместигин айтууда:

    Математиктер 1050'дөн аркы кандайдыр бир сандын статистикалык жактан пайда болуу ыктымалдыгын нөл деп кабыл алышууда. Эң кичинекей бир клеткалуу бактерия да кошо, биз билген кандайдыр бир түр 100 же 1000ден бир топ көп нуклеотидге ээ. Негизи бир клеткалуу бактериянын белгилүү бир тизмекке ээ 3.000.000дой нуклеотиди бар. Бул болсо белгилүү болгон кандайдыр бир түрдөгү бир жандыктын туш келди кокустуктар же туш келди мутациялар (эволюционисттер эң жактырган сөз) натыйжасында пайда болуу ыктымалдыгы жок экенин көрсөтүүдө.183

    Нуклеотиддердин кокустан чогулуп РНК же ДНКны түзүшүнүн мүмкүн эместигин эволюционист француз илимпоз Пол Огер (Paul Auger) да айтат:

    Туш келди химиялык кубулуштар урматында нуклеотиддер сыяктуу татаал молекулалардын пайда болушу жөнүндө менимче эки этапты бир-биринен так ажыратышыбыз керек; нуклеотиддердин бир-бирден өндүрүлүшү ... жана булардын абдан өзгөчө сериялар абалында бир-бирине туташышы. Мына ушул экинчиси эч мүмкүн эмес.184

    Бул ыктымалсыздыкты абдан жөнөкөйлөтүлгөн бир мисал менен ойлоп көрөлү. Бөлмөдөгү бир жарылуу натыйжасында адабий бир чыгарманын, болгондо да барактары жабыштырылган китеп абалында пайда болбошу анык. Бул кокустан өзүнөн-өзү болду деген бир адамды көрсөңүз, эң башта бул адамдын акылы жайындабы деп шектенесиз. Бирок эволюционисттер кокустуктар жасады деген нерсе бул мисалдагы ыктымалсыздыктан бир топ жогору. Бирок кокустук пикиринин ар тараптуу логикасыздык жана ыктымалсыздыгына карабастан, Дарвиндин мурасын сокурдук менен бекем тутунгандар «кокустуктар ошондо деле муну кыла алышат» дешүүдө. Эволюция теориясынын жараксыздыгын баяндаган Evolution: A Theory in Crisis (Эволюция: кризис ичиндеги теория) аттуу китептин автору, таанымал молекулярдык биолог профессор Майкл Дентон мына ушул теңдешсиз кемчиликсиздикти кокустуктарга таягысы келгендерге болгон таң калуусун айтат:

    Жалпы эволюция үчүн керектүү болгон кокус жөнгө салуулар – логикалык балээлер. Бир канча жүз сөздөн гана турган бир тексттин кокустан грамматика эрежелерине ылайык чыгуу ыктымалдыгынын «жок» дегенчелик кичинекей экенин айтуу – окуянын маанисин чыныгысынан төмөн көрсөтүү болот. Ушул сыяктуу кандайдыр бир тизмек акылдын бар экенин көрсөтөт... Кокус процесстердин чындыгына же кокустуктардын адам акылы өндүргөн кандайдыр бир нерседен бир топ комплекстүү болгон функционалдуу протеин же гендин эң кичине бөлүгүн пайда кыла алаарына чындап ишенүүгө болобу?185

    Проф. Майкл Дентон дарвинисттердин мындай акылга сыйгыс ишенимин башка бир сөзүндө болсо мындайча баяндайт:

    Жогорку организмдердин генетикалык программаларынын түзүлүшү миллиарддаган бир (компьютер бирдиги) маалыматка же миң томдук кичинекей бир китепкананын ичиндеги бүт тамгалардын тизмегине тең. Мынчалык комплекстүү организмдерди түзгөн триллиондогон клетканын өрчүшүн аныктаган, буйрук кылган жана башкарган сансыз татаал функциянын толугу менен кокустук процесстер натыйжасында пайда болгонун айтуу болсо адам акылына кол салуу болуп саналат. Бирок бир дарвинист бул көз-карашты кичине да күмөн санабастан кабыл алат!186

    Кембридж университетинен философ др. Стефен К. Мейер болсо жашоонун келип чыгышы менен байланыштуу кокустукка таянган түшүндүрмөлөргө маани бербеш керек экенин айтат:

    Жашоонун келип чыгышынан тышкаркы биология чөйрөлөрүндө дагы эле биологиялык маалыматтын келип чыгышы үчүн кокустук себептик бир түшүндүрмө катары кабыл алынышы мүмкүн, бирок муну бир канча изилдөөчүдөн башка эч ким чындап колдобойт. 1950- жана 1960-жылдары молекулярдык биологдор протеиндердин жана нуклеиндик кислоталардын тизилишиндеги өзгөчө касиетке суктанып баштагандан бери функционалдуу протеиндерди жана нуклеиндик кислоталарды кокустан пайда кылуу ыктымалдыгы эсептелген. Алгачкы (эң баштагы) шарттар артыкчылыктуу болчу деп кабыл алынса да (чындап же калп)... биологиялык макромолекулалардын пайдалуу тизмекке кокустан ээ болуу ыктымалдыгы Илья Пригожин (Ilya Prigogine) айткандай, «жок дегенге боло турганчалык аз... ал тургай... миллиарддаган жылдык убакыт аралыгында да.»187

    Бул ыктымалдыктардын мүмкүн эместигин эволюционисттер да билип туруп, чындыктарга тирешишүүдө. Бул – ДНКнын түзүлүшүндөгү комплекстүүлүк жана кемчиликсиздикти улуу бир илим жана акыл ээси бир Жаратуучунун –Улуу Раббибиздин- бар экени менен гана түшүндүрүүгө болоору жөнүндөгү чындык. Бир аятта мындайча билдирилүүдө:

     

    Чындыкты батыл (жалган) менен жаппагыла жана чындыкты жашырбагыла. Силер (чындыкты) билип турасыңар. (Бакара Сүрөсү, 42)

     

    ДНКнын бар болушу өзү жалгыз эч нерсеге жарабайт

    Генетикалык система бир эле ДНКдан турбайт. ДНКдан бул кодду окуй турган энзимдер, бул коддордун окулушу аркылуу өндүрүлчү кабарчы РНК, кабарчы РНК бул код менен барып өндүрүш үчүн үстүнө туташа турган рибосома, рибосомага өндүрүштө колдонула турган амино-кислоталарды ташый турган бир ташуучу РНК жана ушул сыяктуу сансыз ара иштерди камсыз кылуучу абдан комплекстүү энзимдер да ал жерде болушу керек. Мындан тышкары, мындай бир жер, клетка сыяктуу, керектүү бүт чийки зат жана энергия мүмкүнчүлүктөрү бар, бүт тараптан изоляция кылынган жана бүтүндөй көзөмөлдөнгөн бир жер гана болушу зарыл...

    Негизи бир органикалык зат бүт органеллдери менен бирге толук уюшулган бир клетка абалында бар болгондо гана өзүн көбөйтө алат. Бул болсо клетка кереметтүү даражадагы комплекстүү түзүлүшү менен «бир заматта» пайда болгон деген мааниге келет. Нобель сыйлыгынын ээси француз биолог Жак Моно (Jacques Monod) Chance and Necessity (Кокустук жана зарылчылык) аттуу китебинде муну мындайча баяндайт:

    Модерн клеткада генетикалык маалымат окулушу үчүн иштеген механизмде эң аз элүү макромолекула кошулма бар. Бирок булардын өзү да ДНКда коддолгон: код, окуу натыйжасында алынган продукттар болбостон окула албайт. Бул omne vivium ex ovo [«Бүт жашоо бир жумурткадан келет» маанисиндеги латын макалы] заманбап жоромолу. Бул айлампа качан жабылды? Элестетүү чындап кыйын.188

    Дагы бир Нобель сыйлыгынын ээси француз илимпоз Андре Львов (Andre Lwoff) болсо клетка ичиндеги ар молекуланын бир-биринен көз-каранды иштеген бир бүтүндүн бөлүктөрү экенин айтат:

    Бир организм бир-биринен көз-каранды түзүлүштөрдөн жана функциялардан турган бир система. Клеткалардан турат жана клеткалар болсо кемчиликсиз кызматташтык кылышкан молекулалардан жасалган. Ар молекула башкаларынын эмне кылганын билиши зарыл. Кабарларды алып, ошого жараша кыймыл-аракет кыла алышы керек.189

    Ыктымалдуулук эсептөөлөрү протеиндер менен нуклеин кислоталары (РНК менен ДНК) сыяктуу комплекстүү молекулалардын бир-бирден кокустан пайда болушунун мүмкүн эмес экенин көрсөтүүдө. Бирок эволюционисттер үчүн андан да чоң маселе – бул жашоо үчүн бул комплекстүү молекулалардын баарынын бир учурда жана чогуу болуу мажбурлугу. Бул чындык алдында эволюция теориясы толугу менен чарасыз. Кээде бул эволюционисттердин моюнга алган сөздөрүндө да орун алат. Булардын бири ар кайсы тармактарда профессорлук кылган Индиана университетинен Дуглас Р. Хофштадтер (Douglas R. Hofstadter):

    Кандайча болуп генетикалык маалымат, аны жоромолдоочу механизмдер менен (рибосомалар жана РНК молекулалары менен) бирге пайда болду? Бул суроо алдында өзүбүздү бир жооп менен эмес, суктануу жана таң калуу сезимдери менен канааттандырышыбыз керек.190

    Ушул эле чындык эволюционист көз-караштарга ээ 20-кылымдын илим философторунан проф. Карл Раймунд Поппер (Karl Raimund Popper) тарабынан да кабыл алынат. Проф. Поппер бул туюкту мындайча сүрөттөйт:

    Генетикалык коддун келип чыгышы менен байланыштуу көйгөй бул эле эмес. Коддун бар болушу деген бул маалыматты алуу жана колдонуу маанисине келет; антпесе ДНК ичинде жазылган маалымат керексиз болмок. Маалыматты алуу жана колдонуу болсо энзим менен рибосомалардын маалыматты копиялашы жана которушу деген мааниге келет. Клетка бул энзим менен рибосомаларды жасашы керек экенин кайдан билген? Жооп: генетикалык коддо жазылган маалыматтан.191

    Проф. Поппер көңүл бургандай, клетканын бүт курулуш материалдары, органеллдерине тиешелүү маалыматтар ДНКда жазылуу. Башка жагынан, ДНКдагы маалымат колдонулушу үчүн бул курулуш материалдары, органеллдер болушу да шарт. Бул абал эволюция теориясынын баскыч баскыч пайда болуу пикирлерин апачык кыйратууда. Себеби ДНКда коддолгон маалымат болбостон, бул органеллдер пайда боло албайт; ошол сыяктуу бул органеллдер болбостон, ДНКда коддолгон маалымат колдонула албайт. Б.а. экөөсү тең бир учурда бар болушу зарыл. Ошондуктан примитивдик клеткадан комплекстүү клеткага өтүү пикири кыялдар гана. Зоолог проф. Дэвид Е. Гриин (David E. Green) жана биохимик проф. Роберт Ф. Голдбергер (Robert F. Goldberger), эволюционисттик көз-карашта болушса да, илимий бир макалаларында мындай дешет:

