0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Научные статьи

    Кыргыздардын эркин өлкөсү. Конституциялык долбоор

    Кыргыздардын эркин өлкөсү. Конституциялык  долбоор
    15 05 2015 12:35

    КЫРГЫЗДАРДЫН  ЭРКИН   ӨЛКӨСҮ

    КОНСТИТУЦИЯЛЫК  ДОЛБООР

    Нарынбаев Бакыт Асанбекович

    Кыргыз Телеком ꜠  Ачык Акционердик Коомунун

    күзөт кызматынын, катардагы күзөтчүсү.

     

    Биз, Кыргыз эли, эски олчойгон оор, олдоксон бюрократиялык, паракорлук, ичинен ирип-чириген, кыргыз элин жакырланткан, ошол эле убакта бир ууч мамлекеттик төбөлдөр жалпы кыргыз элине таандык мамлекеттик байлыкты өзүлөрүнүн гана бай болуу булагына айландырышкан жана Кыргыздардын Эркин өлкөсүнүн үстүнөн жеке бир гана адамдын үстөмдүгүн орноткон, феодалдык жапайы жырткыч коомду түп тамырынан бери жок кылып жана ошондой эле коомдо, уюшкан кандайдыр бир топ адамдардын, же болбосо кандайдыр бир партиялардын жана уюмдардын үстөмдүгүнүн орношуна каршы болуп, ордуна;

    - Кыргыз элинин жашоо-турмушунун жакшырышын көздөгөн;

    - Кыргыз мамлекетинин өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн;

    - адам укуктары менен эркиндиктерин чын ниети менен коргогон;

    - чындык менен калыстык жана теъдик үчүн сөз жана кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө чындап күрөшкөн жана өлкөдө таза элдик бийлик ээлик кылган Кыргыздардын Эркин Өлкөсүн түзүү максатында ушул  Конституцияны кабыл алабыз.

                                                                                     

    БИРИНЧИ БАШ СӨЗ

    КЫРГЫЗДАРДЫН ЭРКИН ӨЛКӨСҮ

    БИРИНЧИ БӨЛҮМ

     ЖАЛПЫ  НЕГИЗДЕР

    1-берене

    1.Кыргыздардын эркин өлкөсү – эгемендүү, унитардык, динден тышкары, социалдык жана демократиялык баалуулуктарды сактаган мамлекет.

    2.Кыргыз өлкөсүнүн эгемендиги чектелбейт жана анын бүтүндөй аймагын камтыйт.

    3.Кыргыз эли  - Кыргыздардын Эркин өлкөсүнүн эгемендигинин, мамлекеттүүлүгүнүн жана мамлекеттик бийликтин бирден – бир ээси.

    4.Кыргыз эли өз бийлигин түздөн-түз, ошондой эле мамлекеттик уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдарынын тутуму аркылуу Кыргыздардын Эркин Өлкөсүнүн ушул Конституциясынын жана мыйзамдарынын негизинде жүргүзөт.

    5.Кыргыз Өлкөсүнүн  мамлекеттик маанидеги  маанилүү мамилелер жалпы элдик добуш берүүгө (реферундумга) коюулушу мүмкүн. Реферундум өткөрүүнүн тартиби Конституциялык мыйзам менен аныкталат.

    6.Кыргыз Өлкөсүнүн жарандары жергиликтүү - курултайлардын мүчөлөрүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдарынын өкмөт башчыларын (өкүмдөрүн), жергиликтүү сотторду, прокурорлорду жана Кыргыз Элдик Курултайдын мүчөлөрүн, Кыргыз Өлкөсүнүн мыйзам чыгаруу Кеъешин, Кыргыз Өкмөтүнүн башчысын (премьер-министрди) Кыргыз Өлкөсүнүн Жогорку Сотун жана Башкы прокурорун шайлашат. Шайлоо эркин болуп саналат жана жашыруун добуш берүү менен теъ жалпы жана түз шайлоо укугунун негизинде өткөрүлөт. Кыргыз Өлкөсүнүн 18 жашка толгон жарандары шайлоого укуктуу.

    2 - берене

    1.Мамлекет жана анын уюмдары коомдун кандайдыр бир бөлүгүнө эмес бүткүл коомго кызмат кылат.

    2.Элдин кандайдыр бир бөлүгү, бирикмеси же болбосо жеке адам жалпы элдин бийлигин ээлеп алууга укуксуз. Жалпы элдик бийликти тартып алуу, бул өтө оор кылмыш болуп эсептелинет.

    3 – берене

    1.Кыргыздардын Эркин Өлкөсүнүн  чек ара алкагындагы бүткүл аймагы колтийгис жана бөлүнгүс.

    2.Мамлекеттик башкарууну жана жергиликтүү өз алдынча  башкарууну уюштурууу максатында Кыргыз Өлкөсүнүн аймагы мыйзам менен аныктала турган администрациялык – аймактык бирдиктерге бөлүнөт.

    4 – берене        

    1.Кыргыз Өлкөсүндө  менчиктин жеке, мамлекеттик, айылдык, шаардык (мунипициалдык) жана башка түрлөрү таанылат жана корголот.

    Кыргыз Өлкөсү менчиктин ар кандай түрлөрүнүн болушуна жана алардын бирдей негизде укуктук жактан корголушуна кепил болот.         

    2.Жер жана анын кен-байлыктары, аба мейкиндиги,суулары,токойлору, өсүмдүктөрү, жаныбарлар дүйнөсү жана башка жаратылыш ресурстары Кыргыз Элинин менчиги болуп саналат, алар Кыргыздардын Эркин Өлкөсүнүн элинин жашоо-тиричилигинин жана иштешинин негизи катары пайдаланылат жана мамлекеттин өзгөчө кароосунда болот.

    3.Жер  менчиктин жеке, муниципалдык жана башка түрлөрдө болот.

    Жер ээлеринин  өз укуктарын жана аны коргоо кепилдиктерин ишке ашыруу чектери жана тартиби мыйзам менен аныкталат.        

    4.Кыргыз Өлкөсү өз жарандарынын жана юридикалык жактарынын мүлккө болгон менчик укугун, ошондой эле алардын башка мамлекеттердин аймагындагы мүлкүн жана өз менчигин коргойт.

    5 – берене

    1.Кыргыздардын Эркин Өлкөсүнүн мамлекеттик тили – кыргыз тили     2.Кыргыздардын Эркин Өлкөсү, Кыргыз Өлкөсүнүн элин түзгөн баардык улуттардын  өкүлдөрүнө эне тилин сактап калуу, аны үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугуна кепилдик берет.

    3.Кыргыз Өлкөсүнүн ар бир жараны мамлекеттик тилди билүүсү тийиш.

    6 – берене

    1.Кыргыздардын Эркин Өлкөсү мамлекеттик символдорго – Тууга, Гербге, Гимнге  ээ.

    Алардын сыпаттамасы жана расмий пайдалануу тартиби мыйзам менен белгиленет.

    2.Кыргыз Өлкөсүнүн борбору – Бишкек  шаары.

    3.Кыргыз Өлкөсүнүн акча бирдиги – сом.

     

    ЭКИНЧИ БӨЛҮМ

    МАМЛЕКЕТТИН  ТҮЗҮЛҮШҮ  ЖАНА  АНЫН  ИШИ

    7 – берене

    Кыргыз Өлкөсүндө Элдик бийликтин ишин  алып баруучулар болуп жалпы эл тарабынан шайланган элдин кызматчылары:

    -              ири жана чакан шаардык,айылдык, шаар-аймактык курултайлар;

    -              ири жана чакан шаардык айылдык,шаар-аймактык өкмөттөр;

    -              шаар – аймактык,айылдык, чакан шаардык соттор жана прокурорлор;

    -              Кыргыз Элдик Курултай;

    -              Кыргыз Өлкөсүнүн мыйзам чыгаруу Кеъеши;

    -              Кыргыз Өлкөсүнүн Өкмөтүнүн башчысы;                                                                     

    -              Кыргыз Өлкөсүнүн Жогорку Соту;

    -              Кыргыз Өлкөсүнүн Башкы Прокурору эсептелинет.

    2.Элдик бийликтин ишин алып баруучулар – мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бутактарына бөлүштүрүүнүн, алардын макулдашып иш аткарышын жана биргелешип аракеттенишинин;

    - мамлекеттик уюмдардын эл алдындагы жоопкерчилигинин жана алардын өз ыйгарым укуктарын элдин таламында жүзөгө ашырылышынын;

    - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жалпы мамлекетти башкаруунун       

     так бөлүштүрүүнүн негиздерине таянат.

    8 – берене

    1.Кыргыздардын Эркин Өлкөсүндө өз үнүн эркин ачык билдирүүнүн жана жалпы кызыкчылыктардын негизинде саясий партиялар, кесиптик бирликтер жана башка коомдук бирикмелер түзүлөт.Мамлекет коомдук бирикмелердин укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын сактоону камсыз кылат.

     

    2.Саясий партиялар мамлекеттик иштерге:    

    - Кыргыз Өлкөсүнүн жергиликтүү  курултайларына;

    - өкмөт башчылыгына;

    - соттугуна;

    - прокурорлугуна;

    - Кыргыз Элдик Курултайына;

    - Кыргыз Өкмөт башчылыгына;

    - Мыйзам чыгаруу кеъешине;

    - Жогорку Соттугуна;

    - Башкы прокурорлугуна;

    - Улуттук банктын төрагалыгына;

    - шайлоо жана референдум боюнча комиссиянын төрагалыгына;

    - Акыйкатчылыгына шайлануу үчүн өз талапкерлерин көрсөтүү жаатында катыша алат.

    3.Дин жана бүткүл диний расымдар мамлекеттен ажыратылган.

    4.Кыргыз Өлкөсүндө:

    - мамлекеттик жана партиялык институттарды бириктирүүгө, ошондой эле мамлекет иштерин партиялык программаларга жана чечимдерге баш ийдирүүгө;

    - мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда партиялык уюмдарды түзүүгө                   

    жана алардын иштешине тыюу салынат.Мамлекеттик кызматчылар партиялык

    ишти өзүнүн кызмат ишине байланыштырбай жүргүүзүгө милдеттүү;

    - аскер, ички иштер, улуттук коопсуздук, юстиция, прокуратура жана сот уюмдарынын кызматкерлеринин партияга мүчө болушуна, кандайдыр бир саясий партияны колдоп чыгышына;

    - диний негизде саясий партияларды түзүүгө;

    - диний уюмдардын саясий максаттарды жана милдеттерди көздөшүнө;

    - чет өлкөлүк саясий партиялардын, коомдук жана диний уюмдардын, алардын саясий максаттарды көздөгөн өкүлчүлүктөрү менен филиалдарынын иштешине;

    - диний уюмдардын жана дин кызматкерлеринин мамлекеттик уюмдардын ишине кийлигишүүсүнө;

    - конституциялык түзүлүшкө, мамлекеттик жана жалпы улуттук коопсуздукка зыян келтирүүчү саясий партиялардын,коомдук бирикмелердин, диний жана башка уюмдардын түзүлүшүнө жана иштешине тыюу салынат.

    9 – берене

    1.Кыргыз Өлкөсү экспансия, басып алуучулук, максаттарды жана аскердик күч менен чечилүүчү аймактык дооматтарды көздөбөйт. Ал мамлекеттик түзүлүштү аскерлештирүүнү, мамлекетти жана анын ишин согуш жүргүзүү максатында баш ийдирүүнү четке кагат. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү өзүн өзү коргоо жана                                  коргонууга жетиштүү негизде куралат.

    2. Кыргызстанга жана биргелешип коргонуу милдеттенмелери менен байланышкан башка мамлекеттерге түздөн-түз кол салынгандан тышкары учурларда согуш жүргүзүү укугу таанылбайт. Куралдуу Күчтөрдүн бөлүктөрүн Кыргыз Өлкөсүнүн аймагынан сыртка жиберүүнүн ар бир учуру үчүн Кыргыз Элдик Курултайдын өкүлдөрүнүн жалпы санынын кеминде үчтөн экисинен ашыгынын добушу менен кабыл алынган чечими боюнча уруксат берилет.

    3.Мамлекеттин ички саясий маселелерин чечүү үчүн Куралдуу Күчтөрдү пайдаланууга тыюу салынат. Аскер кызматкерлери табигый кырсык залалдарын жоюу үчүн же болбосо мыйзамда ачык аныкталган учурларда башка өзгөчө кырдаалдарда пайдаланышы мүмкүн.                                                                                                               

    4.Кыргыз Өлкөсү эл аралык укуктун жалпы таанылган эрежелерин сактайт, жалпыга бирдей жана адилет жашоого, өз ара пайдалуу кызматташтыкка, дүйнөлүк жана жергиликтүү маселелерди тынчтык жолу менен чечүүгө умтулат.

    Элдердин тынчтыкта бирге жашоосун бүлүнтө турган аракеттер,улуттар аралык же болбосо диний араздашууга үгүттөө жана козутуу Конституцияга каршы келет.

    5.Кыргыз элин түндүккө жана түштүккө бөлүү, ошондой эле Кыргыздардын Эркин Өлкөсүнүн жетекчи кызматтагыларын мынчасы түштүктөн, тигинчеси түндүктөн болуш керек деген  дооматтарды козгоо, бул чоъ кылмыш болуп эсептелинет жана андай козголоъчулар мыйзам боюнча сот жообуна аөосуз тартылат.

    10 – берене

    1.Кыргыз Өлкөсүндө табигый кырсык болгон учурда, констициялык түзүлүшкө түздөн- түз коркунуч келген учурда, зомбулук менен катталган жана адам өмүрүнө коркунуч туудурган көпчүлүк элдин тополоъу учурунда, ошондой эле конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн жагдайларда жана мөөнөттүн чегинде гана өзгөчө абал киргизилиши мүмкүн.

    2.Кыргыз Өлкөсүнүн бүткүл аймагында чукул чакырылган Кыргыз Элдик Курултай гана өзгөчө абалды киргизе  алат, ал эми шашылыш чара көрүү талап кылынган шартта айрым жерлерде чукул жыйналган жергиликтүү курултайлар киргизе алат. Ушундай кырдаал түзүлгөн мезгилде, чукул жыйналган Кыргыз Элдик Курултай, Кыргыз Өлкөсүнүн Өкмөт башчысына, өзгөчө кырдаал киргизилген жерлерде аскерди жана ички иштер жоокерлерин киргизүүгө же болбосо калтырууга  макулдугун берет, же болбосо бербейт.    

    3.Кыргыз Өлкөсүнө кол салуу болгон учурда гана чукул чакырылган Кыргыз Элдик Курултай Кыргыз Өлкөсүндө согуш абалын киргизиши мүмкүн.

    4.Кыргыз Өлкөсүнө кол салуу болгон учурда, Кыргыз Элдик Курултай чогулгуча Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы мамлекетти коргоо чараларын көрөт. Өзгөчө жана согуш абалы аяктагыча, Кыргыз Элдик Курултайдын жыйналышын токтотуп турууга жол берилбейт.

    5.Өзгөчө жана согуш абалы учурунда реферундум жана мамлекеттик уюмдарга шайлоо өткөрүүгө, Кыргыз Өлкөсүнүн Конституцисынында белгиленген мамлекеттик уюмдардын түзүлүшүнө, иш милдеттерине жана ыйгарым укуктарына өзгөртүү киргизүүгө жол берилбейт.

    11 – берене

    1.Кыргыз Өлкөсүнүн мамлекеттик казынасы Кыргыз Өлкөсүнүн жана жергиликтүү казыналардан турат, ал мамлекеттин киреше–чыгашаларын камтыйт. Кыргыз Өлкөсүнүн казынасын, Кыргыз Өлкөсүнүн Өкмөтүнүн сунушу менен Кыргыз Элдик Курултай бекитет.

    2.Кыргыз Өлкөсүнүн казынасы, жергиликтүү казыналардан түшкөн салыктардын  жана бажы төлөмдөрүнүн эсебинен, жалпы Кыргыз Элинин байлыгы деп эсептелинген тоо-кен байлыктарынын өндүрүшүнөн ,отун-суу, энергетика тармактарынан жана Кыргыз элинин жерин чет-өлкөлүктөргө убактылуу  пайдаланууга берилгенден түшкөн каражаттардын эсебинен түзүлөт.

    3.Жергиликтүү казына, айыл-кыштактын, чакан шаарлардын жана ири шаарлардын жашоочуларынан, юридикалык жактардан чогултулган салыктардын эсебинен түзүлөт.