    Примитивдик клеткалар түрлөрдүн келип чыгышы үчүн башталгыч деген кеңири тараган пикир чындап эле туура эмес. Бул клеткалар жөнүндө функционалдуулук жактан примитивдүү эч нерсе жок. Бул клеткалар учурдагы мисалдары сыяктуу дал ошондой биохимиялык жабдыкка ээ эле. Анда кийинки клеткалар кантип пайда болду? Бул суроого бериле турган жалгыз маанилүү жооп – бул кантип болгонун билбейбиз деген жооп.192

    Бүт жашоону «кокустук» жообу менен түшүндүрүүгө аракет кылган эволюция теориясы ДНКда кылдаттык менен жана кемчиликсиз коддолгон кереметтүү маалыматтын булагын эч түшүндүрө албайт. Анын үстүнө, бул тема ДНК тизмегинин кантип пайда болгону менен эле чектелбейт. Себеби ДНК тизмеги, мурда да айтылгандай, ичиндеги укмуштуу маалымат сыйымдуулугу менен бирге бар болсо да, бул өзү жалгыз эч нерсеге жарабайт. Жашоодон сөз кыла алуу үчүн сөзсүз мындан тышкары бул ДНК тизмегин окуган, копиялаган жана бул копияларга жараша протеиндерди өндүргөн энзимдер болушу шарт. Б.а. жашоо болушу үчүн ДНК деп аталган маалымат банкы да, бул банктагы маалыматтарды окуп өндүрүш жасай турган машиналар да болушу керек. Бул клетканын «төмөндөтүүгө мүмкүн эмес комплекстүүлүк» деп түшүндүрүлгөн абдан маанилүү бир өзгөчөлүгү. Проф. Франк Б. Солсбери клеткадагы бул комплекстүүлүккө мындайча токтолот:

    Азыр клетканын биз элестеткенден бир топ комплекстүү экенин билебиз. Ар бири өз ичинде комплекстүү машиналар болгон, миңдеген энзимдин иш-аракетин камтыйт. Анын үстүнө, ар энзим бир ДНК катарын түзгөн генге ылайык пайда болот. Бул гендин ичиндеги маалымат жана комплекстүүлүгү энзимдей укмуш болушу керек.193

    Жыйынтыктасак, ар бөлүгү бир-бири менен өтө тыгыз байланыштуу системалардан турган жандык клеткасынын бир даана органеллинин эле кем болушу ал клетканын иштебешине алып келет. Клетканын мынчалык маанилүү бир кемчиликти убакыттын өтүшү менен жойгонго, «эволюция процесси» менен толуктаганга убактысы жок. Ошондуктан миллиондогон жыл кокустуктардын кичине кичине бөлүктөрдү чогултушу менен бир жандуу клетканын пайда болушу мүмкүн эмес. Клетка ар бөлүгүнүн баскыч баскыч пайда болушуна мүмкүндүк бербей тургандай комплекстүү бир бүтүндүккө ээ. Клетка жашашы үчүн эң башынан баштап бүт бөлүктөрү менен кемчиликсиз жана катасыз бир бүтүн абалында болушу шарт. Бул дагы эволюция теориясы үчүн ашып өтүлгүс туюктардын бири.

     

    Кайсысы мурда көйгөйү: протеинби, же ДНКбы?

    ДНК менен байланыштуу маанилүү бир нерсе – бул ДНКны окуп ошого жараша өндүрүш жасаган энзимдердин да кайра эле ДНКдагы коддорго жараша өндүрүлүшү. Мунун мааниси мындай: клетканын ичинде ушундай бир завод бар, бул завод ар кандай продукттарды да өндүрүүдө, бул өндүрүштү жасаган робот менен машиналарды да жасоодо. Бир жеринде кемчилик болсо ишке жарабай кала турган бул система кантип пайда болгон деген суроо болсо бир өзү эле эволюция теориясын кыйратууга жетиштүү.

    ДНКнын протеин түзүлүшүндөгү бир катар энзимдердин жардамы менен гана копиялана алышы жана бул энзимдердин синтезинин болсо ДНКдагы маалыматтарга карап гана ишке ашышы протеин менен ДНКнын бир-биринен көз-каранды экенин көрсөтөт. Ошондуктан ДНК копияланышы үчүн эң башынан протеин да, ДНК да бир учурда бар болушу зарыл. Илимпоз Жон Хорган (John Horgan) бул дилемманы мындайча түшүндүрөт:

    ... ДНК каталитикалык протеиндердин жана энзимдердин жардамысыз, өз ишин жасай албайт. Кыскасы ДНК болбостон протеиндер пайда болбойт, бирок ДНК дагы протеиндер болмоюнча пайда болбойт.194

    Молекулярдык биолог Майкл Дентон боюнча, «протеиндер көп нерсени жасай алышат, бирок өздөрүнүн курулушу үчүн керектүү маалыматты сактай да, өткөрө да алышпайт. Экинчи жактан, ДНК маалыматты сактай алат, бирок эч нерсе өндүрө албайт жана өзүн көбөйтө албайт. Ушул себептен ДНК протеиндерге, протеиндер болсо ДНКга муктаж. Бул чыгылгыс бир айлампа катары, жумуртка тооктонбу, тоок жумурткаданбы парадоксун эске салат.»195 Эндрю Скотт (Andrew Scott) болсо New Scientist журналындагы бир макаласында протеиндер менен генетикалык кодду бир-биринен бөлүп кароо мүмкүн эмес экенин айтат:

    Кадимки «тоок менен жумуртка» дилеммасы менен алектенүүдөбүз. Нуклеиндик кислоталар протеиндерди жасоо үчүн керек; протеиндер болсо нуклеиндик кислоталарды жасоо жана ушундайча ошол эле учурда нуклеиндик кислоталардын протеин өндүрүү процессинде аны багытташын камсыз кылуу үчүн керек... Жансыз атомдордон биздин пайда болушубуз жолунда өтө маанилүү бир баскыч болгон ген-протеин байланышынын пайда болушу дээрлик бүтүндөй караңгылык ичинде жашырылган.196

    Бул жашоонун кокустан пайда болуу сценарийин дагы бир жолу жараксыз кылууда. Америкалык химик проф. Гомер Якобсон (Homer Jacobson) болсо мындай дейт:

    [Жашоо башталган кезде] көбөйүү пландары, айланадан зат жана энергия алуу, өрчүү катары жана булардын баарынын өрчүшү үчүн маалыматтарды которо турган механизмге тиешелүү буйруктардын ошол кезде жана чогуу болушу зарыл. Булардын баарынын комбинациясы кокустан боло албайт.197

    Проф. Якобсон бул сөздөрдү Жеймс Уотсон менен Фрэнсис Крик тарабынан ДНКнын түзүлүшү аныкталгандан эки жыл өткөн соң жазган. Бирок илимдеги бүт өнүгүүлөргө карабастан, бул маселе эволюционисттер үчүн дагы эле чечилбеген бойдон калууда. Эволюционист биолог проф. др. Али Демирсой (Ali Demirsoy) протеин менен ДНКнын бирге пайда болуу ыктымалдыгы жөнүндө мындай моюнга алууга мажбур болгон:

    Бир протеиндин жана ядро кислотасынын (ДНК-РНК) пайда болуу ыктымалдыгы божомолдордон бир топ ары бир ыктымалдык. Ал тургай, белгилүү бир протеин тизмегинин пайда болуу ыктымалдыгы астрономиялык дегенге боло тургандай аз.»198

    Демирсой айткан ыктымалдык иш жүзүндө нөлгө барабар. Эволюционист др. Лесли Оргел болсо 1994-жылкы бир макаласында бул жагдай жөнүндө мындай дейт:

    Абдан комплекстүү түзүлүштөргө ээ болгон энзимдердин жана нуклеин кислоталарынын (РНК менен ДНК) бир жерде жана бир учурда кокустан пайда болушу өтө эле ыктымалсыз. Бирок булардын бири болбостон экинчисин алуу да мүмкүн эмес. Ошондуктан адам жашоонун химиялык жолдор менен пайда болушу эч мүмкүн эмес деген жыйынтыкка барууга мажбур болууда.199

    «Жашоонун химиялык жолдор менен пайда болушу мүмкүн эмес» деп айтуу «жашоонун өзүнөн-өзү пайда болушу мүмкүн эмес» дегенди билдирет. Бул чындык жашоонун бир заматта жаратылгандыгынын анык бир далили. Бирок эволюционисттер ачык далилдерин көргөн бул чындыкты идеологиялык себептерден улам кабыл алышпайт. Аллахтын бар экенин кабыл албоо үчүн мүмкүн эмес экенин өздөрү да билген тантык сценарийлерди жакташат. Башка бир эволюционист Кэрил П. Хаскинс (Caryl P. Haskins) ДНК кодунун кокустан пайда болушунун мүмкүн эместигин жана бул чындыктын жаратылуу үчүн күчтүү бир далил экенин айтат:

    Биохимиялык генетика деңгээлинде эволюцияга тиешелүү эң көлөмдүү суроолор дагы эле жооптолгон жок. Генетикалык код алгач кантип пайда болгон жана кантип эволюциялашкан? Бүгүн жашаган бүт организмдерде ДНК репликациясы да, ДНК кодунун натыйжалуу которуу процесстери да абдан так энзимдерге муктаж. Ошол эле учурда бул энзимдердин молекулярдык түзүлүштөрүнүн ДНКнын өзү тарабынан так аныкталган болушу маанилүү бир эволюционисттик табышмакты пайда кылууда... Код менен кодду которуу жолдору эволюция процессинде өзүнөн-өзү пайда болгон беле? Мындай бир кокустуктун ишке ашканына ишенүү акылга эч сыйгыстай. Бул табышмак Дарвинден мурдакы доордо болгон сыяктуу, Дарвинден кийин да эволюцияга шектенгендер тарабынан атайын жаратуу үчүн эң күчтүү далил катары жоромолдонгон.200

    Бир клеткалуу бир организм да илимпоздордун түшүнүгүнөн жогорку бир комплекстүүлүккө ээ. Себеби бул кичинекей жандык да өз алдынча копиясын жасай алган укмуш сыйымдуулуктагы бир генетикалык кодду камтыйт. Бул код болсо тартип эле эмес, жазылуу маалыматты да талап кылган бир түзүлүшкө ээ. Мындан тышкары, бул ДНК кодунун туура жазылышы эле жетиштүү болбойт. Ошол эле учурда клетканын калган бөлүгү код менен жазылган бул буйруктарды окуп ээрчиши зарыл. Жандыктардын баары ушул көрсөтмөлөр натыйжасында абдан уюшкан иштерди жасай алган кемчиликсиз түзүлүшкө ээ болушат.

    Албетте, аң-сезимсиз клетка органеллдеринин бул коддордун тилин өз башынча үйрөнүшү же буларды кокустан чечмелеши мүмкүн эмес. Коддун бар болушу, чечмелениши, ал жердеги маалыматтын берилиши, туура колдонулушу... ар баскычы өзүнчө аң-сезим жана акыл талап кылган иштер. Клеткадагы энзим менен рибосомалар бул иштерди жасашы керек экенин кайдан билишүүдө? Муну билишет деп элестетсек да, эч билбеген бир жердеги коддорду катасыз чечмелеши кантип мүмкүн болууда? Бул суроолор бир тараптан эволюционисттердин туюктарын ачык көрсөтсө, экинчи тараптан жаратуудагы акыл менен илимди көрсөткөн чындыктарды ортого койууда. Куранда мындайча буюрулат:

     

    Раббиң каалаганын жаратат жана тандайт; тандоо алардын колунда эмес. Аллах алардын орток кошкондорунан аруу-таза, улуу. Раббиң алардын көкүрөктөрүндө сактагандарын жана ачыкка чыгаргандарын билет. Ал Аллах, Андан башка кудай жок. Башында да, аягында да мактоолор Ага тиешелүү. Өкүм Ага тиешелүү жана Ага кайтарыласыңар. (Касас Сүрөсү, 68-70)

     

    Химиялык эволюция пикирлеринин жараксыздыгы

    Дарвин ысык бир көлдүн ичинде жашоонун чийки заты болгон кээ бир химикаттар болгон болсо, протеиндердин пайда болушу мүмкүн экенин, алардын көбөйүп, биригип, бир клетка пайда кыла алаарын жактаган эле.201 Дарвиндин бул кыялын ишке ашыруу жана жашоонун келип чыгышына «эволюциялык» бир түшүндүрмө алып келүү үчүн аракеттенген миңдеген илимпоз да бул туюк жолго киришти.

    Орус биохимик Александр Опарин менен англиялык генетик Ж. Б. С. Холдейн 1920-жылдары «химиялык эволюция» деп аталган теорияны чыгарышты. Дарвин кыялдангандай, жашоонун чийки заты болгон молекулалардын энергиянын салымы менен өзүнөн-өзү эволюциялашып жандуу бир клетка жасай алаарын айтышты. Бирок Опарин да кошо, эч бир эволюционист бул «химиялык эволюция» пикирин колдой турган бир жыйынтык ала алган жок. Тескерисинче, 20-кылымда жасалган ар бир ачылыш жашоонун эч качан кокустан пайда болбой турганчалык комплекстүү экенин көрсөттү. Таанымал эволюционист Лесли Оргел бул жөнүндө мындай дейт: «(ДНК, РНК менен протеиндердин түзүлүшү изилденгенде) адам жашоонун химиялык жолдор менен пайда болушу эч мүмкүн эмес деген жыйынтыкка барууга мажбур болууда.»202

    Адамдын курулуш материалы болгон клетка мындай турсун, ДНКнын негизги түзүлүшүндөгү нуклеотиддердин да кокустан, алгачкы дүйнө шарттарында химиялык өзгөчөлүктөрүн коргошу мүмкүн эмес. Эволюционисттик маанайда макалаларды чыгарган илимий журналдардын бири Scientific American'да орун алган төмөнкү саптар эволюционисттердин бул жөнүндөгү моюнга алууларына токтолот:

    Ыктымалдуу алгачкы дүйнө шарттары тууралган чыныгы эксперименттерде эң жөнөкөй молекулалар да аз санда гана өндүрүлгөн. Андан да жаманы, бул молекулалар көбүнчө органикалык молекулалардын экинчи даражадан курулуш материалдары. Кадимки таасирлери барган сайын комплекстүүрөөк органикалык аралашмаларды жасоо болгон геохимиялык реакциялар натыйжасында кандайча болуп молекулалардын бөлүнүп, тазалана алганы дагы эле көйгөй бойдон калууда. Бир аз комплекстүүрөөк молекулалар үчүн бул кыйынчылык абдан бат андан да өсөт.203

    Немец илимпоздор Рейнхард Юнкер (Reinhard Junker) менен Шерер Зигфрид (Siegfried Scherer) болсо жашоо үчүн керектүү молекулалардын баарынын синтезинин башка башка шарттар талап кылаарына көңүл бурушкан. Бул Юнкер менен Шерердин ою боюнча, жашоо үчүн керектүү көптөгөн түрдүү заттын бир жерге чогулуу ыктымалдыгынын эч жок экенин көрсөтөт:

    Химиялык эволюция үчүн керектүү бүт молекулалар алына алган бир эксперимент жок. Ошондуктан ар түрдүү молекулалардын ар кайсы жерде, абдан ылайыктуу шарттарда өндүрүлүп, гидролиз (бир молекуланын суунун таасири менен экиге бөлүнүшүнө алып келген реакция) жана фотолиз (суунун жарык энергиясы менен бөлүнүү кубулушу) сыяктуу зыяндуу факторлордон корголуп, жаңы бир реакция чөйрөсүнө алып келиниши зарыл. Бул жерде кокустук жок, себеби мындай окуянын ишке ашуу ыктымалдыгы жок.204

    Др. Жон Кеосян (John Keosian) болсо The Origin of Life (Жашоонун келип чыгышы) китебинде эволюционисттер түшкөн бул чарасыздыкты төмөнкү сөздөрү менен мойнуна алууда:

    Химиялык эволюция пикирлери чындыкка сыйбайт. Биохимиялык компоненттердин, биохимиялык реакциялардын жана механизмдердин, энергия метаболизмасынын жана кампаланышынын, белгилүү полимердешүүлөрдүн, коддордун, транскрипция (ДНКдагы генетикалык маалыматтын кабарчы РНКга берилиши) жана трансляция (РНКдагы генетикалык маалыматтын окулуп протеин өндүрүлүшү) механизмдеринин жана дагы көптөгөн детальдын алгачкы суулардын ичинде жандыктар али пайда боло электе, жандыктын денесинде аткара турган функциялары менен бирге бар болгонуна ишенишибиз күтүлүүдө. Химиялык эволюция өзүнүн ичинен жок болду. Көбүнчө жашоого тиешесиз органикалык химиялык синтездерде эч качан пайда болбой турган, бирок жашоо үчүн ылайыктуу шарттарда жасалган жасалма же усталык менен бурмаланган лаборатория синтездери менен алдыбыздан чыгат... Стереотиптүү көз-карашыбызды колдогону үчүн эксперименттерди, жыйынтыктарды жана пикирлерди сындабастан кабыл алууга даярбыз... Жашоонун келип чыгышы маселесине чечүү жолу катары учурда чыгарылган подходдор же темага тиешесиз же болбосо сокур бир чекитте токтойт. Кризис мына ушул жерде турат...205

    Химиялык эволюция сценарийинин мүмкүн эместиги ДНК молекуласынын түзүлүшү жагынан да мүмкүн эмес. Себеби ДНК молекуласы өз башына калтырылганда, тең салмактуулугун жоготот, б.а. тышкы факторлор молекуланын түзүлүшүнүн оңой гана бузулушуна себеп болот. ДНКнын клетка ичинде тең салмактуу болушунун себеби – көп сандагы атайын энзимдер тарабынан көзөмөлдөнүшү жана оңдолушу урматында. Клетканын сыртында, эволюционисттер айткандай, алгачкы океандардын ичинде сүзүп жүргөн абалда ДНКнын молекулалык түзүлүшүн сакташы –тең салмактуу калышы- мүмкүн эмес. Тескерисинче бул молекуланын «алгачкы» океан шартында бузулуу деңгээли синтезделүү ылдамдыгынан бир топ жогору болмок.206 Химик др. Чарльз Б. Тэкстон (Charles B. Thaxton), др. Роджер Л. Олсен (Roger L. Olsen) жана проф. Уолтер Л. Брэдлинин (Walter L. Bradley) орток эмгеги болгон The Mystery of Life's Origin (Жашоонун келип чыгышынын табышмагы) аттуу китебинде «океан шартындагы химиялык аралашмада РНК менен башка негизги биомолекула синтездери көп санда кайчылаш реакция себебинен дээрлик ар баскычта кыска туташуу (короткое замыкание) жасашы ыктымал.» деп жашоо үчүн керектүү заттардын тең салмактуулугун сактай албашына токтолушкан.207

    Бир биохимик ДНКны клеткадан бөлгөндө же лабораторияда синтездегенде, аны ээришине себеп боло турган суунун ичине же ал турган пробирканы бөлмө температурасында, лаборатория столунун үстүнө таштабайт. Чоң ыктымалдык менен аны оозун бекем жаап, бир пробирка ичинде, азот астында жана тоңдургучта сактамак. Болгондо да, ушул шарттарда дагы молекула ичиндеги химиялык байланыштар акырындап үзүлөт жана биологиялык активдүүлүк акырындап жоголот.208

    Эволюционисттер «алгачкы» океан ичинде жана табигый шарттар астында ДНК, РНК жана протеин молекулаларынын ылдам жок болоорун бүтүндөй көрмөксөн болушууда. Др. Карл Саган The Origins of Prebiological Systems (Пребиологиялык системалардын келип чыгышы (тамыры)) аттуу китебинде жашоонун келип чыгышы жөнүндөгү сценарийлердин ылайыктуу эмес экенин кабыл алган:

    Биз талашкан маселе абдан кеңири. Органикалык молекулаларды өндүрүү үчүн энергия булактарын колдонуп жатабыз. Бирок ушул эле энергия булактарынын бул органикалык молекулаларды жок кылышы мүмкүн экени да белгилүү болду. Органика химиги реакция продукттары бузулаардан мурда, буларды энергия булагынан ылдам алыстата алат. Бирок жашоонун келип чыгышынан сөз кылганыбызда, синтез менен бирге ошол эле учурда бузулуулардын да болгонун жана бул продукттар ылдам алыстатылбаса, реакциянын башкача жыйынтыкталаарын көрмөксөн болбошубуз керек. Жашоонун келип чыгышын кайталаганга аракет кылып жатып, бул кыйынчылыкка жолукпай турган кандайдыр бир ылайыктуу сценарийлерди кыялданууга мажбурбуз!209

    Бул жерде бир жагдайды унутпаш керек: ДНКдагы маалыматты окуй турган, бул буйруктарды кабылдап протеин өндүрүшүн жасай алчу механизмге ээ бир клетка да жок кезде, ДНКнын эч мааниси болбойт. Эволюционисттер айткан «алгачкы» дүйнө шарттарында ДНК молекуласы –бүт ыктымалсыздыктарга карабастан- өзүнөн-өзү пайда болду деп элестетсек да, ДНКнын өзү жалгыз бар болушунун эч кандай мааниси болмок эмес. Проф. Дэвид Е. Гриин менен проф. Роберт Ф. Голдбергер эволюционист болушса да, клетка баскыч баскыч өзүнөн-өзү пайда болгон деген пикирдин жараксыз экенин айтышкан:

    ... макромолекуладан клеткага өтүү фантастикалык масштабдагы бир секирик, жана текшерүүгө мүмкүн болгон бир гипотеза эмес. Бул тармакта бүт баары «бар кабыл алуулардан» (assumption) гана турат. Колдогу маалыматтар клеткалардын бул планетада өзүнөн-өзү пайда болгонун чындык катары «бар кабыл ала турган» бир негиз түзгөн жок.210

    New York Times гезитинин илимий жазуучусу Николас Уэйд 2000-ж. июньда жарык көргөн «Жашоонун келип чыгышы сырдуураак жана татаалыраак болууда» аттуу макаласында «дүйнөдө жашоонун келип чыгышы менен байланыштуу бүт баары бир сыр жана канчалык көп нерсе билинсе, табышмак да ансайын тереңдешүүдө.» дейт.211 Биохимик проф. Майкл Ж. Бихи (Michael J. Behe) болсо эволюция сценарийлери жагынан илимдин абалын кыскача сүрөттөйт:

    Негизи көп илимпоз жашоонун башталышын түшүндүрө турган бир нерсе айта албайт. Бирок, кээ бир илимпоздор жашоонун келип чыгышы жөнүндө бул китепте сүрөттөлгөн көп кыйынчылыктарга карабастан, эволюцияны оңой гана түшүндүрүүгө болот деп ойлошот. Бул кызыктай көрүнүштүн себеби болсо мындай: химиктер жашоонун келип чыгышы сценарийлерин өлчөөлөр менен жана эксперименттер менен сынашууда (тест кылышууда). Бирок эволюционист илимпоздор эволюция сценарийлерин өлчөө менен болсун, эксперименттер менен болсун молекулярдык деңгээлде сыноого аракет кылышпоодо. Мына ушул себептен жашоонун келип чыгышы боюнча эмгектерди башкарган эволюционист биология, эксперименттер жасала электеги, 1950-жылдардагы түшүнүктө калып калган: кыялдануу күчүн чексиз колдонуу аркылуу. Биохимиянын өнүгүшү менен, негизи эволюция теориясы эч түшүндүрө албаган бир дүйнө аныкталган жана бул дүйнө жандыктардын баарында бар. Дарвиндин баштапкы чекити болгон жашоонун келип чыгышы жана көрүүнүн тамыры теория тарабынан эч түшүндүрүлө алган эмес. Дарвин эч качан жашоонун эң түпкү деңгээлинде да аныкталган теңдешсиз комплекстүүлүктү кыялдана алган эмес.212

    Эволюционисттер эч түшүнгүлөрү келбеген жагдай мындай: Дарвин жандыктардын комплекстүүлүгүн болжой албай турганчалык үстүртөн маалыматтарга ээ, байкоолоруна гана таянып жоромол жасаган үйрөнчүк бир илимпоз эле. Эволюция теориясына сокурдук менен жабышкан көп илимпоздор да өздөрүн бул сабатсыздыкка түртүшүүдө. Бир тараптан абройун жоготуу тынчсыздануусунан, экинчи тараптан чындыкты айтуудан коркуп, үчүнчү тараптан болсо Аллахтын жаратканын кабыл алгылары келбегендиктен, массалык бир калптын бөлүгүнө айланышкан. Бирок чындыктар ушунчалык ачык болгондуктан, кээде эволюционисттер моюнга алуудан башка сөз таппай калышууда. Учурдагы эволюционисттердин бири болсо да, биохимик Клаус Доуз (Klaus Dose) жашоонун «алгачкы» дүйнөдө өзүнөн-өзү пайда болушунун мүмкүн эмес экенин кабыл алат:

    Мындан соң дагы эле түшүндүрүлө албаган бир табышмак бар, б.а. гендерибиздеги маалымат мисалындагы сыяктуу, биологиялык маалыматтын булагы суроосу... Жөнөкөй нуклеотиддердин же ал тургай алгачкы дүйнө шарттарында копиялана алган полинуклеотиддердин өзүнөн-өзү пайда болуу ыктымалдыгы, бул тармакта жасалган сансыз ийгиликсиз эксперименттин негизинде, эми мүмкүн эмес деп кабыл алынышы керек.213

    «Жашоонун химиялык жолдор менен пайда болушунун мүмкүн эмес болушу» «жашоонун кокустан пайда болушу мүмкүн эмес» деген мааниге келет. Ошондуктан жашоонун келип чыгышын кокустук менен түшүндүрүүгө аракет кылган эволюция теориясы башынан эле кыйроодо. Жашоо кокустан пайда болгон эмес, демек илим жашоонун кемчиликсиз жаратылганын апачык көрсөтүүдө. Алгачкы жандык эле эмес, жер бетиндеги бүт жандык түрлөрү өз-өзүнчө жаратылган. Фоссил калдыктары да муну тастыктап, бүт түрлөрдүн жер бетинде бир заматта жана өзүнө тиешелүү түзүлүштөрү менен пайда болгонун, эч кандай эволюция процессисиз жаратылганын көрсөтүүдө.

     

    Пландуу багытталган эксперименттер

    эволюция теориясына далил боло албайт

    Жашоонун келип чыгышы менен байланыштуу экспериметтер жөнүндө сөз болгондо, биринчи эле эске Миллер эксперименти келет. Эволюционист булактарда жашоонун келип чыгышын түшүндүргөн бир «далил» катары көрсөтүлөт. Бирок эксперименттин детальдары –чындыкты чагылтпаган шарттары- көбүнчө айтылбайт. Америкалык химик Стэнли Миллер (Stanley Miller) өзү түзгөн жана алгачкы дүйнө атмосферасы менен эч байланышы жок жасалма шарттарда экспериментин жасаган. Кыскача айтканда, Стэнли Миллердин амино-кислота синтези чындыкты чагылтпаган бир чөйрөнү негиз алып жасалгандыктан, илимий бир далил эмес.

    Мындан тышкары, Миллер бул экспериментте амино-кислота эле синтездей алган. Бирок кандайдыр бир жол менен амино-кислота пайда болушу эч качан жашоо (жандык) пайда болду деген мааниге келбейт. Амино-кислоталар дененин эң негизги материалы болгон протеиндердин курулуш материалдары. Жүздөгөн амино-кислота клетка ичинде белгилүү бир катар менен бириктирилип, протеиндер жасалат. Клеткалар болсо орточо бир канча миң түрдүү протеинден турат. Б.а. амино-кислоталар – бул жандыктардын эң жөнөкөй, эң кичине бөлүктөрү. Миллердин экспериментинин жараксыз экени кийин көп илимий эмгектерде да айтылган.214 (тереңирээк маалымат үчүн караңыз: Harun Yahya, Evrim Aldatmacası (Эволюция калпы), Araştırma Yayıncılık)

    Миллер эксперименти аркылуу эволюционисттер негизи эволюцияны өз колдору менен кыйратышкан. Себеби эксперимент амино-кислоталардын бүт шарттары атайын пландалган бир лабораторияда, аң-сезимдүү кийлигишүүлөр менен гана алынаарын далилдеген. Б.а. жашоону пайда кылган күч – аң-сезимсиз кокустуктар эмес, «жаратылуу».

    Эволюционисттердин бул ачык чындыкты кабыл албашы илимге толук карама-каршы келген бир катар стереотиптерде болушунан келип чыгат. Миллер экспериментин окуучусу Стэнли Миллер менен бирге уюштурган Гарольд Юри (Harold Urey) минтип моюнга алган:

    Жашоонун келип чыгышын изилдеген биз баарыбыз, муну канчалык изилдесек да, жашоо кандайдыр бир жерде эволюциялашкан болушу мүмкүн эмес комплекстүүлүктө деген жыйынтыкка барабыз. (Бирок) Баарыбыз бир ишеним катары, жашоонун бул планетанын бетиндеги өлүк заттан эволюциялашканына ишенебиз. Анткен менен, комплекстүүлүк ушунчалык улуу болгондуктан, кантип эволюциялашканын кыялдануу да биз үчүн кыйын.215

    Эволюционисттер жашоонун келип чыгышы жөнүндөгү көз-караштарына далил катары сунган ушул сыяктуу эксперименттердин эч бири чындыкты чагылтпайт. Мындан тышкары, негизги парадокс эволюционисттердин бир тараптан жашоонун келип чыгышын кокус аң-сезимсиз таасирлер менен түшүндүрүүгө аракет кылып жатып, экинчи жактан эксперименттерин абдан пландуу, аң-сезимдүү кийлигишүүлөр менен жасаганында турат. Ошондуктан лабораторияда алар жасаган чөйрөдө эч нерсе туш келди эмес.

    Тескерисинче, жашоонун келип чыгышын эволюционисттик түшүндүрүү үчүн жасалган бүт эксперименттер аң-сезимдүү, акылдуу жана илимдүү илимпоздор тарабынан, жогорку технологиялар менен жабдылган, атайын даярдалган лаборатория шарттарында жасалууда. Мынчалык контрольдуу бир чөйрөдө гендердин ар кандай атайын энзимдерди колдонуу менен ДНКдан үзүлүшү, бир-бири менен аралаштырылышы, андан соң кайра клетка ичине жайгаштырылышы, анан пайдалууларынын тандалышы сыяктуу баскычтардын кокус (туш келди) таасирлерди көрсөтпөшү анык. Ошондуктан эволюционисттердин жашоонун тамырында акыл, аң-сезим жана маалымат жок деген пикиринин жараксыз экени дагы бир жолу көрүнүүдө. Молекулярдык биолог Майкл Бихи Darwin's Black Box (Дарвиндин кара кутусу) аттуу китебинде бул жөнүндө мындай дейт:

    Бул жердеги чоң маселе мындай: өздөрү да бир «курулуш материалы» болгон ар нуклеотид ар кандай бөлүктөрдөн турат жана бул бөлүктөрдү түзгөн процесстер химиялык мааниде бир-бирине туура келбейт. Бир химик лабораториясында материалдарды өз-өзүнчө синтездеп, аларды тазалап жана андан соң бир-бири менен реакциялаштырып оңой гана нуклеотиддерди ала алат. Бирок башкарылбаган химиялык реакциялар сөзсүз түрдө тест пробиркасынын түбүндө кааланбаган продукттар жана формасыз башаламан заттар менен жыйынтыкталат.216

    Жасалган бүт эксперименттер негизи жашоонун пайда болушунун ар баскычында аң-сезимдүү бир кийлигишүү керек экенин далилдөөдө. Проф. Вернер Гитт эволюцияга далил катары сунулган Миллер эксперименттери жөнүндө мындай дейт:

    Мындай бир экспериментте эч качан бир протеин синтезделген эмес. Булар протеиндер эмес, протеиноиддер. Узун бир амино-кислота чынжыры жана туура оптикалык бурулушу (протеиндердин сол-колдуу болушун камсыз кылуу үчүн химияда колдонулган бир ыкма) бар чыныгы бир протеинди ала алышса да, бул эволюциянын башталышы боло алмак эмес. Кийинки баскычтарда ал протеин өзүн жаңылай алышы үчүн бул протеинге тиешелүү маалымат сактала алчу бир коддоо системасы да болушу керек. Бирок... бир коддоо системасы эч качан заттан пайда болбойт. Ушул себептен Миллер эксперименттери жашоонун келип чыгышын түшүндүрүүгө эч салым кошпойт.217

    Таанымал физик проф. Пол Дэвис болсо башынан эле, жасалган эксперименттердеги подходдун туура эмес экенине токтолгон:

    Жандуу клетканы эң жакшы супер бир компьютер катары элестетүүгө болот. Таң калыштуу комплекстүүлүктөгү бир маалымат иштетүү (процессор) жана копиялоо системасы. ДНК жеке жашоо берүүчү бир молекула эмес. ДНК – математикалык кодду колдонуп маалыматын өткөрүүчү бир генетикалык банк. Клетка менен байланыштуу эмгектердин көпчүлүгү эң жакшы компьютер жабдыгы сыяктуу материалдык нерселер менен эмес, жазылган программа сыяктуу маалымат менен сүрөттөлөт. Бир эксперимент пробиркасында химикаттарды аралаштырып жашоону пайда кылууга аракет кылуу баскычтар менен жана зымдарды жабыштыруу аркылуу Windows 98 программасын чыгарууга окшошот. Бул ийгиликке жетпейт, себеби маселе туура эмес тараптан колго алынууда.218