    4.Кыргыз Өлкөсүнүн аймагында бирдиктүү, салык саясаты иштейт.Салыктарды Кыргыз Өлкөсүнүн Өкмөтүнүн сунушу менен Кыргыз Өлкөсүнүн мыйзам чыгаруу кеъешибелгилейт жана аны Кыргыз Элдик Курултай бекитет. Кыргыз  Өлкөсүндө салыктардын түрлөрүнүн саны  аз жана өлчөмүнүн деъгээли кичине болушу керек.Жаъы салыктарды белгилөөчү жана салык төлөөчүлөрдүн абалын начарлатуучу мыйзамдар өткөн мезгилге карата колдонулбайт.

    5.Кыргыз Өлкөсүнүн казынасынын эсеп-кысабынын аткарылышы жөнүндөгү жооптуу Кыргыз Элдик Курултай бекитет.

    12- берене

    1.Кыргыз Өлкөсүнүн Конституциясы эъ жогорку юридикалык күчкө ээ жана түздөн-түз колдонулат.

    2.Конституциянын негизинде мыйзамдар жана башка ченемдик укук актылары кабыл алынат

    3.Кыргыз Өлкөсү катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана макулдашуулар, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган  жоболору жана ченемдери Кыргыз Өлкөсүнүн мыйзамдарынын ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат.    

     

    ЭКИНЧИ БАШ СӨЗ

    ЖАРАНДАР

    БИРИНЧИ  БӨЛҮМ

    ЖАРАНДЫК

    13- берене

    1.Адамдын Кыргыз Өлкөсүнө таандык экендиги жана статусу жарандыгы менен аныкталат. Кыргыз Өлкөсүнүн жараны, Кыргыз Өлкөсүнүн Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого, башка адамдардын укугун, эркиндигинин, ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоого милдетүү.

    2.Кыргыз Өлкөсүнүн жараны болуп саналган адамдардын, башка мамлекеттердин жараны болуп таанылбайт.

    3.Кыргыз Өлкөсүнүн бир дагы жараны өз жарандыгынан жана жарандыгын өзгөртүү укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес.

    4.Кыргыз Өлкөсүнүн жараны башка мамлекетке өткөрүлүп берилиши мүмкүн эмес.

    5.Кыргыз Өлкөсү чет өлкөлөрдө өз жарандарын коргоо жана калкалоо кепилдигин алат.

                                                                     14 – берене

    1.Кыргыз Өлкөсүнүн ар бир  жараны өзүнүн жарандыгына ылайык укуктарга ээ жана тийиштүү милдеттерди аткарат.

    2.Кыргыз Өлкөсүндө чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Өлкөсүнүн мыйзамдарында, мамлекеттер аралык келишимдеринде жана макулдашууларында аныкталган негизде, шартта жана тартипте жарандардын укуктарынан жана эркиндиктеринен пайдаланат, ошондой эле милдеттерди аткарат.

    ЭКИНЧИ БӨЛҮМ

    АДАМДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА ЭРКИНДИКТЕРИ

    15 – берене

    1.Кыргыз Өлкөсүндө адамдын кадыр-баркы ыйык жана кол тийгис.                  

    2.Адамдын негизги укуктары жана эркиндиктери ар бир адамга төрөлгөндөн баштап таандык. Алар талашсыз, ажыратылгыс чындык катары таанылат жана кимдир бирөөлөрдүн кол салуусунан мыйзам жана сот аркылуу корголот.

    3.Кыргыз Өлкөсүндө мыйзам жана сот алдында баардык адамдар бирдей. Эч ким тек-жайы, жынысы, өъүнүн-түсү, улуту, тили, туткан дини, саясый жана диний көз караштары  үчүн же болбосо жеке жана коомдук мүнөздөгү кандайдыр бир башка шарттар жана жагдайлар боюнча ыдык көрүп, укугу жана эркиндиктери кысымга алынбайт.

    4.Кыргыз Өлкөсүндө адам укуктары менен эркиндиктери дайыма күчүндө болот. Алар мыйзамдардын маъызын, мазмунун жана колдонулушун аныктайт, мыйзам чыгаруучуларды, мамлекеттик ишти аткаруучуларды, жергиликтүү өз алдынча башкаруучуларды милдеттендирет жана сот адилеттиги тарабынан камсыз кылынат.

    5.Кыргыз Өлкөсүндө адам укуктарына жана эркиндиктерине каршы келбеген  элдик үрп-адаттар, каада-салттар мамлекет тарабынан колдоого алынат.

    16 – берене

    1.Кыргыз Өлкөсүндө адамдын негизги укуктары менен эркиндиктери жалпы таанылган эл аралык укуктун жоболоруна жана чечимдерине, адам укугунун мыйзамдуу күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык таанылып, кепилдике алынат.

    2.Кыргыз Өлкөсүндө ар бир адам, эч ким ажырата алгыс жашоо укугуна ээ.Эч кимдин  өмүрү жөн эле жерден кыйылышы мүмкүн эмес.

    Ар бир адам өзүнүн өмүрүн жана ден-соолугун, башка адамдардын өмүрүнө жана ден-соолугуна жат кол салуулардан коргоого укуктуу.

    3.Ар бир адам эркиндике жана  жеке өзүнө колтийгис укугуна ээ, ошондой эле соттун чечими болмоюнча кармалышы же камакка алынышы мүмкүн эмес жана ал мыйзам менен белгиленген негиздерде жана тартипте гана жүргүзүлөт.

    Камакка алынган же  болбосо кармалган ар бир адамга камакка алуунун же болбосо кармоонун жүйөлүү себептери жөнүндө, кечиктирилбестен билдирилүүгө, анын укуктары түшүндүрүүлүгө жана кармалган учурдан тартып жеке өзүн коргоого жана  адвокаттын укуктук жардамын пайдаланууга мүмкүнчүлүк  берилүүгө тийиш.

    4.Ар бир адам кызматтык милдеттерди аткаруу учурунда мамлекеттик уюмдардын жана алардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-арекеттеринен улам келтирилген зыяндын ордун, мамлекет тарабынан толтуртуу укугуна ээ.

    5.Ар бир адам кат алышуунун телефондук сүйлөшүүлөрдүн, телеграфтык жана башка кабарлашуулардын купуя (сыр жашыруу) болуу укугуна ээ.
    Мындай укуктуу мыйзамга ылайык гана чектөөгө жол берилет.

    6.Ар бир адам өзүнүн жеке турмушунун колтийбестигине,ар-намысынын жана кадыр-баркынын урматталышына жана корголушуна укуктуу.

    Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, адамдын макулдугу болмоюнча ал жөнүндө жашыруун маалыматты чогултууга, сактоого пайдаланууга жана таркатууга жол берилбейт. Ар бир адам мамлекеттик иш аткаруу уюмдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдарында, мекемелерде жана уюмдарда, мамлекеттик же болбосо башкача мыйзам тарабынан корголгон, жашыруун сыр болбогон өзү жөнүндө маалыматтар менен таанышууга укуктуу.

    Ар бир адам өзү жана өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрү жөнүндө жалган маалыматтарды жокко чыгаруу укугу жана ар кандай маалыматты алып салууну талап кылуу укугу, ошондой эле жалган маалыматты чолултуудан, сактоодон жана таркатуудан келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуруу укугу жагынан соттук коргоого кепилдик алат.

    7.Турак-жай кол тийгис.Турак-жайда жашагандардын эркине каршы эч кимдин ага кирүүгө укугу жок.Турак-жайга кирип баруу, тинтүү жана андан чыгаруу иш-аракеттери сөзсүз түрдө соттун чеими  менен гана аткарылат.

    8.Ар бир адам Кыргыз Өлкөсүнүн аймагынын чегинде эркин орун которуу, өзү каалаган жерге баруу жана өзү каалаган жерде жашоо укугуна ээ.

    Кыргыз Өлкөсүнүн ар бир жараны, жарандык паспортту кайсыл гана жерден албасын жана ал паспортко катталбасын, Кыргыз Өлкөсүнүн баардык аймактарында ошол каттоо менен жумушка орношууга укуктуу. Кыргыздардын Эркин Өлкөсүндө адамды жарандык паспортко каттоо бир гана  жолу жүргүзүлөт, андай каттоо адамга жарандык паспорт берилип жаткан жерде гана өткөрүлөт. Кыргыздардын Эркин Өлкөсүнүн жарандарын өзү катталган аймагынан бөлөк, Кыргыз Өлкөсүнүн аймагында жумушка албай коюуга, кармоого, камап коюуга же болбосо ошол бөлөк аймакта катталуусун талап кылууга, негизги мыйзам катуу тыюу салат.  Кыргыздардын Эркин Өлкөсүнүн жараны Кыргыз Өлкөсүнүн чегинен тышкары жакка эркин чыгууга жана эч бир тоскоолдуксуз кайтып келүүгө  укуктуу.

    9.Ар бир адам өз пикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине, ошондой эле бул ой-пикирлерди жана ынанымдарды тоскоолдуксуз айтууга укуктуу. Өз ой-пикирлерин жана ынанымдарын билдирүүгө эч ким мажбурланууга тийиш эмес.Ар бир адам маалыматты эркин чогултууга,сактоого,пайдаланууга жана бул маалыматты оозеки, жазуу жүзүндө же болбосо башкача ыкма менен таркатууга укуктуу.Социалдык, расалык,улуттук же болбосо диний көрө албастыкты жана кастыкты тутантуучу пропагандага же болбосо үгүткө жол берилбейт. Социалдык, расалык, улуттук,диний же болбосо тил жагынан артыкчылыкты пропагандалоого тыюу салынат.

    10.Кыргыздардын Эркин Өлкөсүндө цензурага катуу тыюу салынат.

    11.Ар бир адамга дин тутууга, расымдарга, диний жана атеистик иштерге эркиндик кепилденет.Ар бир адам ар кандай динди эркин тутууга же болбосо эч бир динди тутпай коюуга, диний же болбосо атеисттик ынанымдарды тандоого, аларга ээ болууга же болбосо таркатууга укуктуу.

    12.Ар бир адам өзүнүн улутун эркин аныктоого укуктуу. Эч ким өзүнүн улутун аныктоого же болбосо көрсөтүүгө мажбурланууга тийиш эмес. Адамдардын улуттук кадыр-баркын мазактоо мыйзам менен куугунтукталат.

    13.Кыргыз Өлкөсүнүн жарандары  бирикме эркиндигине укуктуу. Жарандардын баардык бирикмелери мыйзам алдында теъ. Эч ким жарандардын кандайдыр бир бирикмесине кирүүгө мажбурланышы же болбосо бирикмеге таандык болуу же болбосо таандык болбоо укугу жагынан чектелиши мүмкүн эмес.Жарандардын бирикмелерине аскерлештирилген бирикмелерди түзүүгө тыюу салынат. Жашыруун бирикмелерди түзүүгө жол берилбейт.

    14.Кыргыз Өлкөсүнүн жарандары мамлекеттик иш аткаруу кызматтарына же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдарына күн мурунтан билдирүү менен тынч, куралсыз чогулууга жана чогулуштарды,митингтерди,жүрүштөрдү, демонстрацияларды жана пикеттерди өткөрүүгө укуктуу.

    15.Баардык адамдар мамлекеттик иш аткаруу уюмдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдарына жана кызмат адамдарына, жекече жана жамааттык кайрылууларды жөнөтүүгө укуктуу, алар өзүлөрүнүн кызматтык укуктарынын чегинде ушул кайрылууларды карап чыгууга жана мыйзамда белгиленген мөнөөттө жүйөлүү жооптуу берүүгө милдеттүү.

    16.Ар бир адамга адабий, көркөм, илимий жана техникалык чыгармачылык эркиндиги, өзүнүн акылы менен жаралган (интелекттик) менчикти коргоого кепил берилет.

    17.Ар бир адам өзүнүн менчигине, өзүнүн акылдык, чыгармачылык ишинин натыйжаларына ээлик кылууга, аларды пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу. Менчикти пайдалануу башка адамдардын укуктарына, эркиндиктерине жана мыйзамдуу таламдарына, коомдун таламдарына, жерге, курчап турган чөйрөгө жана жаратылыш ресурстарына зыян келтирүүгө тийиш эмес.

    18.Ар бир адам экономикалык эркиндикке, мыйзамдуу тыюу салынбаган ар кандай иш-аракеттер үчүн жөндөмүн жана мүлкүн эркин пайдаланууга укуктуу.

    19.Ар бир адам эмгектенүү эркиндигине, ошондой эле эмгектенүүгө өзүнүн жөндөмүн пайдаланууга, кесибин жана ишинин түрүн тандоого укуктуу.

    20.Кыргыз Өлкөсүнүн Конституциясында бекемделген укуктар менен эркиндиктердин саны чектелбейт жана бул адамдан башка жалпы таанылган укуктары менен эркиндиктерин четке кагуу же болбосо маанисин кемитүү катары түшүнүүлүгө тийиш эмес.

    21.Адам жана жарандын өзүнүн укуктарын,эркиндиктерин жүзөгө ашырылышы башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин бузбоого тийиш.

    22.Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүү, жек көрүүчүлүктү тутантуу, зомбулукту жана согушту пропагандалоо үчүн укуктар менен эркиндиктерди пайдаланууга тыюу салынат.

    17 - берене

    1.Кыргыз Өлкөсүндө адам укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же болбосо маанисин төмөндөтүүчү мыйзамдар чыгарылууга тийиш эмес.

    2.Башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин, коомдук коопсуздукту жана тартипти, аймактык бүтүндүктү камсыз кылуу,конституциялык түзүлүштү коргоо максатында гана укуктун жана эркиндиктин чектелишине Кыргыз Өлкөсүнүн Конституциясы жана мыйзамдары менен жол берилет. Ошол эле учурда конституциялык укук менен эркиндиктин маңызына доо кетиши мүмкүн эмес.

    18 – берене

    1. Инсандын дене-боюнун, ар-намысынын кол тийбестигин чектөөгө жасалган кылмыш үчүн мыйзам негизинде жаза катарында сот өкүмү боюнча гана жол берилет.

    Кыйноолорго, запкы көрсөтүүлөргө же болбосо адамкерчиликке сыйбаган мазактоочу жазалоолорго бир дагы киши дуушар болууга тийиш эмес.

    2.Талапка ылайык жол менен билдирилген жана ырасталган ыктыярдуу макулдугу болмоюнча адамдарга медициналык, биологиялык, психологиялык тажрыйба жасоого тыюу салынат.

    3.Эч ким  мыйзамга негизделбей камакка алынууга жана камап коюуга кириптер болушу мүмкүн эмес. Соттун өкүмү чыгарылганча чейин кылмыш үчүн  жоопкерчиликти  адамга таңуулоого багытталган  ар кандай  аракеттерге жол берилбейт жана мындай жагдай жабыр тарткан адамга келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун сот аркылуу толтуруп алууга негиз болуп саналат.

    4.Кыргыздардын эркин өлкөсүндө өлүм жазасы жокко чыгарылат, өтө оор кылмыш үчүн жазалоонун өзгөчө чарасы катары мыйзам тарабынан, абакта өмүр бою өтөө жазасы белгиленет жана ал жаза сот тарабынан гана берилет.

    Камакта өмүр бою өтөө жазасына өкүм кылынган ар бир адам ырайым сурап кайрылууга укуктуу.

    19 - берене

    1.Кыргыз Өлөкөсүндө жеке менчик адамдын ажыратылгыс укугу, анын бакыбат турмушунун, ишкердик жана чыгармачылык жигеринин табигый булагы, экономикалык жана жеке көз карандысыздыгынын кепилдиги катары таанылат жана камсыз кылынат.

    2.Менчик -  кол тийгис.Эч ким өзүнүн  менчигинен негизсиз ажыратылууга тийиш эмес, менчик ээсинин ыктыярысыз мүлкүнөн ажыратууга соттун чечими менен гана жол берилет.

    3.Мыйзамдарда каралган өзгөчө учурларда мамлекеттик муктаждыктар үчүн мүлктү алып коюу келишим түрдө жана анын орду теңдеш толтурулган шартта гана жүргүзүлүүсү мүмкүн.

    4.Кыргыз Өлкөсүндө мурас укугу мыйзам менен сакталат жана корголот.

    20 - берене

    Кыргыз Өлкөсү чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, адам укугунун бузулушуна байланыштуу себептер   чыкканда, башбанек укугун бере алат.

     

    ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ

    ЖАРАНДЫН  УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

    21 -  берене

    1.Кыргыз Өлкөсүнүн Жарандарына, алардын бирикмелерине, Кыргыз өлкөсүнүн Конституциясында жана мыйзамдарында тыюу салынгандардан, чектөө коюулгандардан  башка иш-аракеттердин баардыгын жүргүзүүгө уруксаат берилет.

    2.Кыргыз Өлкөсүнүн жарандарынын укуктары менен эркиндиктерин жүзөгө ашырылышы, анын жеке жана мамлекеттик кызыкчылыктарды камсыздандыруу үчүн зарыл болгон милдеттерди аткарышынан ажыратылгыс.

    22 - берене

    1.Жарандын укуктары жана милдеттери жөнүндөгү Кыргыз Өлкөсүнүн мыйзамдары баардык жарандарга карата бирдей колдонулууга жана Кыргыз Өлкөсүнүн Конституциясында, жарандарды социалдык жактан коргоо мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, алардын бирине дагы эч кандай артыкчылык жана жеңилдик берилбөөгө тийиш.

    2.Мамлекет, анын уюмдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдары жана алардын кызмат адамдары Кыргыз Өлкөсүнүн Конституциясы жана мыйзамдары менен аныкталган ыйгарым укуктардын чегинен чыга албайт.

                                                                          23 – берене

    1.Кыргыз Өлкөсүнүн жарандары мамлекетти башкарууга түздөн-түз жана өзүлөрүнүн өкүлдөрү аркылуу катышууга укуктуу.                                                                           

    2.Кыргыз Өлкөсүнүн жарандары мыйзамдарды, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги чечимдерди талкулоого жана кабыл алууга катышууга укуктуу.            

     

     

    3.Кыргыз Өлкөсүнүн жарандары мамлекеттик иш аткаруу уюмдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдарына шайлоого жана шайланууга, ошондой эле жалпы добуш берүүгө (референдумга) катышууга укуктуу.

    4.Кыргыз Өлкөсүнүн жарандары мамлекеттик жана жергиликтүү (муниципалдык) кызматтарга орношууда,бирдей укуктарга ээ.

    24 – берене

    1.Кыргыз Өлкөсүнүн жарандары Ата-Мекенин коргоого укуктуу жана милдеттүү.

    2.Кыргыз Өлкөсүндө жарандардын аскердик кызмат өтөө жолу келишим түрүндө жүргүзүлөт.

    25 – берене

    Кыргыз Өлкөсүнүн  жарандары Кыргыз Өлкөсүнүн мыйзамдарына ылайык салык жана жыйым төлөөгө милдеттүү.

    26 – берене

    1.Үй-бүлөө – коомдун эң баштапкы уюткусу, үй-бүлөө, ата-эне жана балдар бүткүл коомдун камкордугунун жана мыйзам тарабынан артыкча коргоолучу заты, балага кам көрүү, аны тарбиялоо, ата-энелердин табигый милдети жана жарандык парзы.

    Эмгекке жарамдуу,жашы жетилген балдар ата-энелерине камкордук көрүүгө милдеттүү.

    2.Мамлекет жетимдерди жана ата-эненин камкордугунан ажыраган балдарды багууну, тарбиялоону жана окуутууну камсыз кылат.

    3.Улууларды урматтоо, туугандары менен жакындарына камкордук көрүү – Кыргыз элинин ыйык салты.

    27 – берене

    1.Кыргыз Өлкөсүндө багаар-көрөөрүнөн ажыраган кары-картаъдарга, балдарга, ооруп калгандарга жана эмгекке жарамдуулугун жоготкондорго социалдык кам көрүү мамлекеттин эсебинен камсыз кылынат.

    2.Коомдун экономикалык мүмүкүнчүлүгүнө карабастан пенсия, социалдык жардам мыйзамда аныкталган  тиричилик каражатынын эъ төмөнкү өлчөмүнөн кем эмес турмуш деъгээлин камсыз кылууга тийиш.Тиричилик каражатынын эъ төмөнкү өлчөмү тамак-аш азыктарына, тамак-аш азыктарына кирбеген товарларга жана тейлөөлөргө болгон баалардын өзгөрүп туруусуна ылайыкталып жыл сайын кайра каралып туруулары тийиш.Тиричилик каражатынын эъ төмөнкү өлчөмү бир адам тамак-аш азыктарынын жана башка товарлардын, тейлөөнүн түрлөрүн бир айда өзүнө жетишерлик деъгээлде сатып жана колдонуп  алгыдай өлчөмдө болуусу тийиш.

    3.Ыктыярдуу социалдык камсыздандыруу,камкордуктун башка дагы түрлөрүн түзүү жана кайрымдуулук көрсөтүү колдоого алынат.

    28 – берене

    1.Кыргыз Өлкөсүнүн жараны баардык түрдөгү жана жагдайдагы эмгегинин корголушуна, коопсуздук жана тазалык талаптарына жооп берген эмгек шартына, ошондой эле жумушсуздуктан социалдык жактан коргоого алынууга укуктуу.

    2.Мамлекет жарандарды адистикке үйрөтүүгө жана алардын кесиптик чеберчилигин жогорулатууга кам көрөт, эмгек укугун коргоо жана бекемдөө максатын көздөгөн эл-аралык макулдашуулар менен эл-аралык уюмдарга колдоо жана көмөк көрсөтөт.

    3.Согуш маалында, табигый кырсыктардын кесепетин жоюу, жугуштуу оорулар күчөгөндө (эпидемия) жана башка өзгөчө кырдаалдарда, ошондой эле соттун өкүмү боюнча жаза өтөөдөн башка учурларда жарандарды мажбурлап жумушка тартууга тыюу салынат.

    29 – берене

    1.Кыргыз Өлкөсүнүн жарандары, менчиктин кандай гана түрлөрүнө ээ болгон мекеме, ишкана жана уюмдарда эмгектенгендерине карабастан мамлекет аныктаган эъ төмөнкү өлчөмү саатына 100 ( жүз ) сомду түзгөн эмгек акысын алып  турууга укуктуу.Эмгек акысы ар бир жуманын аягында берилип турууга жана ар бир жылдын аягында, товарларга болгон баалардын кымбатташына жараша көбөйүү жагына гана кайра каралып туруусу тийиш.

    2. Мекеме, ишкана жана уюмдар тарабынан, эмгекчилери иштеп тапкан эмгек акыларынан эч кандай салыктар жана төлөмдөр кармалып алынбайт.

    30 – берене

    Кыргыз Өлкөсүнүн жарандары иш таштоого укуктуу.

    31 – берене

    1.Кыргыз Өлкөсүнүн баардык жарандары бир жылда, он бир ай эмгектенгенден кийин, бир айдын 30 ( отуз ) күнүнө эмгек акы төлөнүүчү, отуз күндүк эс алууга чыгууга укуктуу.

    2.Бир күндө жумуштун эъ узак убактысы болуп 8 (сегиз) саат эсептелинет. Сегиз сааттан ашкан жумуштун ар бир саатына эмгек акы, эки эселенип төлөнүп турулууга тийиш.

    3.Бир жуманын беш күнү жумуш күндөрү, ал эми ишемби жана жекшемби дем алыш күндөрү болуп эсептелинет.

    4.Түнкү жумуш убагында, дем алыш жана майрам күндөрүндө аткарылган ар бир    жумуш сааты үчүн эмгек акы, аткарылган жумуштун ар бир саатына төлөнүүчү өлчөмдүн 15 % түзөт.                                                                                                                       

    5. Дем алыш жана майрам күндөрү, аткарылган түнкү жумуш убактысы үчүн, эмгек акы эки эселенип төлөнөт.

    6.Эс алуу укугун ишке ашыруунун башка негизги шарттары мыйзам менен аныкталат.

    32 – берене

    1.Кыргыз Өлкөсүнүн ар бир жараны билим алууга укуктуу.

    2.Негизги билим – милдеттүү жана акысыз. Жогорку билим акысыз мамлекеттик жана акы төлөп билим алуу негизинде жеке менчик түрдө болот.

    3.Мамлекет баардык адамдар үчүн, ар кимдин жөндөмүнө жараша кесиптик,атайы орто жана жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берет.

    4.Мамлекет окутуу – тарбиялоо жана башка билим берүү мекемелери менен тыгыз байланышта болот.

    33 - берене

    Кыргыз Өлкөсүнүн жарандары турак-жайга укуктуу. Мамлекет өзүнүн ар бир жараны өзүнө турак-жай жана башка мүлк сатып алгыдай болгон жетиштүү эмгек акы алуу ишине тереъ көзөмөл жүргүзөт.

    34 – берене

    Кыргыз Өлкөсүнүн жарандары ден-соолугунун корголушуна, саламаттыкты сактоонун айылдык, шаардык жана жалпы мамлекеттик мекеме-жайларынан,  акысыз пайдаланууга укуктуу.

     

    35 – берене

    1.Кыргыз Өлкөсүнүн жарандары жашоосу жана саламаттыгы үчүн жагымдуу айлана- чөйрөдөн пайдаланууга жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү аракеттерден улам саламаттыгына же болбосо мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруп алууга укуктуу.

    2.Айлана - чөйрөгө, жаратылыш байлыктарына жана тарыхый эстеликтерге сарамжал мамиле жасоо – ар бир жарандын ыйык парзы.

    36 – берене

    1. Маданият, көркөм-өнөр, адабият, илим жана жалпыга маалымдоо каражаттары – эркин.

    2.Мамлекет тарыхый эстеликтерди коргойт, адабият, көркөм-өнөр, илим, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана спорттун өнүгүшү үчүн зарыл шарттарды түзүп берет.

    37 – берене

    1.Жарандардын укугу менен эркиндигин толук, сөзсүз, токтоосуз коргоо, бул жагынан укук бузууларга жол бербөө жана бузулган абалды өз ордуна келтирүү – мамлекеттин, анын баардык уюмдары менен кызмат адамдарынын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдары менен кызмат адамдарынын милдети.

    2.Кыргыз Өлкөсү жарандардын Кыргыз Өлкөсүнүн Конституциясында жана мыйзамдарында бекитилген баардык укугу менен эркиндиги сот тарабынан корголушунун кепилдигин алат.

    38 – берене

    1.Мыйзамдуу күчүнө кирген сот өкүмү менен күнөлүү деп табылмайынча жаран жасалган кылмыш үчүн күнөлүү деп эсептелинбейт.

    2.Мамлекет ар кимдин жеке жана үй-бүлөлүк турмушуна мыйзамсыз жана өз алдынча кийлигишүүдөн, анын ар-намысына жана беделине шек келтирүүдөн, эркин кат алышуусунун жана башка байланыш жабдуулары менен сүйлөшүүлөрдүн купуялыгын, бузуудан, коргоо кепилдигин алат.

    3.Санкцияланган (соттун чечими менен) тинтүү же болбосо алып коюу, коомдук тартипти сактоо, кылмышкерлерди кармоо, адамдын өмүрүн, саламаттыгын жана мүлкүн коргоого багытталган учурлардын башка убакта эч ким бирөөнүн турак-жайына  кирүүгө укуксуз.

    39 – берене

    1.Кыргыз Өлкөсүнүн ар бир жаранына жетиштүү юридикалык жардам жана Кыргыз Өлкөсүнүн Конституциясы менен кепилденүүчү укуктарды жана эркиндиктерди коргоо камсыз кылынат. Мыйзамда каралган учурларда жардам акысыз көрсөтүлөт.

    2.Кыргыз Өлкөсүндө адамдын жана жарандардын укуктары менен  эркиндиктеринин сакталышына көзөмөл кылуу Кыргыз Өлкөсүнүн Акыйкатчысына (Омбудсменине) жүктөлөт.

    3.Кыргыз Өлкөсүнүн Акыйкатчысын шайлоо тартиби анын ыйгарым укуктары жана аларды жүзөгө ашыруу тартиби мыйзам менен белгиленет.

    40 – берене

    Адамдын жана жарандын укуктарына, эркиндиктерине тиешелүү мыйзамдардын, башка ченемдик укук актылардын жарыяланышы аларды колдонуунун милдетүү шарты болуп саналат.

    ҮЧҮНЧҮ  БАШ  СӨЗ

    ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЭЛДИН (ЭЛДИК БИЙЛИКТИН) КЫЗМАТЫН АТКАРУУЧУЛАР

    БИРИНЧИ  БӨЛҮМ

     

    АЙЫЛДЫК,ЧАКАН ШААРДЫК ЖАНА ШААР ИЧИНДЕГИ АЙМАКТЫК КУРУЛТАЙ

                                                                      

    41 – Берене

    1.Айылдык, чакан шаардык жана шаар ичиндеги аймактык Курултай, бул айыл-кыштактардын, чакан шаарлардын жана шаар аймактарынын жогорку даражадагы өкүлчүлүк жыйыны.

    2.Айылдык, чакан шаардык жана шаар аймактык Курултай, Кыргыз Өлкөсүнүн айыл-кыштактарында, чакан шаарчаларында жана  шаар аймактарында жашаган элдин көйгөйлүү маселелеринин чечилишин, суроо-талаптарынын аткарылышын жана адам укуктары менен эркиндиктеринин сакталышын көзөмөлдөгөн таза элдик бийликтин жыйыны.

    3.Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултай,Кыргыз Өлкөсүнүн айыл,чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн саясатынын туура багытта жүрүшүн көзөмөлдөйт. Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык элдин кызматын аткаруучу уюмдардын биримдигин, ырааттуулугун жана макулдашып өз ара шайкеш аракеттенишин, алардын айыл- кыштактардын, чакан шаарчалардын жана  шаар-аймактарынын элинин алдындагы жоопкерчилигин камсыз кылат.

     

    ЭКИНЧИ  БӨЛҮМ

    АЙЫЛДЫК, ЧАКАН ШААРДЫК ЖАНА ШААР-АЙМАКТЫК КУРУЛТАЙДЫ ШАЙЛОО

                                                                           

    42 – берене

    1.Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултайдын мүчөлөрү, беш жылдык мөөнөткө шайланат.

    2.Бир эле адам шайлоочулар тарабынан татыктуу деп табылса, 5 (беш) жылдан 2 (эки) жолу айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултайдын мүчөсү болуп шайлана алат.

    3.Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултайга курагы 25 (жыйырма беш) жаштан ашкан, мамлекеттик тилди билген, айылдык, чакан  шаардык жана шаар аймактык Курултайга талапкер болуп көрсөтүлгөнгө чейин, ошол айыл-кыштакта, чакан шаарда жана шаар-аймагында кеминде 15 жыл жашаган Кыргыздардын Эркин Өлкөсүнүн жараны шайлана алат.

    4.Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултайдын мүчөлүгүнө, айылдык, шаар-аймактык,чакан шаардык жана ири шаардык өкмөттөрдүн,Кыргыз Өкмөтүнүн, Кыргыз Өлкөсүнүн мыйзам чыгаруу Кеъешинин жана ошондой эле соттордун, тартип коргоо уюмдарынын мүчөлөрү боло албайт.

     

    43 – берене

    1.Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултайдын курамы, айыл-кыштактардын,чакан шаарлардын жана шаар ичиндеги аймактардын жашоочуларынан куралат.

    2.Айылдык Курултайдын мүчөлөрү, айыл өкмөттөрүнө караган ар-бир айыл-кыштактарда өткөрүлгөн жыйналыштарда, ошол айыл-кыштактардын шайлоого жарактуу делген, эъ кеминде 50% катышкан жашоочулары тарабынан өзүлөрүнүн арасынан татыктуу деп табылган 10 (он) өкүлү, ачык добуш берүү менен (жөнөкөй кол көтөрүү аркылуу) шайланат.

    3.Чакан –шаардык жана  шаар-аймактык Курултайдын мүчөлөрү, чакан-шаар жана ири шаар ичиндеги аймактардын ар бир 10 (он) чейреги кошулуп бир шайлоо бөлүгүн түзгөн жана кичине аймактарында өткөрүлгөн жыйналыштарда, ошол шайлоо бөлүктөрүнүн жана кичине аймактардын шайлоого жарактуу делген эъ кеминде 50 % катышкан жашоочулары тарабынан өзүлөрүнүн арасынан татыктуу деп табышкан, ар бир 10 ( он ) чейректен 1 (бир) өкүл жана ар бир кичине аймактардан 1 (бир) өкүл ачык добуш берүү менен (жөнөкөй кол көтөрүү аркылуу) шайланат.