    Булардын баары көрсөткөндөй, клеткадагы бүт нерсе эң башынан баштап өз ордунда, эч кемчиликсиз жана толугу менен болушу зарыл. Кичинекей бир кемчилик же өзгөрүү клетканын өлүмүнө алып келет. Миллиарддаган жыл мындай турсун, триллион эсе триллиондогон жыл өтсө да, эволюция теориясы айткандай бир жасап көрүү-жаңылуу процессинин жандуу клетка пайда кылышы мүмкүн эмес. Аң-сезимсиз кокустуктардын, табият окуяларынын бир жолкуда клеткадагы «төмөндөтүүгө болбогон комплекстүүлүктөгү» түзүлүштөрдү жана системаларды пайда кылуу ыктымалдыгынын жок экени учурда илимий бир чындык. Бүт бул чындыктарды көрүп туруп, кокустуктарга кудайлыкты таңуулагандар бош алдануу ичинде. Аллах бул адамдардын батыл (жалган) ишенимин Куранда мындайча билдирүүдө:

     

    Асмандардын жана жердин мүлкү Ага тиешелүү; (Ал) балалуу болгон эмес. Ага мүлкүндө орток жок. Бүт нерсени жараткан, ага бир калып берген, белгилүү бир өлчөө менен жараткан. Аны койуп, эч нерсе жаратпаган, тескерисинче өздөрү жаратылган, өздөрүнө да зыян да, пайда да жеткире албаган, өлтүрүүгө, жашатууга жана кайрадан тирилтип-жайууга күчтөрү жетпеген бир топ кудайларды тутунуп алышты. (Фуркан Сүрөсү, 2-3)

     

    ДНКдагы комплекстүүлүк өзүнөн-өзү

    пайда болбойт

    Физиканын эң негизги мыйзамдарынын бири болгон «термодинамиканын экинчи мыйзамы» ааламда өз башынча, табигый шарттарга ташталган бүт системалардын убакыттын өтүшү менен тартипсиздик, башаламандык жана бузулууга бараарын айтат. Жандуу, жансыз бүт баары убакыттын өтүшү менен эскирип, бузулат, чирип, талкаланып, майдаланат. Бул эртеби-кечпи бүт нерсенин бараар аягы жана бул мыйзам боюнча бул процесс артка кайтпайт. Сидней университетинен биолог проф. Майкл Г. Питтман (Michael G. Pittman) бул жөнүндө мындай дейт:

    Убакыт ишке жарабайт. Жандуу бир системадан тышкары, био-молекулалар убакыттын өтүшү менен кыйрайт, өнүкпөйт. Көбүнчө бир канча күнгө гана чыдайт. Убакыт комплекстүү системаларды бузат. Узун бир «сөз» (протеин) же бир абзац кокустуктар натыйжасында пайда болсо да, убакыт муну жок кылат. Канчалык көп убакыт берсеңиз, бул бөлүктөрдүн ээн баш химиялык чөйрөдө кутулуу ыктымалы ансайын аз болот.219

    Эволюционисттер термодинамиканын 2-мыйзамы менен эволюцияны туура келтирүү максатында «ачык система» деп аталган, тынымсыз зат менен энергия кирип-чыгып турган системаларда белгилүү бир тартип пайда болоорун далилдөөгө аракет кылышууда. Бул жерде эки негизги түшүнүктү түшүнүү эволюционисттердин жаңылтуучу ыкмаларын көрүү үчүн маанилүү. Алар эки башка түшүнүктү –«тартиптүү» жана «уюшкан» түшүнүктөрүн- атайылап алмаштыруу аркылуу жаңылтышат.

    Мисалы, шамал чаң баскан бир бөлмөгө киргенде, мурда жерде чачылып, жайылып жаткан чаң катмары бөлмөнүн белгилүү бир бурчуна чогулушу мүмкүн. Бул дагы термодинамикалык мааниде мурдакысына салыштырмалуу тартиптүүрөөк болот, бирок чаңдар эч качан шамалдын энергиясы менен «өзүнөн-өзү уюшуп» бөлмөнүн төбөсүндө кемчиликсиз бир адам сүрөтүн пайда кыла алышпайт. Кыскасы, табигый процесстер менен эч качан комплекстүү жана уюшкан системалар пайда болбойт. Бирок кээ-кээде жогорудагы мисалдагы сыяктуу жөнөкөй тартипке келүүлөр болушу мүмкүн. Мындай тартипке келүүлөр да белгилүү бир чектен ары өтө албайт.

    Анткен менен эволюционисттер ушундай табигый процесстер менен өзүнөн-өзү пайда болгон тартипке салынуу (self-ordering) окуяларын эволюциянын абдан маанилүү бир далили катары сунушуп, буларды «өзүн уюштуруунун» (self-organization) мисалдары катары көрсөтүшүүдө. Мындай түшүнүк алмашышы (аралашышы) натыйжасында болсо жандуу системалар табигый окуялар менен химиялык реакциялар натыйжасында өзүнөн-өзү пайда болушу мүмкүн дешүүдө.

    Бирок, башында да айтып кеткендей, уюшкан системалар менен тартиптүү системалар бир-биринен толугу менен айырмалуу түшүнүктөр. Тартиптүү системалар жөнөкөй тизилүү, кайталануулар абалындагы формаларды камтыса, уюшкан системалар бир-бири менен тыгыз байланыштуу, абдан комплекстүү түзүлүш менен функцияларды камтыйт. Булардын пайда болушу үчүн сөзсүз аң-сезим, маалымат жана акылга муктаждык бар. Ортодогу мындай маанилүү айырманы эволюционист илимпоздордон Жеффри Виккен (Jeffrey Wicken) мындайча сүрөттөйт:

    «Уюшкан» системаларды «тартиптүү» системалардан кылдаттык менен айырмалоо керек. Эки системанын бирөөсү да «туш келди» эмес, бирок тартиптүү системалар жөнөкөй калыптардан тургандыктан, эч комплекстүүлүккө ээ эмес, ал эми уюшкан системалар болсо ар бөлүгү жогорку маалыматты камтыган тышкы булак тарабынан түзүлгөн бир планга ылайык чогулушат... Уюм (организация) ошол үчүн функционалдуу комплекстүүлүк жана маалыматка ээ.220

    Өзүнөн-өзү уюшуу сценарийлеринин туюктары ДНК молекуласынын түзүлүшү изилденгенде оңой гана көрүнөт. Биохимия жана молекулярдык биология тармагындагы изилдөөлөр ДНК, РНК сыяктуу көп маалымат камтыган макро-молекулалардын өзгөчө тизилишин түшүндүрө албоодо. Нью-Йорк университетинен химия профессору жана ДНК адиси Роберт Шапиро (Robert Shapiro) эволюционисттердин «заттын өзүн-өзү уюштурушу» жөнүндөгү ишенимин жана мунун түбүндөгү материалист догманы мындайча түшүндүрөт:

    Бизди жөнөкөй химикаттар бар бир аралашмадан алгачкы натыйжалуу репликаторго (ДНК же РНКга) алып бара турган бир эволюциялык принципке муктаждык бар. Бул принцип «химиялык эволюция» же «заттын өзүнөн-өзү уюшушу» (self-organization) деп аталат, бирок эч качан терең түшүндүрүлүп же бар экени көрсөтүлө алган эмес. Мындай бир принциптин бар экенине диалектикалык материализмге жабышуу үчүн ишенилет.221

    Эволюционисттер «өзүнөн-өзү уюшуу» түшүнүгү менен жактаган көз-караш – бул жансыз зат өзүн-өзү тартипке салып, уюштуруп, комплекстүү бир жандыкты пайда кыла алат деген ишеним. Бул толугу менен илимге каршы бир ишеним, себеби бүт байкоо менен эксперименттер заттын мындай жөндөмү жок экенин көрсөтүүдө. Андай болсо, эволюционисттер эмне үчүн дагы эле «заттын өзүн-өзү уюштурушу» сыяктуу илимий эмес сценарийлерге ишенишүүдө? Эмне үчүн жандуу системаларда апачык көрүлгөн жаратылуу далилдерин жокко чыгаруу үчүн мынчалык көгөрүшөт?

    Бул суроолордун жообу эволюция теориясынын түпкүрү болгон материалисттик философияда жашыруун. Материалисттик философия заттын гана бар экенин кабыл алат, ошондуктан жандыктарды да затка гана таянып түшүндүрүү керек болот. Эволюция теориясы ушул муктаждыктан келип чыккан жана канчалык илимге карама-каршы келсе да, ушул муктаждык үчүн гана жакталууда.

    Жандуулукту (жашоону) жаратылуу менен гана түшүндүрүүгө болот. Эволюционисттер Аллахтын бар экенин жокко чыгаруу үчүн ар түрдүү ыктымалсыздыкка ыктымал беришип, ар туюк жолду мажбурлашууда. Бирок чындыктардан канчалык качышпасын, дайыма алдыларынан Раббибиздин бар экендигинин далилдерин, жараткан нерселериндеги улуулукту жолуктурушат. Куранда чындыкты жокко чыгаргандардын (каапырлардын) абалы мындайча билдирилет:

     

    Каапырлар болсо; алардын амалдары түптүз бир талаадагы закымга окшойт; суусаган аны бир суу деп ойлойт. Аягында ага жеткенде эчтеке таба албайт жана жанында Аллахты табат. Анын эсебин толугу менен берет. Аллах эсепти абдан так тутуучу. (Нур Сүрөсү, 39)

     

    Нео-дарвинизм эволюция туюгуна

    бир чара боло албайт

    Нео-дарвинизм – бул Дарвиндин эволюция теориясын австралиялык биолог Грегор Мендельдин (Gregor Mendel) генетикалык тукум куучулук мыйзамдары менен бириктирип, илимий ачылыштарга ылайыкташтыруу менен сактап калуу аракети. Модерн синтез деп да аталган нео-дарвинизм негизи Дарвиндин сабатсыздыгын толугу менен көрсөтөт. Жандыктардын көп түрдүүлүгүн табигый тандалуу менен түшүндүрүүгө аракеттенген Дарвин жандыктардагы өзгөчөлүктөрдүн тукум куучу жолдор аркылуу кийинки урпактарга берилээрин билген эмес. Эволюция теориясынын бул жаңы версиясы бул сабатсыздыкты жашыруу аракетинин бир натыйжасы. Бирок нео-дарвинисттер теорияны канчалык жаңылаганга аракеттенишсе да, башынан чирик пайдубал үстүнө курулган бир теория болгондуктан, максаттарына жете алышкан жок.

    Нео-дарвинисттер да Дарвин сыяктуу, жандыктардагы ар түрдүүлүк өзүнөн-өзү пайда болгон жана кокустук дешкен.222 Бул туура эмес логиканын үстүнө кошумча катары мутацияларды, эволюционисттер атагандай кокус генетикалык өзгөрүүлөрдү, жандуулардын булагы катары көрсөтүштү. ДНКнын копияланышы учурунда келип чыккан каталар, ыктымалдуу эң кичине мутация болгондуктан, нео-дарвинисттер муну теориялары үчүн колдоно алабыз деп ойлошту.223 Бирок кичинекей бир копиялоо катасы да –бир даана нуклеотиддеги өзгөрүү- абдан маанилүү натыйжаларга себеп болууда.

    Нео-дарвинисттер кичинекей өзгөрүүлөр генетикалык маалыматтын алгач бир жагында, анан башка бир тарабында ишке ашат дешти.224 Биофизик др. Ли Спетнер (Lee Spetner) «нео-дарвинист теория эртеби-кечпи чоң өзгөрүүлөрдүн болоорун айтууда. Бул тыйындарды чогултуп, миллионер болуу сыяктуу бир нерсе.»225 сөздөрү менен теориянын чындыкка коошпостугуна басым жасаган.