    4.Айыл-кыштактарда, чакан шаарларда жана шаар ичиндеги аймактардын чейректеринде,кичине аймактарында болуп  өткөн жыйналыштарда, 50% көп добуш алган талапкерлер,айылдык,чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултайдын мүчөлөрү деп табылат.

    44 – берене

    1.Айылдык, чакан шаардык жана шаар аймактык Курултайлардын эл өкүлдөрүн шайлоо, ар бир бешинчи (5) жылдын аягында  ноябрь айынын акыркы жекшембисинде, айыл-кыштактардын, чакан шаарлардын жана шаар ичиндеги аймактардын 10 (он) чейреги кошулуп бир шайлоо бөлүгүн түзгөн жана кичине аймактарынын жашоочуларынын жыйналыштары өтүп жаткан мезгилде өтөт.

    2.Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултайлардын жыйындары  ар бир жылдын ар бир үчүнчү айынын ичинде 1 -10 чейин ар бир айыл, чакан шаар   жана шаар ичиндеги аймактык өкмөттөрдө өтөт.

    3.Айыл-кыштактарда, чакан шаарларда жана шаар аймагынын ичиндеги чейректерде, кичине аймактарда өтө турган жыйналыштардын, айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултайлардын ишин уюштуруу жана имарат менен камсыз кылуу, айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык өкмөттөр тарабынан жүргүзүлөт.

    4.Курултайдын мүчөлөрүнө эмгек акы төлөнбөйт. Курултайдын жыйыны өтүп жаткан мезгилде гана Курултайдын мүчөлөрүнө  ошол айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттөрдүн карамагында түзүлгөн орточо бир айлык эмгек акынын, эки эсе көп  деъгээлинде эмгек акы ошондой эле жол, жатакана, тамак-аш чыгымдары айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык өкмөттүн казынасынын эсебинен төлөнөт.

          5.Айылдык, чакан- шаардык жана шаар-аймактык Курултайдын жумуш иштеген мүчөлөрү Курултайдын жыйыны  өтүп жа  ткан убакытта, жумуштарынан бошотулушат жана эмгек акылары сакталат.

     

     

    ҮЧҮНЧҮ  БӨЛҮМ

    АЙЫЛДЫК,ЧАКАН ШААРДЫК ЖАНА ШААР-АЙМАКТЫК КУРУЛТАЙДЫН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫ

     

    45 – берене

    1. Айылдык,чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултай:                                        

    1).Жылдын ар бир үчүнчү айынын ичинде өзүнүн чогулган жыйынында, айылдык, чакан шаардык жана шаар аймактык өкмөттүн, айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык прокурордун жана соттун,аткарган иштери  жөнүндөгү жыйынтыктоочу жообун угат. Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык өкмөттүн сунуш кылган программасын жана түзгөн казынасын кабыл алат же болбосо четке кагат.

    2).Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык өкмөттүн, айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык прокурордун жана соттун аткарган   иштерин талкуулайт, сын-пикирлерин айтат, баалайт жана кеп-кеъешин берет.

    2. Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык өкмөттөн,  айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык казынанын ачык-айкын болуу талабын коет.

        1).Айыл-кыштактарда, чакан шаарларда жана шаар-аймактарда иш алып

            барган  мекеме-ишканалардан, ишкерлерден,соода-түйүндөрүнөн жана

            айыл-кыштактарда, чакан шаарларда, шаар-аймактарда жашаган элден салык

             жана башка төлөмдөр    түрүндө айылдык, чакан шаардык жана

             шаар-аймактык казынага канча акча каражат түшөт.

         2).Ал акча-каражаттар кайсыл тармактарга, канча сом жумшалат жана алар

             кандайча сарпталат. Зарыл болгон учурда айылдык, чакан шаардык жана

              шаар-аймактык Курултай комиссия түзүп казынаны текшерүү укугуна ээ.

    3.Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык өкмөттө, прокуратурада жана сотто канча бөлүм бар, аларда канча адам иштейт? Эгерде алар көптүк кылса, аларды кыскартуу талабын коет

           1).Жетекчи кызматтарда канча адам иштейт?Алардын кол алдындагы

               кызматчылары канча адам?                                                                                      

           2).Жетекчи кызматчылардын жана алардын кызматчыларынын бир айлык эмгек

               акыларынын өлчөмү канча?

    Жетекчи кызматчылардын бир айлык эмгек акыларынын өлчөмү айылда, чакан шаарда жана шаар-аймагында түзүлгөн орточо эмгек акылардан, бир жарым эседен ашпоого тийиш.

    4. Айылдык, чакан шаардык, шаар-аймактык, өкмөттө, прокуратурада жана сотто канча тейлөө, байланыш, транспорт жана башка техникалык каражаттар бар.

    Эгер алар көптүк кылса, аларды кыскартуу талабын коет.

            1).Техникалык каражаттарды тейлеш үчүн канча акча-каражат сарпталат?

            2).Техникалык каражаттарды тейлеген адамдардын саны канча?

            3).Техникалык каражаттарды тейлеген адамдардын бир айлык эмгек акыларынын

                өлчөмү канча?

    5.Айылдык, чакан шаардык, шаар-аймактык, өкмөттө, прокуратурада жана сотто кызмат кылган адамдардын байлыктары жана ал байлыктар кандай жолдор менен табылгандыгы жөнүндөгү маалыматтарды ар бир жылдын аягында айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык маалымат каражаттары аркылуу, милдеттүү түрдө так жана ачык-айкын чыгарып туруу талабын коет.

    46 – берене

    1.Айылдык жана чакан шаардык Курултай,айыл жана чакан шаар өкмөтүнүн башчысынын аткарган иштерин канаатандыраалык эмес деп тапса, анда айыл жана чакан шаар өкмөтүнүн башчысын кызматтан бошотуу жөнүндөгү маселени, айыл жана чакан шаар элинин (шайлоочуларынын) алдына,жергиликтүү элдик добуш берүүгө (референдумга) алып чыгуу укугуна ээ.

          1).Эгерде жергиликтүү элдик добуш берүүдө шайлоочулардын жарымынан

              көбү катышып жана жарымынан көбү “ооба”, кызматтан алынсын деген добуш  

              беришсе,анда айыл жана чакан шаар өкмөтүнүн башчылары кызмат ордун

             бошотот, ошону менен кошо айыл жана чакан шаар өкмөтүнүн   калган мүчөлөрү   

              дагы толугу менен кызматтарынан кетишет.

          2).Ал эми эгерде жергиликтүү элдик добуш берүүдө шайлоочулардын

              жарымынан көбү катышпаса,же болбосо,”жок” кызмат ордуларында

               калышсын     деп добуш беришсе, анда айыл жана чакан шаар

              өкмөтүнүн   башчылары жана калган мүчөлөрү өз кызматтарында калышат.

    2.Айылдык жана чакан шаардык Курултай айыл жана чакан шаар өкмөтүнүн айрым мүчөлөрүнүн ишин канааттандырарлык эмес деп тапса,анда аларды кызматарынан бошотуу жөнүндөгү маселени, айыл жана чакан шаар өкмөтүнүн башчыларынан талап кылууга  укуктуу.

    3.Айылдык жана чакан шаардык Курултай, айыл жана чакан шаар өкмөтүнүн башчыларынын же болбосо анын айрым мүчөлөрүнүн аткарган иштеринде мыйзам бузуулар болду деп тапса,анда ал маселени айылдык жана чакан шаардык соттун алдына алып чыгууга укуктуу.

    4.Шаар-аймактык Курултай, шаар-аймактык Өкмөттүн башчысынын же болбосо анын айрым мүчөлөрүнүн аткарган иштерин канаатандырарлык эмес деп тапса, анда шаар-аймактык өкмөттү  толук курамы менен таркатуу же болбосо анын айрым мүчөлөрүн кызматтан бошотуу жөнүндөгү маселени шаар башчысынан талап кылууга  укуктуу.

    5.Шаар-аймактык Курултай, шаар-аймактык өкмөттүн башчысын же болбосо  анын  айрым мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иштери боюнча маселени, шаар-аймактык соттун алдына алып чыгууга укуктуу.

    6.Айылдык, чакан шаардык жана  шаар-аймактык Курултай, айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык прокурордун жана соттун иштерин канаатандырарлык эмес деп тапса, анда айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык прокурорду жана сотту кызматтан чететүү үчүн, ал маселени айылдын, чакан шаардын жана шаар-аймактын элинин алдында жергиликтүү элдик добуш берүүгө алып чыгуу укугуна ээ.

              1).Эгерде жергиликтүү элдик добуш берүүдө, шайлоочулардын жарымынан

                  көбү катышып “ооба” кызматтан четтетилсин деп добуш беришсе,

                  анда прокурор  жана сот кызматарынан чететилет.

              2).Ал эми эгерде жергиликтүү элдик добуш берүүдө шайлоочулардын

                  жарымынан    көбү катышпаса, же болбосо “жок” кызмат ордуларында

                  калышсын деп добуш беришсе, анда прокурор жана сот өз кызматтарында

                  калышат.

    7.Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултай,прокурордун жана соттун мыйзамсыз иштери боюнча маселени Кыргыз Өлкөсүнүн Жогорку сотунун алдына алып чыгууга укуктуу.

    8.Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык өкмөт,прокуратура жана сот, айылдын, чакан шаардын жана шаар-аймагынын элинин жана Курултайдын мыйзамдуу түрдө коюлган талаптарын аткарышбаса, анда айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултай ал элдин кызматын аткаруучуларды кызматтан четтетүү демилгеси менен айыл-кыштактын, чакан шаардын жана шаар-аймагынын элин көчө жүрүштөрүнө, чогулуштарга, иш таштоого алып чыгууга укуктуу.

    9.Айыл-кыштактын, чакан шаардын жана шаар-аймактын ар бир жашоочусу, коомдук топтор, партиялар ушундай эле укуктарга ээ. Алар айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык өкмөттү, прокурорду жана сотту кызматан четтетүү үчүн, жергиликтүү шайлоочулардын жалпысанынын 15% түзгөн кол чогултушуп, андан кийин гана жергиликтүү элдик добуш берүүгө, алып чыгууга укуктуу.

    47 – берене

    1.Айылдык, чакан шаардык жана  шаар-аймактык Курултай, айыл-кыштакта, чакан шаарда жана шаар-аймакта өзгөчө кырдаал мезгил түзүлсө чукул жыйналат.  2.Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултайдын ишине, айыл өкмөтүнүн, чакан шаардын жана шаар-аймагынын элинин басымдуу көпчүлүгү, өзүлөрүнүн  нааразылыктарын билдиришсе, анда ал Курултай өзүнүн ишин токтотот.

    3.Жаъы айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултайды шайлоо иши мурунку Курултай өзүнүн ишин токтоткон күндөн тартып 15 (он беш) күндүн ичинде жүгүзүлөт.

     

    ТӨРТҮНЧҮ  БӨЛҮМ

    АЙЫЛДЫК,ЧАКАН ШААРДЫК ЖАНА ШААР-АЙМАКТЫК ӨКМӨТ

     

    48 – берене

    1.Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык элдик бийликтин кызматын аткаруучулар болуп, айылдык,чакан шаардык жана шаар-аймактык өкмөт саналат

    2.Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык өкмөт, айылда, чакан-шаарда жана шаар-аймактарында элдин өз алдынча башкаруу бийлигин алып баруучу уюм.

    3.Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык өкмөткө, айылдык,чакан шаардык жана шаар-аймактык өкмөттүн өкүмү жетекчилик кылат. Өкмөт өкүмдөн жана бөлүм башчыларынан турат.

               1). Айылдык өкмөттүн түзүмү:                                                                                        

    - айыл-чарба бөлүмү ( анын карамагын агрономия, ветеринария, зоотехника жана айыл-чарба механизациясы боюнча бөлүктөр түзөт ) ;                                                                    

    - архитектура, жол жана курулуш бөлүмү ;

    - билим жана маданият бөлүмү ( анын карамагын бала бакчалар, мектептер, маданий имараттар, маданий жана тарыхий эстеликтер түзөт ) ;                                                                                               

    - ишкерчилик, экономика, финансы жана салыктар боюнча бөлүм ;                                  

    - коммуналдык чарба бөлүмү ( анын карамагын энергетика, элди ичүүгө жарактуу таза муздак cуу, ысык суу жана жылуулук менен камсыз кылуу, айыл ичин жашылдандыруу, тазалоо жана механизация бөлүктөрү түзөт ) ;                                                                                                                      

    - өрт өчүрүү кызматы ;                                                                                                                                                           

    - милиция кызматы ;                                                                                                                   

    - саламаттыкты сактоо бөлүмү ( анын карамагын бейтапкана, оорукана, дарыкана жана тез жардам бөлүктөрү түзөт ) ;                                                                                                     

    - спорт тармагы боюнча бөлүм ( анын карамагын спорттук жайлар түзөт ) ;                                                                                                                                                                                                            - элди социалдык жактан коргоо боюнча бөлүм .                                                                   

               2 ). Чакан шаардык жана шаар аймактык өкмөттүн түзүмү :                                    

     - архитектура, жол  жана курулуш бөлүмү ;                                                                                      

    - билим жана маданият бөлүмү ( анын карамагын бала бакчалар, мектептер, маданий имараттар, маданий жана тарыхий эстеликтер түзөт ) ;                                                         

    - ишкерчилик, экономика, финансы салыктар боюнча бөлүм ;                                           

    - коммуналдык чарба бөлүмү ( анын карамагын энергетика, элди ичүүгө жарактуу таза муздак суу, ысык суу жана жылуулук менен камсыз кылуу, шаар ичин жашылдандыруу, тазалоо жана механизация бөлүктөрү түзөт ) ;                                                                                          

    - өрт өчүрүү кызматы ;                                                                                                                                                       - милиция кызматы ;                                                                                                                 

    - саламаттыкты сактоо бөлүмү ( анын карамагын бейтапкана, оорукана, дарыкана жана тез жардам бөлүктөрү түзөт ) ;                                                                                                    - спорт тармагы боюнча бөлүм (анын карамагын спорттук жайлар түзөт ) ;                             

    - элди социалдык жактан коргоо боюнча бөлүм .

               3).Айылдык жана чакан шаардык өкмөттүн түзүмүн жаъыдан шайланган өкүм түзөт, бекитет жана кызматынан бошотот. Кызматка алуу сынак аркылуу адистик жарамдуулугуна жараша гана жүргүзүлөт. Тууганчылыкка, таанышчылыкка, партиялашчылыкка карап кызматка алууга жол берилбейт.

              4).Шаар-аймактык өкмөтүнүн өкүмүн шаар башчы дайындайт.Шаар-аймактык өкмөттүн түзүмүн, шаар-аймактык өкмөттүн өкүмү, бекитет жана кызматынан бошотот. Кызматка алуу сынак аркылуу адистик жарамдуулугуна жараша гана жүргүзүлөт. Тууганчылыкка, таанышчылыкка, партиялашчылыкка карап кызматка алууга жол берилбейт.

    4.Жаъыдан шайланган, дайындалган айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөтүнүн өкүмүнүн кызматка киришүүсү менен мурунку өкмөттүн ишинин токтошуна  алып келет.

    5.Айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн айрым мүчөлөрү, кызматтан кетүү жөнүндөгү өзүлөрүнүн өтүнүчүн берүүгө укуктуу., аны өкүм кабыл алат же четке кагат.

    6.Айыл жана чакан шаардын өкмөтүнүн өкүмү өзүнүн калоосу менен кызматтан кетүүгө укуктуу.

    7.Шаар-аймактык өкмөттүн өкүмү кызматтан кетүү жөнүндөгү өз өтүнүчүн берүүгө укуктуу, аны шаар башчы кабыл алат же болбосо четке кагат.

    8. 1). Айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн өкүмүнүн кызматтан кетиши менен жана ар кандай себептерге байланыштуу өкүм өзүнүн милдетин аткара албай калган учурда,анын милдетин убактылуу, жаъы айыл жана чакан шаар өкмөттүн өкүмү шайлангыча жана жаъы шаар-аймактык өкмөттүн өкүмү дайындалгыча,ишкерчилик,экономика, финансы жана салык бөлүмүнүн башчысы аткарат

    2). Ишкерчилик, экономика, финансы жана салык бөлүмүнүн башчысы өкүмдүн милдетин убактылуу ар кандай себептерге байланыштуу аткара албай калган учурда, айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн өкүмүнүн милдетин убактылуу,  алфавит боюнча аты аталган бөлүмдүн, бөлүм башчылары аткарышат.