    Франция илимдер академиясынын мүчөсү, Париж университетинен математик, биолог жана медицина доктору проф. Марсель-Поль Шютценберже (Marcel-Paul Schützenberger) нео-дарвинизмди математикалык далилдер менен кыйраткан бир илимпоз. Mathematical Challenges in the Neo-Darwinian Interpretation of Evolution (Эволюциянын нео-дарвинист жоромолун математикалык сындоо) аттуу китебинде мындай жыйынтыкка барат:

    Нео-дарвинизмдин эволюция теориясында олуттуу бир боштук экенине ишенебиз. Жана бул боштуктун учурдагы биология түшүнүгү менен толтурулгус бир табияттагы боштук экенине ишенебиз.226

    Нео-дарвинизм боюнча, кокус генетикалык мутациялар эволюция үчүн чийки затты пайда кылат. Бирок бүгүн көп идимпоздор кабыл алгандай, жандыктардагы комплекстүүлүк деңгээли нео-дарвинизм гипотеза жасагандай жасап көрүү-жаңылуу процесстери менен алына албайт. Др. Ли Спетнер «вариациялар кокус болсо да, генетикалык маалыматтын пайда болушун түшүндүрө албайт. Ыктымалдыктар дээрлик нөл... Гармониялуу улуу бир генетикалык тартипти кокустуктун натыйжасы деп айта албайсыз.»227 сөздөрү менен бул ыктымалсыздыкты айткан.

    Эволюция теориясынын жашоонун келип чыгышын түшүндүрүү үчүн айткан ар кандай «пикирлери» акылга жана илимге сыйбас пикирлер. Бул чындыкты кабыл алган, ачык сүйлөгөн авторитеттердин бири – бул Франция илимдер академиясынын мурдакы башчысы таанымал француз зоолог Пьер Грассе. Грассе да бир эволюционист, бирок дарвинист теориянын жашоону түшүндүрө албашын айтат жана дарвинизмдин негизин түзгөн «кокустук» логикасы жөнүндө мындай дейт:

    Кокус мутациялар жаныбар менен өсүмдүктөрдүн муктаждыктарын камсыздайт деп ишенүү чынында өтө кыйын. Бирок дарвинизм мындан да көбүн каалайт: бир даана өсүмдүк, бир даана жаныбар, миңдеген жана миңдеген дал талап кылынгандай абалда пайдалуу кокустуктарга кабылышы керек. Б.а. кереметтер катардагы бир эрежеге айланышы жана өтө төмөн ыктымалдыктагы окуялар оңой гана ишке ашышы зарыл. Кыялданууга тыюу салган бир мыйзам жок, бирок илим мындан оолак болушу керек.228

    Бүт булардан тышкары, эволюционисттер ДНКдагы маалыматтарды убакыттын өтүшү менен көбөйтөт жана ар түрдүүлүккө жол ачат деп ойлогон кокус мутациялар табияты жагынан дарвинисттердин туюгуна бир чара боло албайт. Эң биринчиден, мутациялар – бул жандык клеткасынын ядросундагы генетикалык маалыматты алып жүргөн ДНК молекуласында радиация же химиялык таасирлер натыйжасында пайда болгон үзүлүүлөр же орун которуулар, кыскасы зыяндуу таасирлер. Мутациялар ДНКны түзгөн нуклеотиддерди бузганы же ордун которгону үчүн, көбүнчө клетка оңдой алгыс масштабда бир катар жабыркоо жана өзгөрүүлөргө себеп болот. Мисалы, рентген нурлары адам денесине терең сүңгүп бир топ ДНК жабыркоосуна себеп болот. Бул болсо ДНКнын туура эмес копияланып башташына жол ачат. Бирок дене клеткасындагы туура эмес копиялоолор натыйжасында рак оорусу келип чыгат. Күн нурундагы мутагендик таасир тери рагына себеп болот же тамекидеги мутагендик таасир өпкө рагына себеп болот. Көбөйүү клеткасында 21-хромосоманын туура эмес копияланышы болсо балада Даун синдромуна (монголизм) себеп болот.

    Эволюция теориясы жер бетиндеги жашоонун келип чыгышын түшүндүрө алуу үчүн, бузуучу, кыйратуучу эмес, сөзсүз түрдө жаңы, пайдалуу бир өзгөчөлүк кошуучу бир механизм көрсөтүшү зарыл. Бирок бир жандык кантип жаңы бир өзгөчөлүккө ээ болгон деген суроо узатылганда, эволюционисттер берген жалгыз жооп – бул «мутация». Алардын сөзү боюнча, бүт жандыктар бир даана клетканын ДНКсына таасир берген туш келди мутациялар натыйжасында пайда болгон. Бирок мутациялар, эволюционисттер артына жашынгыдай, жандыктарды өнүктүрүп, кемчиликсиздикке алып барчу бир механизм эмес. Ошондуктан эволюционисттер өз көз-караштарына негиз туткан мутациялар эволюция теориясы муктаж болгондой, жаңы өзгөчөлүктөрдү чыгара турган нерселер эмес. Мутациялардын эволюция теориясына эмне үчүн эч салым кошпошуна жана кошо албашына үстүртөн гана токтолобуз: (терең маалымат үчүн караңыз: Harun Yahya, Hayatın Gerçek Kökeni (Жашоонун чыныгы тамыры), Araştırma Yayıncılık; Harun Yahya, Evrim Aldatmacası, Araştırma Yayıncılık)

     

    * Мутациялар зыяндуу:

    Мутациялар туш келди болгондуктан, дээрлик дайыма жандыкка зыян беришет. Комплекстүү бир түзүлүшкө жасалган кандайдыр бир аң-сезимсиз кийлигишүү ал түзүлүштү алга жылдырбайт, тескерисинче бузат. Эволюция механизми катары айтылган кокус пайдалуу мутациялардын жарактуу бир мисалы жок.229 Мутациялар себеп боло турган өзгөрүүлөр Хиросима, Нагасаки же Чернольдагы адамдар туш болгон өзгөрүүлөрдөй гана болушу мүмкүн: б.а. өлүмдөр, майыптыктар жана оорулар...

    Огайо университетинен проф. Уолтер Л. Старки (Walter L. Starkey) пайдалуу мутация пикирлеринин жараксыздыгын ачык айтууда:

    Сааттар бою бир рентген аппаратынын жанында туруу же бир ядролук объект ичинде күтүү акылдуулукпу? Же ядролук бир объект жарылган Россиядагы Чернобль сыяктуу бир жерге саякатка баруу туурабы? Бизди радиациядан коргогон озон катмарын бузууга активдүү аракет кылышыбыз керекпи? Эгер мындай радиация менен пайда болгон таасирлер эволюциялашыңызга же жаңы өзгөчөлүктөргө ээ болушуңузга себеп боло турган болсо, анда бул радиация булактары тарабынан мүмкүн болушунча көп бомбаланууга аракет кылышыңыз зарыл. Балким башыңыздын дал арт жагында жаңы бир көз пайда болушу мүмкүн. Бирок эгер чындап акылдуу болсоңуз, сизди өнүктүрбөй, (тескерисинче) зыян бергендиктен мындай радиациялардан качынасыз.230

    Адамдарда байкоо жасалган бүт мутациялар зыяндуу. Медицина китептеринде «мутация мисалы» катары айтылган монголизм, Даун синдрому, альбинизм, лилипуттук сыяктуу психикалык же дене бузуктуктарынын же рак сыяктуу оорулардын баары мутациялардын бузуучу таасирлерин көрсөтүүдө. Албетте, адамдарды майып же оорулуу кылган бир процесс «жандыктарды өнүктүрүүчү бир механизм» боло албайт. Себеби жандык ДНКсы абдан комплекстүү бир тартипке ээ. Бул молекулага болгон кандайдыр бир туш келди таасир организмге зыян гана берет. Проф. Старки мутациянын мындай зыяндуу таасирлери жөнүндө мындай дейт:

    Мутацияларга жол ачкан радиацияга кабылуу жаңы бир автомобильди 30-калибрлик бир мылтык менен атууга окшошот. Ошол сыяктуу мутациялардын сизге же кандайдыр бир жандыкка мындан башка бир нерсе кылышы көп мүмкүн эмес. ДНК копиялоо каталарынан келип чыккан мутациялардын натыйжасы да ушундай болот... Мутациялар, эң аз 10.000ден бир учурдан тышкары, бүтүндөй зыяндуу. Радиация же копиялоо каталары пайдалуу жаңы өзгөчөлүктөрдү бербейт.231

     

    * Мутациялар ДНКга жаңы маалымат кошпойт:

    Мутация натыйжасында генетикалык маалыматты түзгөн бөлүктөр өз ордунан үзүлүп бөлүнөт, бузулат же ДНКнын башка жерлерине барат. Бирок мутациялар эч качан ДНКга жаңы бир маалымат кошуп, жандыкка жаңы бир орган же жаңы бир өзгөчөлүк тартуу кылбайт. Бирок буттун желкеден, кулактын курсактан чыгышы сыяктуу анормалдуулуктарга себеп болот. Проф. Вернер Гитт «Мутациялар натыйжасында жаңы маалымат пайда болушу мүмкүнбү?» суроосуна мындайча жооп берет:

    Бул көз-караш эволюционисттик түшүндүрмөлөрдө негиз алынат, бирок мутациялар бар болгон маалыматтын өзгөрүшүнө гана себеп боло алышат. Бул маалыматта бир көбөйүү болбойт жана жалпысынан натыйжалар зыяндуу болот. Жаңы функциялар же жаңы органдар үчүн жаңы долбоорлор пайда боло албайт; мутациялар жаңы (жаратуучу) маалыматтын булагы боло алышпайт.232

    Проф. Филипп Жонсон болсо бул жөнүндө мындай дейт:

    Спетнер дарвинисттер айткан адаптациялык мутациялардын маалымат өндүрүүчү эмес экенин аларга айткан эле. Мисалы, бир мутация бактерияны антибиотикке карата чыдамкай кылганда, муну белгилүү бир химиялык заттын анын метаболизмасына кошулушуна тоскоол болуу аркылуу жасоодо. Бул жерде жалпысынан бир маалымат жана гармониянын жоголушу болууда... кээде чызылдаган бир радиону уруу радионун кыска циклин ачуу же чыгып кеткен бир кабелин кайра калыбына келтирүү аркылуу анын жөндөмүн оңдошу мүмкүн. Бирок, мындай өзгөрүүлөрдү чогултуп жакшыраак бир радио же телевизор жасай алам деп эч ким үмүт кылбайт.233

    Таанымал эволюционист Стивен Жей Гоулд мутация жөнүндөгү чындыктарды мындайча мойнуна алат:

    Бир мутация чоң жана жаңы бир чийки затты (ДНКны) пайда кылбайт. Түрлөрдү мутацияга туш кылып, жаңы бир түрдү ала албайсыз.234