    3). Жаъы айылдык жана чакан шаардык өкмөттүн өкүмүн шайлоо мурунку өкүмдүн  кызматынан кеткен күндөн тартып, биринчи айдын акыркы жекшембисинде өткөрүлөт.                                                            

    4). Жаъы өкүм өзүнүн  кызматын жергиликтүү курултайдын ар бир үч айда өтчү жыйынында  ант берген күндөн баштап аткара баштайт.                                                                                                        

    49 - берене

    1.Айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн өкүмчүлүгүнө талапкер болуп, жашы 30 (отуз) толгон жана 65 (алтымыш беш) жаштан ашпаган мамлекеттик тилди билген, айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн өкүмчүлүгүнө талапкер болуп  көрсөтүлгөнгө чейин,ошол айылда,чакан шаарда жана шаар-аймагында кеминде 15(он беш) жыл жашаган Кыргыз Өлкөсүнүн Жараны, 5 (беш) жылдан эки  мөөнөткө гана   шайлана жана дайындала алат.

    2.Жаъы айыл, чакан шаар өкмөттүн өкүмүн  шайлоо, мурунку өкүмдүн иш алып баруу мөөнөтү аяктаар күнгө 2 (эки) ай калганда жүргүзүлөт.

    50 – берене

    Кыргыздардын Эркин Өлкөсүнүн Конституциясына, мыйзамдарына ылайык айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн өкүмү айыл,чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн негизги багыттарын аныктайт, анын ишин уюштурат жана анын иши үчүн жекече жоопкерчилик тартат.       

    51 – берене

    1.Айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөт, айылдын, чакан шаардын жана шаар-аймагынын элинин алдында, айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултайдын алдында жоопкерчиликте жана көзөмөлүндө болот. Ошондой эле аларга ар бир жылдын, ар бир үчүнчү айынын ичинде, айыл, чакан шаар жана шаар аймактык Курултай өтүп жаткан мезгилде аткарган иштери жөнүндөгү өзүнүн жыйынтыктоочу жообун берет.

    2.Айыл, чакан шаар жана  шаар-аймактык өкмөттүн өкүмүнүн ар бир үч айлык жыйынтыктоочу жообун кароонун натыйжасында айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултайдын жалпы санынын көпчүчүлүгүнүн демилгеси боюнча, өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү маселени карашы мүмкүн.

    3.Айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү токтом айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултайдын эл өкүлдөрүнүн жалпы санынын кеминде үчтөн экисинен ашык добушу менен кабыл алынат.

    4.Айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү маселе, айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык Курултай тарабынан:

                   - жыйындын учурунда бир жолудан ашык;

                   - айыл,чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн программасы

                     жактырылгандан кийин үч айдын ичинде;

                   - айыл,ири жана чакан шаар өкмөтүнүн өкүмүн кезектеги шайлоого 6 (алты) ай

                      калганда каралышы мүмкүн эмес.

    5.Айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөткө ишеним көрсөтпөө билдирилгенден кийин, айыл-кыштактын, чакан шаардын жана шаар-аймагынын эли, айылдык,чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултайдын чечими менен макул болбой коюуга укуктуу.

    6.Эгерде айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултай, элдин чечими менен макул болбой эч бир жүйөөсүз себептер менен айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн кызматтан кетиши жөнүндөгү чечимин өзгөртпөсө же болбосо кандайдыр бир  убакыттын ичинде кайталап кабыл алса, анда айыл, чакан шаар жана шаар-аймактын эли, айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултайды таркатуу боюнча чараларды көрө баштайт.

    7.Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултайды таркатыш үчүн айыл-кыштактын, чакан шаардын жана шаар-аймагынын чейректеринин жана кичине аймактарынын шайлоого жарактуу делген жашоочуларынын 50% катышкан жыйналыштарында, жарымынан көбү таркатылсын деп ачык добуш беришсе (жөнөкөй кол көтөрүү аркылуу) анда Курултай таркатылат. Ал эми эгерде шайлоочулардын жарымынан көбү жыйналыштарга катышпаса, же болбосо таркатылбасын деп добуш беришсе, анда Курултай өзүнүн ишин улантат.

    52 – берене

    1.Айыл,чакан шаар жана шаар аймактык өкмөт өзүнүн аймагында:

              1).мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин жана

                 коомдук тартипти сактоону, кылмыштуулукка, паракорлукка каршы күрөшүүнү

                 камсыз кылат.

              2).финансы, тариф, эркин баа, инвестиция жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү

                   саясатын жүргүүзүүнү жана көп балалуулардын,майыптардын,                      

                  кары-картаъдардын, жумушсуздуктардын мамлекет аныктаган тиричилик

                  каражатынын жана эмгекчилердин эмгек акыларынын  эъ төмөнкү өлчөмүнөн

                  кем эмес, акчалай каражатты, ар бир айда кечиктирилбестен өз убагында

                  берилип турушун камсыз кылат.

    2.Айыл-кыштактын, чакан шаардын жана шаар-аймагынын жашоочуларынан,юридикалык жактардан чогултулган салыктардын эсебинен казынаны түзөт, аны айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултайга сунуштайт жана анын аткарылышын камсыз кылат.

    Айылдык чакан шаардык шаар-аймактык Курултайга ар бир үч айда казынанын сарпталышы жөнүндө жыйынтыктоочу жооп сөзүн берет.

    3.Шаар-аймактык өкмөт, шаар-аймактык казынанын жалпы санынын 5 % ири шаар өкмөтүнүн казынасынын эсебине, ар бир айдын аяк ченинде милдетүү түрдө которуп турат.

    4.Кыргыз Өкмөтү, жалпы Кыргыз элинин менчиги жана байлыгы болгон тоо-кен байлыктары, отун, суу, энергетика тармактарынын өндүрүшүнөн, Кыргыз элинин жерин чет өлкөлүктөргө убактылуу пайдаланууга берилгенден,бажы жана салык төлөмдөрүнөн түшкөн акча-каражаттардын эсебинен айыл, чакан шаар жана шаар аймактык казынанын жетпеген  акча-каражаттарын каржылайт.

                                                                                                                        

    БЕШИНЧИ БӨЛҮМ

    ИРИ  ШААРДЫК  КУРУЛТАЙ

    53 – берене

    1.Ири шаардык Курултай, бул ири шаарлардын Жогорку даражадагы Өкүлчүлүк жыйыны

    2.Ири шаардык Курултай, Кыргыз Өлкөсүнүн ири шаарларында жашаган элдин көйгөйлүү маселелеринин чечилишин, суроо-талаптарынын аткарылышын жана адам укуктары менен эркиндиктеринин сакталышын көзөмөлдөгөн таза элдик бийликтин жыйыны.

    3.Ири шаардык Курултай, Кыргыз Өлкөсүнүн ири шаардык өкмөттүн саясатын туура багытта жүрүшүн көзөмөлдөйт. Ири шаардык элдин кызматын аткаруучу уюмдардын биримдигин, ыраатуулугун жана макулдашып өз ара шайкеш аракеттенишин, алардын шаардын элинин алдындагы жоопкерчилигин камсыз кылат.

     

    АЛТЫНЧЫ  БӨЛҮМ

    ИРИ ШААРДЫК КУРУЛТАЙДЫ ШАЙЛОО

    54 – берене

    1.Ири шаардык Курултайдын мүчөлөрү 5 (беш) жылдык мөөнөткө шайланат.             

    2.Бир эле адам  шайлоочулар тарабынан татыктуу деп табылса, 5 (беш) жылдан 2 (эки) жолу  ири шаардык Курултайдын мүчөсү болуп шайлана алат.

    3.Ири шаардык Курултайга курагы  25 (жыйырма беш) жаштан ашкан, мамлекеттик тилди билген, ири шаардык Курултайга талапкер болуп көрсөтүлгөнгө чейин ошол шаарда эъ кеминде 15 жыл жашаган Кыргыздардын Эркин Өлкөсүнүн жараны шайлана алат.

    4.Ири шаардык Курултайдын мүчөлүгүнө шаар-аймактык жана ири шаардык өкмөттүн, Кыргыз Өкмөтүнүн,Кыргыз Өлкөсүнүн мыйзам чыгаруу Кеъешинин жана ошондой эле соттордун, тартип коргоо уюмдарынын мүчөлөрү боло албайт.

    55 – берене

    1.Ири шаардык Курултайдын курамы ошол шаардын, шаар-аймактык Курултайдын мүчөлөрүнөн куралат.

    2.Ири шаардык Курултайдын мүчөлөрү, ар бир бешинчи (5) жылдын аягында 1-декабрдан баштап 10-декабрга чейин шаар-аймактык Курултайдын 100% мүчөлөрү катышкан жыйындарда өзүлөрүнүн арасынан татыктуу деп табылган, 10 (он) өкүлү ачык добуш берүү менен (жөнөкөй кол көтөрүү аркылуу) шайланат.

    3.Шаар-аймактык Курултайдын болуп өткөн жыйындарында, 50% көп добуш алган талапкерлер, ири шаардык Курултайдын мүчөлөрү деп табылат

    4.Ири шаардык Курултайлардын жыйындары, жылдын ар бир үчүнчү айынын ичинде 10(он)нан баштап 15(он беш) не чейин ири шаардык өкмөттөрдө өтөт.

    56 – берене

    1.Ири шаардык Курултайдын ишин уюштуруу, имарат менен камсыз кылуу, ири шаардык өкмөт тарабынан жүргүзүлөт.

    2.Курултайдын мүчөлөрүнө эмгек акы төлөнбөйт. Курултайдын жыйыны өтүп жаткан мезгилде гана Курултайдын  мүчөлөрүнө ошол ири шаардык өкмөттүн карамагында түзүлгөн орточо бир айлык эмгек акынын, эки эсе көп деъгээлинде эмгек акы ошондой эле жол, жатакана, тамак-аш чыгымдары,ири шаардык өкмөттүн казынасынын эсебинен төлөнөт.

    3.Ири шаардык Курултайдын жумуш иштеген мүчөлөрү, Курултайдын жыйыны өтүп жаткан убакытта, жумуштарынан бошотулушат жана эмгек акылары сакталат.

                                  

    ЖЕТИНЧИ  БӨЛҮМ

    ИРИ ШААРДЫК КУРУЛТАЙДЫН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫ

    57 – берене.

    1.Ушул Конституциянын 45 жана 46-беренелеринде шаар-аймактык Курултайдын, шаар-аймактык өкмөткө карата болгон ыйгарым укуктарындай укуктарга, ири шаардык өкмөткө карата, ири шаардык Курултай дагы ээ.

    2.Ушул Конституциянын 47 жана 51-беренелеринде шаар-аймактык Курултай таркатылган тартипте, ири шаардык Курултай дагы таркатылат.

    3.Ири  шаардык Курултайдын таркатылган мүчөлөрү, ошол замат шаар-аймактык Курултайдын мүчөлүгүнөн чыгарылат.

    4.Шаар-аймактык Курултайдын курамынан чыгарылган мүчөлөрдүн ордуна, шаар-аймактын эли үч айдын ичинде, курултайдын жаъы мүчөлөрүн ушул Конституциянын 42-беренесине ылайык шайлап алышат.                                                                                                                                               

                                                     

    СЕГИЗИНЧИ  БӨЛҮМ

    ИРИ ШААРДЫК  ӨКМӨТ

    58 – берене.

    1.Ири шаарларда элдин кызматын аткаруучулар болуп, ири шаардык өкмөт жана караган шаар-аймактык өкмөттөр саналат

    2.Ири шаардык өкмөт, ири шаарларда элдин өз алдынча башкаруу бийлигин алып баруучу уюм.

    3.Ири шаардык өкмөткө, шаардык өкмөттүн башчысы жетекчилик кылат.                                                                            

    4.Ири шаардык өкмөт, шаар башчысынан жана анын секретариятынан, бухгалтериядан, архитектура, жол жана курулуш, шаар элин ичүүгө жарактуу таза муздак суу, ысык суу жана жылуулук менен камсыз кылуу бөлүмдөрүнөн жана шаар-аймактык өкмөттөрдөн турат.                                                                

    1).шаардык өкмөттүн түзүмүн жана шаар-аймактык өкмөттүн өкүмүн, жаъыдан шайланган шаар башчы түзөт, бекитет, дайындайт жана кызматынан   бошотот. Кызматка алуу сынак аркылуу адистик жарамдуулугуна жараша гана жүргүзүлөт. Тууганчылыкка, таанышчылыка, партиялашчылыкка карап кызматка алууга жол берилбейт.

    2).Жаъыдан шайланган шаар башчынын кызматка киришүүсү менен,мурунку шаардык өкмөттүн ишинин токтошуна алып келет.

    5.Шаардык өкмөттүн айрым мүчөлөрү,кызматтан кетүү жөнүндөгү өзүлөрүнүн өтүнүчүн берүүгө укуктуу, аны шаар башчы кабыл алат же болбосо четке кагат.

    6.Ири шаардык өкмөттүн башчысы кызматтан өзүнүн калоосу менен кетүүгө укуктуу.

    7. 1).Ири шаардык өкмөттүн башчысынын кызматтан кетиши менен жана аркандай себептер менен шаар башчы өзүнүн милдетин аткара албай калган учурда, анын милдетин убактылуу жаъы шаар-башчы шайлангыча, ишкерчилик, экономика, финансы жана салык бөлүм башчысы аткарат.

       2). Ишкерчилик, экономика, финансы жана салык бөлүмүнүн башчысы,  шаар  башчысынын милдетин убактылуу ар кандай себептерге байланыштуу аткара албай калган учурда, ири шаардык өкмөттүн өкүмүнүн милдетин убактылуу, алфавит боюнча аты аталган бөлүмдүн, бөлүм башчылары аткарышат.

         3). Ири шаардык өкмөттүн жаъы шаар башчысын шайлоо мурунку шаар башчынын кызматынан кеткен күндөн тартып, экинчи айдын акыркы жекшембисинде өткөрүлөт.

         4). Жаъы шаар башчы өзүнүн кызматын ири шаардык курултайдын ар бир үч айда өтчү жыйынында ант берген күндөн баштап аткара баштайт.

    59 – берене

    1.Ири шаардык өкмөттүн башчылыгына талапкер болуп курагы 30 (отуз) жашка толгон жана 65 (алтымыш беш) жаштан ашпаган, мамлекеттик тилди билген, шаар-башчылыкка талапкер болуп көрсөтүлгөнгө чейин, ошол шаарда кеминде 15(он беш) жыл жашаган Кыргыз Өлкөсүнүн жараны 5 жылдан эки мөөнөткө гана шайлана алат.

    2.Жаъы шаар-башчыны шайлоо, мурунку шаар-башчынын иш алып баруу мөөнөтү аяктаар күнгө 2 (эки) ай калганда жүргүзүлөт.

    60 – берене

    1.Кыргыздардын Эркин Өлкөсүнүн Конституциясына,мыйзамдарына ылайык, ири шаардык өкмөттүн башчысы, шаардык өкмөттүн негизги багыттарын аныктайт, анын ишин уюштурат жана анын иши үчүн жекече жоопкерчилик тартат.

    2.Шаардык өкмөт, шаардын элинин алдында жана Курултайдын алдында жоопкерчиликте жана көзөмөлүндө болот жана аларга ар бир жылдын, ар бир үчүнчү айынын ичинде, ири шаардык Курултай жүрүп жаткан мезгилде, аткарган иштери жөнүндө өзүнүн  жыйынтыктоочу жообун берет.  

    61 – берене

    Ушул Конституциянын 52-беренесине ылайык, айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөткө тиешелүү укуктар жана милдеттер, ири шаардык өкмөткө дагы тиешелүү.

     

    ТӨРТҮНЧҮ  БАШ  СӨЗ

    ЖАЛПЫ КЫРГЫЗ ЭЛИНИН БИЙЛИГИНИН КЫЗМАТЫН АТКАРУУЧУЛАР

    БИРИНЧИ  БӨЛҮМ

    КЫРГЫЗ ЭЛДИК КУРУЛТАЙ

    62 – берене

    1.Кыргыз Элдик Курултай – бул Кыргыздардын Эркин Өлкөсүндөгү эъ жогорку даражадагы өкүлчүлүк жыйыны.

    2.Кыргыз Элдик Курултай, Кыргыз Элинин көйгөйлүү маселелеринин чечилишин, суроо-талаптарынын аткарылышын жана адам укуктары менен эркиндиктеринин сакталышын көзөмөлдөгөн таза элдик бийликтин жыйыны.

    3.Кыргыз Элдик Курултай, Кыргыз Өлкөсүнүн ички жана тышкы саясатынын туура багытта жүрүшүн көзөмөлдөйт.

    Кыргыз Өлкөсүнүн эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча чара көрөт. Кыргыз элинин бийлигинин кызматын аткаруучу уюмдардын биримдигин, ырааттуулугун жана макулдашып өз ара шайкеш аракеттенишин, алардын Кыргыз элинин алдындагы жоопкерчилигин камсыз кылат.

     

    ЭКИНЧИ  БӨЛҮМ

    КЫРГЫЗ ЭЛДИК КУРУЛТАЙДЫ ШАЙЛОО

    63 – берене

    1.Кыргыз Элдик Курултайдын мүчөлөрү  5 (беш) жылдык мөөнөткө шайланат.

    2.Бир эле адам, шайлоочулар тарабынан татыктуу деп табылса 5 (беш) жылдан 2 (эки)  жолу Кыргыз Элдик Курултайдын мүчөсү болуп шайлана алат.

    3.Кыргыз Элдик Курултайга курагы 25 (жыйырма беш) жаштан ашкан, мамлекеттик тилди билген, Кыргыз Элдик Курултайга талапкер болуп көрсөтүлгөнгө чейин, Кыргыз

    Өлкөсүндө, эъ кеминде 15(он беш) жыл жашаган Кыргыз Өлкөсүнүн жараны шайлана алат.

    4.Кыргыз Элдик Курултайдын мүчөлүгүнө, айыл, ири жана чакан шаар, шаар-аймактык өкмөттүн жана Кыргыз Өлкөсүнүн Өкмөтүнүн, Кыргыз Өлкөсүнүн мыйзам чыгаруу кеъешинин жана ошондой эле соттордун, тартип коргоо уюмдарынын мүчөлөрү боло албайт.

    64 – берене

    1.Кыргыз Элдик Курултайдын курамы, ар бир айылдык, ири жана чакан шаардык Курултайлардын мүчөлөрүнөн куралат.

    2.Кыргыз Элдик Курултайдын мүчөлөрү, ар бир бешинчи жылдын аягында өтө турган айылдык, ири жана  чакан шаардык Курултайлардын 100% мүчөлөрү катышкан жыйындарда, өзүлөрүнүн арасынан татыктуу деп табылган 1ден айылдык, 3 төн чакан шаардык жана 10 дон ири шаардык курултайлардын өкүлдөрү, ачык добуш берүү менен (жөнөкөй  кол көтөрүү аркылуу) шайланат.

    3.Айылдык, ири жана чакан шаардык Курултайлардын болуп өткөн жыйындарында 50% көп добуш алган талапкерлер Кыргыз Элдик Курултайдын мүчөлөрү деп табылат.

    4.Кыргыз Элдик Курултайдын жыйыны ар бир жылдын үчүнчү айынын ичинде 15нен 30на чейин Кыргыз Өлкөсүнүн Өкмөтүндө өтөт.

    65 – берене

    1.Кыргыз Элдик Курултайдын ишин уюштуруу, имарат менен камсыз кылуу Кыргыз Өлкөсүнүн Өкмөтү тарабынан жүргүзүлөт.

    2.Курултайдын жыйыны өтүп жаткан мезгилде гана Курултайдын мүчөлөрүнө ошол маалда, Кыргыз Өлкөсүндө түзүлгөн орточо бир айлык эмгек акынын эки эсе көп деъгээлинде эмгек акы ошондой эле жол, жатакана, тамак-аш чыгымдары Кыргыз Өлкөсүнүн казынасынын эсебинен төлөнөт.

    3.Кыргыз Элдик Курултайдын жумуш иштеген мүчөлөрү,  жыйын өтүп жаткан мезгилде жумуштарынан бошотулушат жана эмгек акылары сакталат.

     

    ҮЧҮНЧҮ  БӨЛҮМ

    КЫРГЫЗ ЭЛДИК КУРУЛТАЙДЫН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫ

    66 – берене

    1.Кыргыз Элдик Курултай:

         1).Жылдын ар бир үчүнчү айынын ичинде, өзүнүн чогулган жыйынында, Кыргыз Өлкөсүнүн мыйзам чыгаруу Кеъешинин, Кыргыз Өкмөтүнүн, Жогорку Соттун жана Башкы Прокурордун, аткарган иштери жөнүндөгү жыйынтыктоочу жообун угат.

    Кыргыз Өкмөтүнүн сунуш кылган программасын жана түзгөн казынасын кабыл алат же болбосо четке кагат.

          2).Кыргыз Өлкөсүнүн мыйзам чыгаруу Кеъешинин, Кыргыз Өкмөтүнүн Жогорку Соттун жана башкы Прокурордун аткарган иштерин талкуулайт, сын-пикирлерин айтат, баалайт жана кеп кеъешин берет.

    2.Кыргыз Өкмөтүнөн, Кыргыз Өлкөсүнүн казынасынын ачык-айкын болуусун талап кылат:

    1).Айыл, ири жана чакан шаар өкмөттөрүнөн салык түрүндө, тоо-кен байлыктарынын өндүрүшүнөн, отун, суу, энергетика тармактарынан, Кыргыз элинин жерин чет өлкөлүктөргө убактылуу пайдаланууга берилгенден, бажы төлөмдөрү түрүндө Кыргыз Өлкөсүнүн казынасына канча акча-каражат түшөт.

    2).Ал акча-каражаттар кайсыл тармактарга, канча сом жумшалат жана алар кандайча сарпталат. Зарыл болгон учурда Кыргыз Элдик Курултай комиссия түзүп казынаны текшерүү укугуна ээ.

    3.Мыйзам чыгаруу Кеъешинде, Кыргыз Өкмөтүндө, Жогорку Сотто жана Башкы Прокуратурада канча бөлүм бар, аларда канча адам иштейт? Эгерде алар көптүк кылса, аларды кыскартуу талабын коет:

               1).Жетекчи кызматтарда канча адам иштейт? Алардын кол алдындагы кызматчылары канча?

               2).Жетекчи кызматчылардын жана алардын кызматчыларынын эмгек акыларынын өлчөмү канча?

    Кыргыз Өлкөсүн жетектеген кызматчылардын бир айлык эмгек акыларынын өлчөмү, Кыргыз Өлкөсүндөгү орточо эмгек акыдан эки эседен ашпоого тийиш.

    4.Кыргыз Өлкөсүнүн мыйзам чыгаруу Кеъешинде, Кыргыз Өкмөтүндө, Жогорку Сотто жана Башкы Прокуратурада канча – тейлөө, байланыш, транспорт жана башка техникалык каражаттар бар?Эгерде алар көптүк кылса аларды кыскартуу талабын коет.

            1).Техникалык каражаттарды тейлеш үчүн канча акча каражат сарпталат?

            2).Техникалык каражаттарды тейлеген адамдардын саны канча?

            3).Техникалык каражаттарды тейлеген адамдардын бир айлык эмгек акыларынын өлчөмү канча?

    5.Мыйзам чыгаруу Кеъешинде, Кыргыз Өкмөтүндө, Жогорку Сотто жана Башкы Прокуратурада кызмат кылган адамдардын байлыктары жана ал байлыктар кандай жолдор менен табылгандыгы жөнүндөгү маалыматтарды, ар бир жылдын аягында,жалпы маалымат берүү каражаттары аркылуу милдетүү түрдө, так жана ачык-айкын чыгарып туруу талабын коет.

    67 – берене

    1.Кыргыз Элдик Курултай:

            1).Кыргыз Өлкөсүнүн Улуттук Банкынын төрагасын шайлайт жана аны кызматынан бошотот. Улуттук Банктын мүчөлөрүн кызматка дайындайт жана аларды ээлеген кызматтарынан бошотот. Улуттук Банктын курамынын жалпы санын түзөт жана аны бекитет. Жалпы саны көптүк кылган учурда аларды кыскартат.

            2).Кыргыз Өлкөсүнүн шайлоо жана референдум боюнча борбордук комисссиянын төрагасын шайлайт жана аны кызматынан бошотот. Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрүн кызматка дайындайт жана аларды ээлеген кызматтарынан бошотот. Шайлоо жана реферундум боюнча борбордук комиссиянын курамынын жалпы санын түзөт жана бекитет. Жалпы саны  көптүк кылган учурда аларды кыскартат.

            3).Кыргыз Өлкөсүнүн Акыйкатчысын шайлайт жана кызматынан бошотот. Кыргыз Өлкөсүнүн Акыйкат жамаатынын мүчөлөрүн кызматка дайындайт жана аларды ээлеген кызматтарынан бошотот.  Кыргыз Өлкөсүнүн Акыйкат жамаатынын курамынын жалпы санын түзөт жана бекитет. Жалпы саны көптүк кылган учурда аларды кыскартат.

    2.Жылдын ар бир үчүнчү айынын ичинде өзүнүн чогулган жыйынында, Кыргыз Өлкөсүнүн Улуттук Банкынын, Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиянын жана Акыйкатчы институтунун төрагаларынын аткарган иштери жөнүндөгү жыйынтыктоочу жообун угат.

    3.Кыргыз Өлкөсүнүн Улуттук Банкынын, Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиянын жана Акыйкатчы институтунун аткарган иштерин талкуулайт, сын-пикирлерин айтат, баалайт жана кеп-кеъешин берет.

    4.Алардын төрагаларынын жана кызматчыларынын байлыктары жана аларга тиешелүү финансылык каражаттары жөнүндө так жана ачык-айкын маалыматтарды, ар бир жылдын аягында жалпы маалымат берүү каражаттары аркылуу, милдетүү түрдө так жана ачык-айкын чыгарып туруу талабын коет.

    5. Алардын иштерин текшерүү маалында мыйзам бузуулар аныкталса, ал иштерди сотко жөнөтөт.

    68 – берене

    1.Кыргыз Элдик Курултай, Кыргыз Өкмөтүнүн Башчысынын аткарган иштерин канаттандыраарлык эмес деп тапса, анда Кыргыз Өкмөтүнүн Башчысын кызматтан бошотуу жөнүндөгү маселени Кыргыз Элинин (шайлоочулардын) алдына, жалпы элдик добуш берүүгө (референдумга) алып чыгуу укугуна ээ. 

            1).Эгерде жалпы элдик добуш берүүдө шайлоочулардын жарымынан көбү катышып жана жарымынан көбү “ооба” кызматынан алынсын деп добуш беришсе, анда Кыргыз Өкмөтүнүн Башчысы кызмат ордун бошотот ошону менен катар Кыргыз Өкмөтүнүн башка мүчөлөрү дагы  толугу менен кызматтарынан кетишет.

            2).Ал эми эгерде жалпы элдик добуш берүүдө шайлоочулардын  жарымынан көбү катышпаса, же болбосо “жок”кызмат ордунда калсын деп добуш беришсе, анда Кыргыз Өкмөтүнүн Башчысы жана анын калган мүчөлөрү өз кызмат ордуларында калышат.

    2.Кыргыз Элдик Курултай, Кыргыз Өкмөтүнүн айрым мүчөлөрүнүн ишин канаттандыраарлык эмес деп тапса, анда аларды кызматтарынан бошотуу жөнүндөгү маселени Кыргыз Өкмөтүнүн Башчысынан  талап кылууга укуктуу.

    3.Кыргыз Элдик Курултай, Кыргыз Өкмөтүнүн Башчысынын же болбосо анын айрым мүчөлөрүнүн алып барган иштеринде мыйзам бузуулар болду деп тапса, анда  ал маселени Кыргыз Өлкөсүнүн Жогорку Сотунун алдына алып чыгууга укуктуу. Жогорку Сот ал ишти тез арада карап чыгууга милдетүү.

    4.Кыргыз Элдик Курултай, Кыргыз Өлкөсүнүн Жогорку Сотунун жана Башкы Прокурорунун иштерин канатандырарлык эмес деп тапса, анда Жогорку Сотту жана Башкы Прокурорду кызматтан четтетүү жөнүндөгү маселени Кыргыз Элинин алдына жалпы элдик добуш берүүгө алып чыгууга укуктуу.

          1).Эгерде  жалпы элдик добуш берүүдө шайлоочулардын жарымынан көбү катышып “ооба” кызматарынан четтетилсин деп добуш беришсе,анда Жогорку Сот жана Башкы Прокурор  кызматарынан четтетилет.

          2).Ал эми, эгерде жалпы элдик добуш берүүдө шайлоочулардын жарымынан көбү катышпаса же болбосо “жок” кызмат ордуларында калышсын  деп добуш беришсе, анда Жогорку Сот жана Башкы Прокурор өз кызмат ордуларында калышат.

    5.Кыргыз Элдик Курултай, Башкы Прокурордун жана Жогорку Соттун мыйзамсыз иштери боюнча маселени карап чыгыш үчүн,эч кимге көз карандысыз сот ишин уюштурууга укуктуу.

    6.Кыргыз Өлкөсүнүн мыйзам чыгаруу Кеъеши, Кыргыз Өкмөтү, Башкы Прокуратура жана Жогорку Сот, Кыргыз Элинин жана Кыргыз Элдик Курултайдын Мыйзамдуу түрдө коюулган талаптарын аткарышбаса, анда Кыргыз Элдик Курултай ал элдин кызматын аткаруучуларды кызматтан четтетүү демилгеси менен жалпы Кыргыз Элин көчө жүрүштөрүнө, чогулуштарга, жыйналыштарга жана иш таштоого алып чыгуу укугуна ээ. 

    7.Кыргыздардын Эркин Өлкөсүндө кандайдыр бир адамдар, саясый топтор жана партиялар тарабынан Кыргыздардын Элдик бийлигин тартып алуу же болбосо басып алуу коркунучу пайда болгондо Кыргыз Элдик Курултай Кыргыз элинин бийлигин сактап калуу максатында Кыргыз элин куралдуу көтөрүлүшкө алып чыгууга укуктуу.

    8. Кыргыз Өлкөсүнүн ар бир жараны, коомдук топтор, партиялар Кыргыз Өлкөсүнүн мыйзам чыгаруу Кеъешин, Кыргыз Өкмөтүн, Жогорку Сотун жана Башкы Прокурорун кызматтан четтетүү сунушу менен Кыргыз Элдик Курултайга кайрылууга укуктуу. Кыргыз Элдик Курултай ал сунушту жүйөөлүү деп тапса, аны жалпы элдик добуш берүүгө алып чыгат.

    69 – берене

    1.Кыргыз Элдик Курултай, Кыргыз Өлкөсүндө өзгөчө кырдаал мезгил түзүлсө чукул жыйналат.

    2.Кыргыз Элдик Курултайдын ишине, Кыргыз Элинин басымдуу көпчүлүгү, өзүлөрүнүн нааразылыктарын билдиришсе, анда Курултай өзүнүн ишин токтотот.

    3.Кыргыз Элдик Курултайдын таркатылган мүчөлөрү ошол замат айылдык, ири жана чакан шаардык жана шаар- аймактык Курултайдын мүчөлүгүнөн чыгарылат. 

    4.Айылдын, шаар-аймактын, ири жана чакан шаардын эли үч айдын ичинде ушул Конституциянын 42,43,44-беренелерине ылайык Курултайдын жаъы мүчөлөрүн шайлап алышат.

                                                              

    ТӨРТҮНЧҮ  БӨЛҮМ

    КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮНҮН МЫЙЗАМ  ЧЫГАРУУ КЕЪЕШИ

    70 – берене

    Мыйзам чыгаруу демилге укугу төмөнкүлөргө таандык:

             Кыргыз Өлкөсүнүн шайлоого жарактуу ар бир жаранына (элдик демилге);

             Кыргыз Элдик Курултайга;

             Кыргыз Өлкөсүнүн мыйзам чыгаруу Кеъешинин мүчөлөрүнө;

             Кыргыз Өлкөсүнүн Өкмөтүнө;

     

    БЕШИНЧИ  БӨЛҮМ

    МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ КЕЪЕШИНИН КУРАМЫ ЖАНА АНЫН ӨКҮЛДӨРҮН ШАЙЛОО

    71 – берене

    1.Кыргыз Өлкөсүнүн мыйзам чыгаруу Кеъешинин курамы такай иштеген 8 (сегиз) адамдан турат.Алардын 3 (үч) адамдан турган жардамчылары болот.