    Мутациялардын эволюция теориясы муктаж болгон жаңы өзгөчөлүк кошуучу нерселер эмес экендигинин дагы бир далили бар. Жаңы өзгөчөлүктөрдүн же жаңы түрлөрдүн келип чыгышы үчүн жандыктын ДНКсына бир топ атом кошулушу керек.235 Адам ДНКсында E.Coli бактериясына тиешелүү ДНКдагы атомдордон 3.000 эсе көп -204 миллиарддай- атом бар.236 Ушул себептен, бир клеткалуу бир жандыктан адамга чейин бир өнүгүү болушу үчүн ДНКсына көмүртек, суутек, кычкылтек, азот жана фосфор сыяктуу 200 миллиард атомдон көбү кошулушу керек.237 Белгилүү болгондой, көмүртек менен азотту абадан, суутек менен кычкылтекти суудан, фосфорду болсо топурактан алууга болот. Бирок бул жерде ал атомдордун каерден табылаары эмес, турган жеринен чыгарылып ДНК молекуласынын ичинде дал керектүү жерге жайгаштырылышы негизги маселе. Атомдордун мурдакы бөлүмдөрдө баяндалган кереметтүү бир комплекстүүлүккө ээ шекер топторун, фосфат топторун жана азот базаларын камтый турган абалда жөнгө салынышы жана ДНК молекуласы катары кызмат кылышы үчүн жуп спираль абалындагы тепкичте туура жерге жайгаштырылышы керек.238

    Проф. Филипп Жонсон энциклопедия жана компьютер процессорлорундагы сыяктуу, ДНКда да абдан кылдат бир тартипке муктаждык бар экенин; генетикалык маалыматты чыгаруучу бир механизмдин болушу керек экенин айтат. Кокус мутациялардын ДНКдагы маалыматка жана тартипке кандайча терс таасир берээрине мындайча токтолот:

    ... Туш келди мутация мындай бир механизм эмес, табигый тазалануу жана физика же химия мыйзамдары да ушундай. Мыйзамдар жөнөкөй кайталанган моделдерди чыгарат, кокустук болсо маанисиз тартипти пайда кылат. Мыйзам менен кокустук бириккенде, маанилүү бир тизилүүгө тоскоол болуу үчүн экөө бир-бирине карама-каршы иштейт. Бүт адамзат тажрыйбалары ичинен мээ фактору гана бир энциклопедия же компьютер программасын жаза алат же комплекстүү, өзгөчө жана мезгилдик болбогон маалыматты жарата алат. Ушул себептен, организмдерде мажбурлуу түрдө болгон маалымат алардын жаратылуунун натыйжалары экенине (жаратылганына) ишарат кылат.239

     

    * Мутациялар тартипсиз:

    Мутациялар мурдатан бар болгон түзүлүштү өзгөртүшөт, бирок муну бүтүндөй тартипсиз абалда жасашат. Мутациялардын бир-бирин толуктоочу бир касиети жок же бир максатты көздөй жыйналуучу бир таасирлери да болбойт. Мутациялардын тартипсиз таасир берээри жөнүндө Франция илимдер академиясынын мурдакы башчысы Пьер Поль Грассе мындай дейт:

    Бир жандыктын денесинде абдан кичинекей болсо да бир тартипсиздик пайда болгондо, бул өлүмгө алып келет. Жашоо кубулушу менен анархия (тартипсиздик) арасында эч кандай «бирге болуу» ыктымалдыгы жок.240

     

    * Бир мутация кийинки урпактарга таасир бериши үчүн

    сөзсүз көбөйүү клеткасында болушу зарыл:

    Дененин кандайдыр бир клеткасында же органында пайда болгон өзгөрүү кийинки урпакка берилбейт. Мисалы, бир адамдын кулагы же колу радиация же башка таасирлер менен мутацияга туш болуп, баштапкы абалынан башка көрүнүшкө келип калышы ыктымал. Бирок бул өзгөрүүлөр көбөйүү клеткасындагы ДНК молекуласында болмоюнча, кийинки урпактарга өтпөйт. Кийинки урпакка таасир бериши үчүн мутациянын триллиондогон клетка арасынан көбөйүү клеткасында гана болуу шарты эволюционисттердин божомолдорун андан да ыктымалсыз кылат.

     

    * Мутациялар сейрек болот:

    Мутациялар сейрек гана болот. Бир клетканын ДНКсы копияланып жатканда бир жактан энзимдер оңдоо ишин жасашат. Ушул себептен, мурдакы бөлүмдөрдө терең каралгандай, копиялоо учурунда абдан сейрек ката кетет. Мутацияларга жасалган божомолдор болсо миллиондон бир жандыктын гана мутацияга кабылаарын көрсөтүүдө.241 Молекулярдык биолог проф. Жеральд Л. Шредер мутацияларга таянган ойдон чыгарылган эволюция пикирлерин мындайча сындайт:

    ... Молекулярдык биологиядагы өнүгүүлөр жашоо механизминин ар баскычында көрүлгөн кереметтүү бир комплекстүүлүктү көз алдыга тартты, бул жердеги комплекстүүлүк деңгээли ушунчалык жогору болгондуктан, эгер мунун баскыч баскыч жасалышы үчүн туш келди мутацияларга ишенгенибизде, Нобель сыйлыгын алган Де Дюв айткандай, «түбөлүктүүлүк да бул үчүн жетиштүү болмок эмес.»242

    Мына ушул себептен, Грассе айткандай, «мутациялар канчалык көп санда болсо да, кандайдыр бир эволюция пайда кылышпайт.»243

     

    * Мутациялар бир «түрдүн өзгөрүшүнө» алып келбейт:

    Мунун эң ачык далилдеринин бири болсо көп жылдар бою мөмө чымындарына жасалган эксперименттер. Радиацияга кабылган мөмө чымындарынын көптөгөн мутанты пайда болгон: ашыкча канат чыккан мөмө чымындары, канатсыз мөмө чымындары, абдан чоң канаттуу мөмө чымындары, абдан кичине канаттуу мөмө чымындары сыяктуу... Көпчүлүгү майып болуп, кээ бирлери өлсө да, түпкүрүндө булардын баары мөмө чымыны бойдон калган. Жаңы бир түргө айланышкан эмес.

    Гендердин тизилишинде пайда болгон кичинекей бир орун которуу же азайуу оңой гана өлүмгө алып келиши мүмкүн. Мынчалык назик бир тизмектин бүтүндөй кокустуктарга таянган мутациялар аркылуу жандыктын генетикалык маалыматына кошумча жасап, аны башка түрлөргө эволюциялашы мүмкүн эмес. Эволюционисттер, теорияларын далилдөө үчүн, лабораторияларда мутацияга туш кылган бүт жаныбар эмбриондору майып же өлүк туулууда.

    Булардын баары эволюционисттер айткандай жандыктардын тамырында кокус мутациялардын орду жок экенин көрсөтүүдө. Болгондо да, азыркы кылымдын өнүккөн технологиясы менен жана жөндөмдүү илимпоздордун көп аракеттери менен да, жаңы бир түрдү чыгаруу мүмкүн болбой жатат. Көрүнүп тургандай, мутациялар эч качан жандыктардагы ар түрдүүлүктүн себеби боло алышпайт. ДНКдагы кемчиликсиз тизилүү өзгөчө бир жаратуунун гана натыйжасы. Бул жаратуу улуу күч-кудурет ээси Аллахка тиешелүү. Аллахтын кемчиликсиз жаратышы Куранда мындайча кабар берилет:

     

    Аллах силерге жерди үй, асманды там кылды; силерге келбет берди, келбетиңерди эң сулуу (бир назиктикте) кылды жана силерге сонун-таза нерселерден ырыскы берди. Мына силердин Раббиңер – Аллах ушул. Ааламдардын Рабби Аллах кандай Улуу. Ал – Хайй (тирүү) туруучу. Андан башка кудай жок; демек бир гана Ага ыклас кылып, Ага дуба кылгыла. Ааламдардын Раббисине мактоолор болсун. (Момун Сүрөсү, 64-65)

     

    Жансыз заттардын өзүнөн-өзү чогулуп ДНКдай кереметтүү системаларга ээ жандыктарды пайда кылганын айткан эволюция теориясы – илим менен акылга бүтүндөй карама-каршы болгон бир кыялдар. Булардын баары бизди апачык бир жыйынтыкка алып барат. Жашоонун бир планы (ДНК) бар жана бүт жандыктар ушул планга жараша жасалат, демек, бул планды жараткан жогорку бир Жаратуучу бар экени анык. Б.а. бүт жандыктар чексиз бир күч жана акыл ээси Аллахтын жаратышы менен бар болушкан. Аллах Куранда бул чындыкты мындайча билдирет:

     

    Ал – Аллах, Ал – жаратуучу, кемчиликсиз бар кылуучу, «калып жана келбет» берүүчү. Эң сонун ысымдар Аныкы. Асмандарда жана жердегилердин баары Аны тасбих кылууда. Ал – Азиз, Хаким. (Хашр Сүрөсү, 24)

     

    Клеткага жашоо берген – бул Улуу Аллах

    Бул жерге чейин айтылган бүт ыктымалсыздык менен логикасыздыктарды бир заматка унуталы жана алгачкы дүйнө шарттарындай эң ылайыксыз чөйрөдө бир протеин молекуласы кокустан пайда болду деп кабыл алалы.

    Бир даана протеиндин пайда болушу да жетпейт, бул протеин мындай ээнбаш чөйрөдө эч жабыркабастан, өзү сыяктуу кокустан пайда боло турган башка протеиндерди күтүшү керек болмок... Клетканы түзө турган миллиондогон ылайыктуу жана керектүү протеин баары «кокустан» бир жерде катары менен пайда болгонго чейин. Мурда пайда болгондор ал чөйрөдө ультра-кырмызы нурларына, күчтүү механикалык таасирлерге карабастан, эч бузулууга дуушар болбостон, сабырдуулук менен жанында башкаларынын пайда болушун күтүшү керек эле. Анан жетиштүү санда жана бир жерде пайда болгон бул протеиндер маанилүү формаларда чогулушуп клетканын органеллдерин түзүшү зарыл эле. Араларына эч бир жат зат, зыяндуу молекула, ишке жарабас протеин чынжыры аралашпашы керек эле. Анан бул органеллдер абдан пландуу, тартиптүү, гармониялуу жана бир-бири менен байланышта болгон абалда чогулуп, бүт керектүү энзимдерди да кошуп алышып, бир кабыкча менен тосуп алынышса, бул кабыкчанын ичи буларга идеалдуу чөйрөнү камсыз кыла турган атайын бир суюктук менен толсо, бүт бул «ыктымалсыздан да аркы» окуялар ишке ашса да, бул молекула жыйындысына жан кирмек беле?

    Жооп – «жок»! Себеби изилдөөлөр көрсөткөндөй, жашоо башталышы үчүн жандыктардагы керектүү заттардын чогулушу гана жетиштүү эмес. Жашоо үчүн керектүү бүт протеиндерди топтоп, бир эксперимент пробиркасына салсак, баары бир жандуу бир клетка ала албайбыз. Бул багытта жасалган бүт эксперименттер ийгиликсиз болгон. Бүт эксперимент менен байкоолор болсо жашоонун жашоодон гана келээрин көрсөткөн. Жашоо жансыз заттардан кокустуктар натыйжасында чыккан деген көз-караш – эволюционисттердин кыялдарынан гана орун алган, бүт байкоо жана эксперименттерге карама-каршы бир жомок.