    2.Мыйзам чыгаруу Кеъешинин мүчөлөрү жана алардын үчтөн жардамчылары, Кыргыз Өлкөсүнүн казынасынын эсебинен каржыланат.

    3.Мыйзам чыгаруу Кеъешинин негизги милдети мыйзам чыгаруу иши болуп саналат.

     

    72 – берене

    1.Кыргыз Өлкөсүнүн мыйзам чыгаруу  Кеъешинин мүчөлөрү 5 (беш) жылдык мөөнөткө шайланат.

    2.Бир эле адам шайлоочулар тарабынан татыктуу деп табылса экинчи жолу дагы 5(беш) жылдык мөөнөткө шайлана алат.

    3.Мыйзам чыгаруу Кеъешинин мүчөлүгүнө курагы 25 (жыйырма беш) жаштан ашкан, мамлекеттик тилди билген, мыйзам чыгаруу Кеъешине талапкер болуп көрсөтүлгөнгө чейин, Кыргыз Өлкөсүнүн аймагында кеминде 15 (он беш) жыл жашаган Кыргыз Өлкөсүнүн жараны шайлана алат.

    4.Мыйзам чыгаруу Кеъешине, Кыргыз Өлкөсүнүн 7 (жети) дубанынан бирден өкүл жана борбор шаардан 1 (бир) өкүл шайланат.

     

    АЛТЫНЧЫ  БӨЛҮМ

    МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ  ИШИ.

    73 – берене

    1.Кыргыз Өлкөсүнүн жараны мыйзам долбоорун айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултайга сунуштайт.

    2.Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултай, ал мыйзам долбоорун талдап сынактан өткөрүп жарактуу деп тапса:

            - айылдык, чакан шаардык Курултай ал мыйзам долбоорун Кыргыз Элдик Курултайга сунуштайт.

            - шаар-аймактык Курултай ал мыйзам долбоорун ири шаардык Курултайга сунуштайт.

            - ири шаардык Курултай ал мыйзам долбоорун талдап, сынактан өткөрүп жарактуу деп тапса Кыргыз Элдик Курултайга сунуштайт.

            - Кыргыз Элдик Курултай ал мыйзам долбоорун жарактуу деп тапса аны аягына чейин иштеп чыгаруу максатында мыйзам чыгаруу Кеъешине киргизет.

            - Мыйзам чыгаруу Кеъеши ал долбоорду аягына чейин иштеп чыгып, жылдын ар бир үчүнчү айынын ичинде, Кыргыз Элдик Курултайдын жыйыны өтүп жаткан мезгилде Кыргыз Элдик Курултайга сунуштайт.

            - Кыргыз Элдик Курултай тарабынан ал мыйзам долбоору жактырылса, мыйзамды кабыл алат жана бекитет, же болбосо четке кагат.

    3.Кыргыз Элдик Курултай өзүнүн мыйзам долбоорун аягына чейин иштеп чыгаруу максатында мыйзам чыгаруу Кеъешине киргизет

            - мыйзам чыгаруу Кеъеши ал долбоорду аягына чейин иштеп чыгып, жылдын ар бир үчүнчү айынын ичинде Кыргыз Элдик Курултайга сунуштайт.

            - Кыргыз Элдик Курултай тарабынан ал мыйзам долбоору жактырылса, мыйзамды кабыл алат жана бекитет, же болбосо четке кагат.

    4.Кыргыз Өкмөтү өзүнүн мыйзам долбоорун, мыйзам чыгаруу Кеъеши менен биргелешип иштеп чыгат жана Кыргыз Элдик Курултайга сунуштайт.

             - Кыргыз Элдик Курултай ал мыйзамды кабыл алат жана бекитет,же болбосо четке кагат.

    5.Мыйзам чыгаруу Кеъеши Өзүнүн мыйзам долбоорлорун Кыргыз Элдик Курултайга сунуштайт.

             - Кыргыз Элдик Курултай ал мыйзамды кабыл алат жана бекитет,же болбосо четке кагат.

     

     

     

    6.Кыргыз Элдик Курултай тарабынан четке кагылган мыйзам долбоору бир жылда бир жолу гана сунушталат. Экинчи жолу  четке кагылган мыйзам долбоору Кыргыз Элдик Курултай тарабынан үчүнчү жолу такыр каралбайт.

    74 – берене

    1. Кыргыз Элдик Курултай кабыл алган жана бекиткен мыйзам 10 (он) күндүн ичинде жарыяланууга тийиш жана жарыяланган учурдан баштап 10 (он) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

    2. Мыйзам Кыргыз Өлкөсүнүн баардык жактары тарабынан күчүнө кирген күндөн баштап милдеттүү түрдө аткарылып турууга тийиш.

    75 – берене

    1.Кыргыз Өлкөсүнүн мыйзам чыгаруу Кеъеши 8 (сегиз) бөлүмдөн турат:

             - айыл-чарба, жер, суу, тоо,токой жана аба мейкиндиги тармагы боюнча бөлүм;

            - саламаттыкты сактоо, спорт жана туризм тармагы боюнча бөлүм;

             - илим, билим жана маданият тармагы боюнча бөлүм;

             - ишкерчилик, экономика, финансы жана салыктар тармагы боюнча бөлүм;

             - сот, прокуратура, милиция жана тышкы иштер тармагы боюнча бөлүм;             

            - коопсуздук, бажы кызматы жана куралдуу күчтөр тармагы боюнча бөлүм;

            - энергетика, байланыш жана маалымат берүү тармагы боюнча бөлүм;

             - өнөр-жай, тоо-кен байлыктары, транспорт жана курулуш тармагы боюнча бөлүм;

    2.Мыйзам чыгаруу Кеъешинин ар бир бөлүмү өзүлөрүнүн тармактары боюнча мыйзам долбоорлорун иштеп чыгат.

    ЖЕТИНЧИ  БӨЛҮМ

    КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮНҮН ӨКМӨТҮ

    76 – берене

    1.Кыргыз Өлкөсүндө жалпы Кыргыз Элинин бийлигинин кызматын аткаруучулар болуп, Кыргыз Өлкөсүнүн Өкмөтү саналат.

    2.Кыргыз Өлкөсүнүн Өкмөтүнүн ишине, Кыргыз Өлкөсүнүн Өкмөт Башчысы жетекчилик кылат. Өкмөт, Кыргыз Өлкөсүнүн Өкмөт Башчысынан, 1-министрликтен, 7-департаменттен, 3-агенттиктин, 7-мамлекттик кызматтан жана алардын төрагаларынан турат.

    1). Кыргыз Өлкөсүнүн Өкмөтүнүн түзүмү:                                                                               

    - Кыргыз Өлкөсүнүн Куралдуу күчтөр министрлиги;                                                             

    - Кыргыз Өлкөсүнүн элин социалдык жактан коргоо боюнча департаменти;                     

    - Кыргыз Өлкөсүнүн элинин саламаттыгын сактоо боюнча департаменти;                              

    - Кыргыз Өлкөсүнүн илим, элге билим берүү жана маданият тармагы боюнча департаменти; 

    - Кыргыз Өлкөсүнүн тоо-кен байлыктары жана өнөр-жай тармагы боюнча департаменти;                                                                                                                               

    - Кыргыз Өлкөсүнүн айыл-чарба тармагы боюнча департаменти;                                      

    - Кыргыз Өлкөсүнүн отун, cуу жана энергетика тармагы боюнча департаменти;              

    - Кыргыз Өлкөсүнүн тышкы иштер тармагы боюнча депртаменти;                                       

    - Кыргыз Өлкөсүнүн ишкерчилик, экономика, финансы жана салыктар боюнча агенттиги;                                                                                                                                      

    - Кыргыз Өлкөсүнүн спорт жана туризм боюнча агенттиги;                                                   

     

    - Кыргыз Өлкөсүнүн жол жана курулуш боюнча агенттиги;                                                  

    - Кыргыз Өлкөсүнүн Улуттук коопсуздук кызматы;                                                             

    - Кыргыз Өлкөсүнүн ички иштер кызматы;                                                                              

    - Кыргыз Өлкөсүнүн юстиция кызматы;   

    - Кыргыз Өлкөсүнүн чукул кырдаал кызматы;                                                                         

    - Кыргыз Өлкөсүнүн бажы кызматы;                                                                                         

    - Кыргыз Өлкөсүнүн монополияга каршы кызматы;                                                             

    - Кыргыз Өлкөсүнүн жаратылышты коргоо кызматы;

    2). Кыргыз  Өлкөсүнүн  Өкмөтүнүн  түзүмүн  жаъыдан  шайланган  Өкмөт  Башчы  түзөт,  бекитет   жана   кызматынан   бошотот.   Кызматка   алуу   сынак   аркылуу,   адистик жарамдуулугуна   жараша   гана   жүргүзүлөт.  Тууганчылыкка,  таанышчылыкка, партиялашчылыкка  карап кызматка алууга жол берилбейт.

    3.Жаъы шайланган Кыргыз Өлкөсүнүн Өкмөт  Башчысынын кызматка киришүүсү менен мурунку өкмөттүн ишинин токтошуна алып келет.

    4.Кыргыз Өлкөсүнүн Өкмөтүнүн айрым мүчөлөрү,кызматтан кетүү жөнүндөгү өзүлөрүнүн өтүнүчүн берүүгө укуктуу, аны Өкмөт Башчы кабыл алат же болбосо четке кагат.

    5.Кыргыз Өлкөсүнүн Өкмөт Башчысы өзүнүн калоосу менен кызматтан кетүүгө укуктуу. Кыргыз Өлкөсүнүн Өкмөт Башчысынын, кызматтан кетиши менен кошо министрликтин, департаменттердин, агенттиктердин жана мамлекеттик кызматтардын төрагаларынын  кызматтан кетишине алып келет.

    6. 1). Кыргыз Өлкөсүнүн Өкмөт Башчысынын кызматтан кетиши менен жана ар кандай себептер менен Өкмөт Башчы өзүнүн милдетин аткара албай калган учурда, анын милдетин убактылуу жаъы Өкмөт Башчы шайлангыча ишкерчилик, экономика, финансы жана салык агенттигинин төрагасы аткарат.

        2). Ишкерчилик, экономика, финансы жана салык агенттигинин төрагасы, Кыргыз Өлкөсүнүн Өкмөт Башчысынын милдетин убактылуу ар кандай себептерге байланыштуу аткара албай калган учурда, Кыргыз Өлкөсүнүн Өкмөт Башчысынын милдетин убактылуу, алфавит боюнча аты аталган мамлекеттик департтаменттин, кызматтын, агенттиктин жана министрликтин төрагалары аткарышат.

       3). Кыргыз Өлкөсүнүн жаъы Өкмөт Башчысын шайлоо, мурунку өкмөт башчынын кызматынан кеткен күндөн тартып, үчүнчү айдын акыркы жекшембисинде өткөрүлөт.

       4). Кыргыз Өлкөсүнүн жаъы Өкмөт Башчысы өзүнүн кызматын, Кыргыз Элдик Курултайдын ар бир үч айда өтчү жыйынында ант берген күндөн баштап аткара баштайт.

    77 – берене

    1.Кыргыз Өлкөсүнүн Өкмөтүнүн Башчылыгына талапкер болуп, курагы 35 (отуз беш) жашка толгон жана 65 (алтымыш беш) жаштан ашпаган, мамалекеттик тилди билген,

    Кыргыз Өлкөсүнүн Өкмөт Башчылыгына талапкер болуп көрсөтүлгөнгө чейин Кыргыз Өлкөсүндө кеминде 15 (он беш) жыл жашаган Кыргыз Өлкөсүнүн жараны, 5 (беш) жылдан эки мөөнөткө гана шайлана алат

    2.Жаъы Өкмөт Башчыны шайлоо, мурунку Өкмөт Башчынын иш алып баруу мөөнөтү аяктаар күнгө 2 (эки) ай калганда жүргүзүлөт.

    78 - берене

    Кыргыздардын Эркин Өлкөсүнүн Конституциясына, мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Өлкөсүнүн Өкмөт Башчысы, Кыргыз Өкмөтүнүн негизги багыттарын аныктайт анын ишин уюштурат жана анын иши үчүн жеке өзү жоопкерчилик тартат.

    79 – берене

    1.Кыргыз Өлкөсүнүн Өкмөтү, Кыргыз элинин жана Кыргыз Элдик Курултайдын алдында жоопкерчиликте жана көзөмөлүндө болот, ошондой эле аларга ар бир жылдын,ар бир үчүнчү айынын ичинде,Кыргыз Элдик Курултай өтүп жаткан мезгилде,аткарган иштери жөнүндө өзүнүн жыйынтыктоочу жообун берет.

    2.Кыргыз Өлкөсүнүн Өкмөт  Башчысынын ар бир үч айлык жыйынтыктоочу жообун кароонун натыйжасында, Кыргыз Элдик Курултайдын жалпы санынын көпчүлүгүнүн демилгеси боюнча, өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү маселени карашы мүмкүн.

    3.Кыргыз Өлкөсүнүн Өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү токтом, Кыргыз Элдик Курултайдын эл өкүлдөрүнүн жалпы санынын кеминде үчтөн экисинен ашык добушу менен кабыл алынат.

    4.Кыргыз Өлкөсүнүн Өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү маселе, Кыргыз Элдик Курултай тарабынан:

      - жыйындын учурунда бир жолудан ашык;

      - Кыргыз Өкмөтүнүн программасы жактырылгандан кийин жарым жылдын ичинде;

      - Кыргыз Өкмөтүнүн Башчысын кезектеги шайлоого 6 (алты) ай  калганда каралышы мүмкүн эмес.

    5.Кыргыз Өлкөсүнүн Өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө билдирилгенден кийин, Кыргыз Эли, Кыргыз Элдик Курултайдын чечими менен макул болбой коюуга укуктуу.

    6.Эгерде Кыргыз Элдик Курултай, Кыргыз Элинин чечими менен макул болбой эч бир жүйөөсүз себептер менен Кыргыз Өкмөтүнүн кызматтан кетиши жөнүндөгү чечимин өзгөртпөсө же болбосо кандайдыр бир убакыттын ичинде кайталап кабыл алса, анда Кыргыз Эли Кыргыз Элдик Курултайды таркатуу боюнча чараларды көрө баштайт.

    7. Кыргыз Элдик Курултайды таркатыш үчүн, Кыргыз Өлкөсүнүн ар бир айыл-кыштагынын, чакан шаарларынын жана ири шаарларынын, шаар-аймактарынын ар бир  чейректеринин жана кичине аймактарынын шайлоого жарактуу делген жашоочуларынын 50% катышкан жыйналыштарында,жарымынан көбү таркатылсын деп ачык добуш беришсе (жөнөкөй кол көтөрүү аркылуу) анда Кыргыз Элдик Курултай таркатылат. Ал эми эгерде шайлоочулардын жарымынан көбү жыйналыштарга катышпаса же болбосо  таркатылбасын деп добуш беришсе, анда Кыргыз Элдик Курултай өзүнүн ишин улантат.

    80 – берене

    1.Кыргыз Өлкөсүнүн Өкмөтү:

          1).Кыргыз Элинин, Кыргыз Элдик Курултайдын суроо-талаптарын,Кыргыз Өлкөсүнүн Конституциясы менен мыйзамдарынын жана Кыргыз Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын аткарылышын; мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын турмушка ашырылышын камсыз кылат.