    Кардифф университетинен Практикалык математика жана астрономия профессору Чандра Викрамасингх (Chandra Wickramasinghe) жашоонун кокустан пайда болгонуна он жылдар бою ишендирилген бир илимпоз катары көргөн бул чындыгын мындайча баяндайт:

    Бир илимпоз катары билим алган бүт жылдарым бою илим кандайдыр бир аң-сезимдүү жаратылуу түшүнүгүнө туура келбейт деген пикирлер менен абдан күчтүү мээм жуулду. Бул түшүнүккө болушунча каршы чыгуу керек эле... Бирок азыр Аллахка ишенүүнү талап кылган түшүндүрмөгө карата айта турган эч бир акылдуу аргумент таба албайм... Биз дайыма ачык бир мээ менен ойлонууга көнгөнбүз жана эми жашоону түшүндүрүүнүн жалгыз логикалуу жообу «жаратылуу» деген жыйынтыкка баруудабыз, кокус башаламандыктар эмес.244

    Демек, жер бетиндеги алгачкы жашоонун да бир Жашоодон гана келген болушу зарыл. Мына ушул «Хайй» (Жашоо Ээси) болгон Аллахтын жаратышы. Жашоо Анын каалоосу менен гана башталат, уланат жана аяктайт. Эволюция болсо жашоонун кантип башталганын түшүндүрүү мындай турсун, жашоо үчүн керектүү материалдын кантип пайда болгонун жана кантип чогулганын да түшүндүрө албайт. Куранда Раббибиз мындайча билдирүүдө:

     

    Жаратуучу эч жаратпаган сыяктуубу? Эми кеңеш алып, ойлонбойсуңарбы? Эгер Аллахтын нематтарын санайбыз десеңер, аларды топтоштуруу менен да санап бүтүрө албайсыңар. Чындыгында Аллах – кечиримдүү, коргоочу. Аллах жашырганыңарды жана ачыкка чыгарганыңарды билет. Аллахтан башка жалынгандары эч нерсени жарата алышпайт, ал тургай алар жаратылып турушат. (Нахл Сүрөсү, 17-20)

     

    174. Pierre-Paul de Grasse, Evolution of Living Organisms, 1977, s. 8.

    175. L. R. Croft, How Life Began, Evangelical Press, İngiltere, 1988, s. 34.
    176. Leslie E. Orgel, “Darwinism at the Very Beginning of Life”, New Scientist, cilt 94, 15 Nisan 1982, s. 151.
    177. Gerald L. Schroeder, Tanrı'nın Saklı Yüzü, çev. Ahmet Ergenç, Gelenek Yayınları, İstanbul, 2003, s. 189.
    178. Jon Cohen, "Getting All turned Around Over the Origins of Life on Earth", Science, cilt 267, 3 Mart 1995, s. 1265.
    179. Klaus Dose, "The Origin of Life: More Questions Than Answers”, InterDisciplinary Science Reviews, cilt 13, no. 4, 1988, s. 348.
    180. John Maddox, "The Genesis Code by Numbers", Nature, cilt 367, 13 Ocak 1994, s. 111.
    181. Wendell R. Bird, The Origin of Species Revisited, Nashville, Thomas Nelson Co., 1991, s. 302.
    182. Frank B. Salisbury, "Doubts About The Modern Synthetic Theory of Evolution",American Biology Teacher, cilt 33, Eylül 1971, s. 336.
    183. I. L. Cohen, Darwin was Wrong, 1984, s. 205.
    184. Paul Auger, De La Physique Théorique à la Biologie, 1970, s. 118.
    185. John W. Oller, “A Theory In Crisis”, Institute for Creation Research, Impact no: 180, Temmuz 1988.
    186. Michael Denton, Evolution: A Theory in Crisis, Adler&Adler, Publishers, Inc., ABD, 1986 s. 351.
    187. William A. Dembski, James M. Kushiner, Signs of Intelligence, Brazoss Press, ABD, 2001, s. 109.
    188. Michael J. Denton, Nature's Destiny, Free Press, New York, 1998, s. 293.
    189. Werner Gitt, In the Beginning was Information, 3. baskı, Almanya, 2001, s. 106.
    190. Douglas R. Hofstadter, Gödel, Escher, Bach: An Eternal Golden Braid, Vintage Books, New York, 1980, s. 548.
    191. Francisco J. Ayala, Theodosius Dobzhansky, The Philosophy of Biology: Reduction and Related Problems, University of California Press, Berkeley, CA, 1974, ss. 259-284.
    192. Green, David E., Robert F. Goldberger, Molecular Insights into the Living Process, Academic Press, New York, 1967, s. 403.
    193. Frank B. Salisbury, "Doubts about the Modern Synthetic Theory of Evolution,"American Biology Teacher, cilt 73, Eylül 1971, s. 336.
    194. John Horgan, "In the Beginning", Scientific American, cilt 264, Şubat 1991, s. 119.
    195. Michael J. Denton, Nature's Destiny, Free Press, New York, 1998, s. 293.
    196. Andrew Scott, "Update on Genesis", New Scientist, cilt 106, 2 Mayıs 1985, ss. 31, 32.
    197. Homer Jacobson, "Information, Reproduction and the Origin of Life", American Scientist, Ocak 1955, s. 125.
    198. Ali Demirsoy, Kaltm ve Evrim, Meteksan Yaynlar, Ankara, 1984, s. 39.
    199. Leslie E. Orgel, "The Origin of Life on Earth", Scientific American, cilt 271, Ekim 1994, s. 78.
    200. Caryl P. Haskins, "Advances and Challenges in Science in 1970", American Scientist, cilt 59, Mayıs-Haziran 1971, s. 305.
    201. http://ibiblio.org/gutenberg/etext00/2llcd10.txt; [Charles Darwin to J.D. Hooker, Down, 29 Mart 1863]
    202. Leslie E. Orgel, "The Origin of Life on Earth", Scientific American, cilt 271, Ekim 1994, s. 78.
    203. Alexander G. Cairns-Smith, "The First Organisms", Scientific American, Haziran 1985, cilt 252, s. 90.
    204. Reinhard Junker, Siegfried Scherer, Entstehung und Geschichte Der Lebewesen, Weyel Verlag, 1986, s. 89.
    205. Duane T. Gish, Creation Scientists Answer Their Critics, Institute for Creation Research, ABD, 1993, s. 262.
    206. Duane T. Gish, Creation Scientists Answer Their Critics, Institute for Creation Research, ABD, 1993, s. 270.
    207. Charles B. Thaxton, Walter L. Bradley, Roger L. Olsen, The Mystery of Life's Origin, Reassessing Current Theories, Lewis and Stanley, Teksas, 2. baskı, 1992, s. 57.
    208. Duane T. Gish, Creation Scientists Answer Their Critics, Institute for Creation Research, 1993, USA, s. 270.
    209. Charles B. Thaxton, Walter L. Bradley, Roger L. Olsen, The Mystery of Life's Origin, Reassessing Current Theories, Lewis and Stanley, Teksas, 2. baskı, 1992, s. 103.
    210. Duane T. Gish, Creation Scientists Answer Their Critics, Institute for Creation Research, ABD, 1993, s. 275.
    211. Nicholas Wade, "Life's Origins Get Murkier and Messier; Genetic Analysis Yields Intimations of a Primordial Commune", New York Times, 13 Haziran 2000.
    212. Michael J. Behe, Darwin's Black Box: The Biochemical Challenge to Evolution, The Free Press, New York, 1996, ss. 172-173.
    213. Werner Gitt, In the Beginning was Information, 3. baskı, Almanya, 2001.
    214. Peter Radetsky, "The Crucible of Life", Earth, Şubat 1998, ss. 34-41.
    215. W. R. Bird, The Origin of Species Revisited, Thomas Nelson Co., Nashville, 1991, s. 325.
    216. Michael J. Behe, Darwin's Black Box: The Biochemical Challenge to Evolution, The Free Press, New York, 1996, s. 171.
    217. Werner Gitt, In the Beginning was Information, 3. baskı, Almanya, 2001, ss. 126-127.
    218. Paul Davies, "How We Could Create Life", Guardian, 11 Aralık 2002; http://www.guardian.co.uk/comment/story/0,3604,857635,00.html
    219. Michael Pitman, Adam and Evolution, 1984, s. 233.
    220. Jeffrey S. Wicken, "The Generation of Complexity in Evolution: A Thermodynamic and Information-Theoretical Discussion", Journal of Theoretical Biology, Nisan 1979, cilt 77, s. 349.
    221. Robert Shapiro, Origins: A Sceptics Guide to the Creation of Life on Earth, Summit Books, New York, 1986. s. 207.
    222. Lee M. Spetner, Not By Chance, Shattering The Modern Theory of Evolution, The Judaica Press Inc., 1997, s. 50.
    223. Lee M. Spetner, Not By Chance, Shattering The Modern Theory of Evolution, The Judaica Press Inc., 1997, s. 60.
    224. Lee M. Spetner, Not By Chance, Shattering The Modern Theory of Evolution, The Judaica Press Inc., 1997, s. 60.
    225. Lee M. Spetner, Not By Chance, Shattering The Modern Theory of Evolution, The Judaica Press Inc., 1997, s. 57.
    226. M. P. Schutzenberger, Mathematical Challenges in the Neo-Darwinian Interpretation of Evolution, 1967, ss. 73-75.
    227. Lee Spetner, Not By Chance, Shattering the Modern Theory of Evolution, The Judaica Press Inc., 1997, s. 180.
    228. Pierre-P Grassé, Evolution of Living Organisms, Academic Press, New York, 1977, s. 103.
    229. Walter L. Starkey, The Cambrian Explosion, WLS Publishing, Ohio, 1999, s. 157.
    230. Walter L. Starkey, The Cambrian Explosion, WLS Publishing, Ohio, 1999, s. 158.
    231. Walter L. Starkey, The Cambrian Explosion, WLS Publishing, Ohio, 1999, s. 158.
    232. Werner Gitt, In the Beginning was Information, 3. baskı, Almanya, 2001, s. 127.
    233. Phillip E. Johnson, Evrim Duruşması, Gelenek Yayınevi, s. 28
    234. Stephen Jay Gould, "Is a New and General Theory of Evolution Emerging?", Lecture at Hobart & William Smith Colleges, 4 Şubat 1980.
    235. Walter L. Starkey, The Cambrian Explosion, WLS Publishing, Ohio, 1999, s. 159.
    236. Walter L. Starkey, The Cambrian Explosion, WLS Publishing, Ohio, 1999, s. 159.
    237. Walter L. Starkey, The Cambrian Explosion, WLS Publishing, Ohio, 1999, s. 159.
    238. Walter L. Starkey, The Cambrian Explosion, WLS Publishing, Ohio, 1999, 1999, s. 159.
    239. Phillip E. Johnson, Evrim Duruşması, Gelenek Yayınevi, s. 105.
    240. Pierre-Paul Grassé, Evolution of Living Organisms, Academic Press, New York, 1977, s. 97.
    241. Walter L. Starkey, The Cambrian Explosion, WLS Publishing, Ohio, 1999, s. 157.
    242. Gerald L. Schroeder, Tanrının Saklı Yüzü, Gelenek Yayınları, çev: Ahmet Ergenç, İstanbul, 2003, s. 105.
    243. Pierre-Paul Grassé, Evolution of Living Organisms, Academic Press, New York, 1977, s. 88.
    244. Chandra Wickramasinghe, Interview in London Daily Express, 14 Ağustos 1981.

    Харун Яхьянын "Дарвин ДНКны билгенде" китебинен алынды

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *

    Похожие новости