           2).мыйзамдуулукту,жарандын укуктары менен эркиндиктерин, коомдук тартипти сактоонун, кылмыштуулукка, паракорлука жана элдик (мамлекеттик) мүлктүн,акча-каражаттын уурдалышына, талап-тонолушуна каршы күрөшүүнүн бирдиктүү мамлекеттик саясатынын жүргүзүлүшүн камсыз кылат;

          3).финансы, эркин баа, тариф, инвестиция, ишкердүүлүктү, атаандаштыкты жана салык саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат;

          4).Кыргыз Өлкөсүнүн казынасын иштеп чыгат жана аны Кыргыз Элдик Курултайга сунуш кылат жана анын аткарылышын камсыз кылат. Кыргыз Элдик Курултайга Өлкөнүн казынасынын аткарылышы жөнүндө өзүнүн жыйынтыктоочу жообун берет;

          5).маданият, илим, билим берүү, саламаттыкты сактоо, эмгек жана иш менен камсыз кылуу, социалдык камсыздоо, табиятты коргоо, экологиялык коопсуздук

    жана жаратылышты пайдалануу чөйрөлөрүндө бирдиктүү мамлекеттик саясаттын жүргүзүлүшүн камсыз кылат;

         6).экономикалык, социалдык, илимий-техникалык жана маданий өнүгүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын иштеп чыгат жана аны жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдары менен бирдикте турмушка ашырат;

        7).менчиктин баардык түрлөрүн өнүктүрүүнүн жана аларды коргоонун бирдей шарттарын камсыз кылуу боюнча чараларды ишке ашырат;

         8).мамлекеттин эгемендигин, коргоону жөндөмдүүлүгүн жана улуттук коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды турмушка ашырат;

        9).тышкы экономикалык жана башка байланыштарды чыъдоонун иш-аракеттерин жана бажы ишин уюштурат жана ааларды турмушка ашырууну камсыз кылат;

       10).Кыргыз Өкмөтүнүн министрлигинин, агенттиктеринин, департаменттеринин,  мамлекеттик кызматтарынын ишин багыттайт жана координациялайт, алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдары менен бирдиктүү иштешин камсыз кылат;

       11).жарандык коом менен өз ара аркеттенүүнү камсыз кылат;

       12).Кыргыз Өлкөсүнүн ушул Конституциясы, Кыргыз Өлкөсүнүн мыйзамдары, Кыргыз Өкмөт Башчысынын жарлыктары менен өзүнүн карамагына таандык башка ыйгарым укуктарды турмушка ашырат;

    2.Кыргыз Өлкөсүнүн Өкмөтү жана Кыргызстандын Улуттук Банкы бирдиктүү акча-кредит жана валюта саясатын жүргүзүүнүнү камсыз кылышат.

    3.Кыргыз Өлкөсүнүн Өкмөтүнүн ишин уюштуруу жана анын тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

    81 – берене

    1.Кыргыз  Өлкөсүнүн  Конституциясынын  жана  мыйзамдарынын  негизинде  аларды аткаруу үчүн Кыргыз Өлкөсүнүн Өкмөтү токтомдорду жана буйруктарды чыгарат, ошондой эле алардын аткарылышын уюштурат, текшерет жана камсыз кылат.

    2.Кыргыз Өлкөсүнүн Өкмөтүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдарынын укуктарына карама-каршы келбеген токтомдору менен буйруктары Кыргыз Өлкөсүнүн бүткүл аймагында милдетүү түрдө аткарылууга тийиш. Кыргыз Өкмөтүнүн ченемдик укук актыларын аткарбай коюу же болбосо тийиштүү түрдө аткарбоо мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет

    82 – берене

    1.Кыргыз Өлкөсүнүн  Өкмөтүнүн  Башчысы министрликтин, агенттиктердин, департаменттердин  жана мамлекеттик кызматтардын ишине жетекчилик кылат.

    2.Өкмөттүк министрлик, агенттиктер, департаменттер жана мамлекеттик кызматтар өз кызмат укуктарынын чегинде Кыргыз өлкөсүнүн Конституциясынын,мыйзамдарынын, Кыргыз Өлкөсүнүн Өкмөт Башчысынын жарлыктарынын, Кыргыз өлкөсүнүн Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарынын негизинде жана аларды аткаруу максатында буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын уюштурат, текшерет жана камсыз кылат.

    3.Кыргыз Өлкөсүнүн Өкмөтүнүн Башчысы министрликтин, агенттиктердин, департаменттердин жана мамлекеттик кызматтардын төрагаларынын жыйынтыктоочу жообун угат жана Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамдарына карама-каршы келген актыларын жокко чыгарат.

     

    СЕГИЗИНЧИ  БӨЛҮМ

    КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮНҮН ТАРМАКТАРЫ

    СОЦИАЛДЫК ЖАКТАН КОРГОО ТАРМАГЫ

    83 –берене

    1.Көп-балалуу үй-бүлөөлөрдүн ар бир баласы 16 (он алты) жашка чыкканга чейин майыптарга, согуштун жана экологиялык кырсыктардын катышуучуларына ай сайын төлөнүүчү төлөмдөр, айыл жана шаар өкмөтүнүн казынасынын эсебинен, накта акчалай түрүндө кечиктирилбестен, ай сайын мыйзамда аныкталган тиричилик каражатынын эъ төмөнкү өлчөмүнүн деъгээлинен кем эмес өлчөмдө, төлөнүп туруулуга тийиш.

    2.Ушул Конституция кабыл алынгандан кийинки 5(беш) жылдын ичинде, жаш-курагы жеткен боюнча эргүүгө ( пенсияга ) чыгуучу жана эргүүдө жүргөн карыларга ай сайын төлөнүүчү төлөмдөр, айыл жана шаар өкмөтүнүн казынасынын эсебинен, накта акчалай түрүндө кечиктирилбестен, ай сайын мыйзамда аныкталган тиричилик каражатынын эъ төмөнкү өлчөмүнүн деъгээлинен кем эмес өлчөмдө, төлөнүп туруулуга тийиш.

    3.Ушул Конституция кабыл алынгандан кийин, жаш-курагы жеткен боюнча эргүүгө чыгууга 5(беш) жана андан көп жыл калган карылар, өзүлөрүнүн карылыгын өзүлөрү камсыз кылуу шартынын негизинде айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн казынасынын эсебине, жылына 5% үстөгү кошулуп туруучу акча каражатын сактоо максатында төгүп турушат.

    4.Айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөтү эргүүгө чыккан карылардын калоосу боюнча, ал акча-каражаттын үстүнө тиешелүү үстөгүн кошуп туруп,  кечиктирбестен төлөп берип турууга милдетүү.

    5.Айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн, элди социалдык жактан коргоо боюнча бөлүмүнүн башчысын, айыл, чакан шаар жана шаар-аймак өкмөттүн өкүмү дайындайт жана кызматтан бошотот.

    6.Кыргыз Өлкөсүнүн социалдык жактан коргоо боюнча департаментинин негизги иши болуп:

        - Кыргыз элин социалдык жактан коргоо боюнча жаъы долбоорлорду түзүү жана аны ишке ашыруу иши;

        - айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн, элди социалдык жактан коргоо боюнча бөлүмүнүн балдарга, эргүүдөгү карыларга, майыптарга жана ардагерлерге ай сайын төлөнүүчү төлөмдөрдүн жетишпеген акча-каражатын, Кыргыз Өлкөсүнүн казынасынын эсебинен айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн казынасынын эсебине которуп туруу иши саналат.

    САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО ТАРМАГЫ

    84 – берене

    1.Саламаттыкты сактоо тармагы айылдык, чакан шаардык, шаар-аймактык, жалпы мамлекеттик жана жеке  менчик түрүндө болот:

    1) айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык саламаттыкты сактоо  бейтапканалары, ооруканалары айылдын, чакан шаардын жана шаар-аймагынын карамагында болот.Алар айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттөрдүн казыналарынын эсебинен каржыланат. Айылдын, чакан шаардын жана ири шаарлардын аймактарынын элин акысыз дарылашат. Бейтапканалардын, ооруканалардын башкы дарыгерлерин айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн өкүмү дайындайт жана кызматтан бошотот.                                     

    2) атайын бир же болбосо бир нече ооруларды дарылоого багытталган ооруканалар, клиникалар жана институттар жалпы мамлекеттик менчиктин карамагында болот. Алар кыргыз өкмөтүнүн эсебинен каржыланат. Кыргыз өлкөсүнүн элин акысыз дарылашат.                                                                                                           

    Алардын башкы дарыгерлерин кыргыз өлкөсүнүн өкмөт башчысы дайындайт жана кызматтарынан бошотот.  

    3)  жеке менчик түрдөгү саламаттыкты сактоо жааматы, кардарларды дарылоону акы алуу аркылуу жүргүзүү менен мамлекетке тиешелүү салык төлөп турушат.

    2.Кыргыз Өлкөсүнүн саламаттыкты сактоо департаментинин негизги иши болуп:

           - дүйнөлүк саламаттыкты сактоо жамааты менен байланыш түзүү жана кызматташуу;

           - Кыргыз өлкөсүнүн саламаттыкты сактоо жамаатын дарылоонун жаъы технологиялары менен тааныштыруу;  

           - кеъеш берүү иши;

           - айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн элдин саламаттыгын сактоо тармагындагы жетишпеген акча-каражатын, Кыргыз Өлкөсүнүн казынысынын эсебинен толуктап берип туруу иши саналат.

     

    БИЛИМ  БЕРҮҮ ТАРМАГЫ

    85 – берене

    1. Балдарды мектепке чейинки тарбиялоо, жалпы билим берүү жана жогорку билим алуу тармагы, айылдык, чакан шаардык, шаар-аймактык, жалпы мамлекеттик жана жеке менчик түрдө болот.

        1) айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык балдарды мектепке чейинки тарбиялоо, жалпы билим берүү тармактары айылдын, чакан шаардын жана шаар-аймагынын карамагында болот. Алар айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык өкмөттөрүнүн казынасынын эсебинен каржыланат.

        2) айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймагынын бала-бакчалары менен мектептери, балдарды мектепке чейинки тарбиялоону жана жалпы билим берүүнү акысыз жүргүзүшөт.                                                    

        3) айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык бала-бакчалардын, мектептердин жетекчилерин, айыл, чакан шаар жана шаар-аймак өкмөттүн өкүмү дайындайт жана кызматынан бошотот.

        4) балдарды  мектепке чейинки тарбиялоо жана жалпы билим берүү иши  менчик түрүндө дагы болот.

    2. Кесиптик, атайын орто кесиптик жана жогорку билим берүү тармагы мамлекеттик жана жеке менчик түрдө болот.   Мамлекеттик окуу жайлардын жетекчилерин кыргыз өлкөсүнүн өкмөт башчысы дайындайт жана кызматтарынан бошотот.                                                                            

    3. Жеке менчик түрдөгү билим берүү жааматы, кардарларга билим берүүнү акы алуу аркылуу жүргүзүү менен мамлекетке тиешелүү салык төлөп турушат.

    4. Кыргыз Өлкөсүнүн илим, элге билим берүү жана маданият тармгы боюнча департаментинин негизги иши болуп:

              - дүйнөлүк билим берүү жамааты менен байланыш түзүү жана кызматташуу;

              - кыргыз билим берүү жамаатында окутуунун жаъы программалары менен 

                методикаларын  түзүү жана аларды жайылтуу;

              - кеъеш берүү иши;

              - айыл, чакан шаар жана шаар аймактык өкмөттүн элге билим берүү  тармагындагы жетишпеген акча-каражатын толуктап берип туруу иши саналат.

                                           

    ДЕНЕ ТАРБИЯ (СПОРТ) ТАРМАГЫ

    86 – берене

    1.Спорт тармагы айылдык, чакан шаардык, шаар-аймактык жана жеке менчик түрдө  

    болот:                                                                                                                        

             1).айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык спорт тармагына балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорту кирет. Алар айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык

    өкмөттөрдүн казынасынын эсебинен каржыланат жана балдарды спорт менен машыктыруу акысыз жүргүзүлөт;

            2).айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык спорт тармагынын жетекчисин,

    айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык өкмөттүн өкүмү дайындайт жана кызматынан бошотот.

    2.Адистик ( профессионалдык ) спорт тармагы жеке менчик түрдө болот.

    3.Кыргыз Өлкөсүнүн дене тарбия жана спорт агенттигинин негизги иши болуп:

          - дүйнөлүк спорт жамааты менен байланыш түзүү жана кызматташуу;

          - Кыргыз спорт жаатында жогорку деъгээлдеги адистик спортту пропагандалоо

             жана анын кеъири жайылтуусуна өбөлгө түзүү;

          - кеъеш берүү иши;

    - айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн спорт тармагындагы жетишпеген акча-каражатын толуктап берип туруу иши саналат.                                                        

     

    МАДАНИЯТ ЖАНА КИНО ТАРМАГЫ

    87 – берене

    1.Маданият жана кино тармагы өзүн-өзү каржылоо жана багуу аркылуу толугу менен жеке менчик түрдө болот. Маданий жана тарыхый эстеликтердин катарына кирбеген маданий имараттар, жабдуулар мамлекеттен ажыратылып жеке менчик ээлерине сатуу жолу менен өткөрүлүп берилет.

    2.Маданий жана тарыхый эстеликтер мамлекет тарабынан коргоого жана сакталууга алынат.

    3.Айыл жана шаар өкмөттүн карамагындагы маданий жана тарыхый эстеликтер,айыл жана шаар өкмөттүн казынасынын эсебинен каржыланат. Жалпы мамлекетке тиешелүү маданий жана тарыхый эстеликтер Кыргыз өлкөсүнүн казынасынын эсебинен каржыланат.

    4.Кыргыз Өлкөсүнүн илим, элге билим берүү жана маданият департаментинин негизги иши болуп:

          -Кыргыз Эли менен дүйнөнүн башка элдеринин ортосунда маданий байланыштарды  түзүү   жана чыъдоо;

          - Кыргыз элинин маданий мурастарын сактоо жана аны өнүктүрүү;

          - маданий иш-чараларды уюштуруу;

          - кеъеш берүү иши;

          - айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн маданият тармагындагы жетишпеген акча-каражатын толуктап берип туруу иши саналат.

     

    МААЛЫМАТ БЕРҮҮ ТАРМАГЫ

    88 – берене

    Кыргыз Өлкөсүндө жалпыга маалымат берүү каражаттары толугу менен мамлекеттен ажыратылган жана  мамлекеттен көз карандысыз жеке менчик түрүндө болот.

    ИЛИМИЙ -  ИЗИЛДӨӨ ТАРМАГЫ

    89 – берене

    Кыргыз  Өлкөсүндө илимий-изилдөө тармагы өзүн-өзү каржылоо жана  багуу аркылуу толугу менен жеке менчик түрдө болот

     

    АЙЫЛ – ЧАРБА ТАРМАГЫ

    90 – берене

    1.Айыл-чарба тармагы мамлекеттик жана жеке менчик түрдө болот. Айыл-чарба продукциялары өндүрүлүүчү жерлер айыл өкмөттөрүнүн жана жеке менчик жер ээлөөчүлөрдүн карамагында болот.

    2.Кыргыз өлкөсүнүн айыл-чарба департаментинин негизги иши болуп:

         - жергиликтүү жана дүйнөлүк соода мейкиндигинде айыл-чарба продукцияларынын өндүрүмдүүлүгүн так эсептеп чыгаруу жана аларга болгон баалардын өзгөрүп турушун божомолдоо жана алар жөнүндө элге кабар берип туруу;

         - дүйнөлүк айыл-чарба продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн тажрыйбасын Кыргызстанга тартуу иши;

         - айыл-чарба продукцияларын өндүрүүчүлөрүнө бир жылдык үстөгү 7 % - ды жана төлөө мөөнөтү 10-жылды түзгөн насыяларды берип туруу иши;

         - айыл өкмөттүн айыл-чарба тармагындагы жетишпеген акча-каражатын толуктап берип туруу иши саналат.

                                                

    ЖОЛ ЖАНА КУРУЛУШ ТАРМАГЫ

    91 – берене

    1.Жол жана курулуш жумуштары жеке менчик ишкана ээлери тарабынан аткарылат.

    2.Жалпы мамлекеттик деъгээлдеги жол жана курулуш иштери, Кыргыз Өлкөсүнүн казынасынын эсебинен каржыланат.     

    3.Айыл жана шаар өкмөтүнүн карамагындагы жол жана курулуш иштери, айыл, чакан шаар жана шаар-аймак өкмөтүнүн казынасынын эсебинен каржыланат. Айыл, чакан шаар жана шаар аймак өкмөтү өзүнө тиешелүү жолдорду жана имараттарды тийиштүү деъгээлде кармап турууга милдеттүү.

    4.Кыргыз Өлкөсүнүн жол жана курулуш агентигинин негизги иши болуп:                                   

    - жалпы мамлекеттик деъгээлдеги жолдорду жана имараттарды тийиштүү деъгээлде кармап туруу, аларды оъдоп жана жаъылантып туруу иштери саналат.

     

    КОММУНАЛДЫК  ЧАРБА ТАРМАГЫ

    92 – берене

    1.Коммуналдык чарба тармагы толугу менен айыл, чакан шаар жана шаар-аймак өкмөтүнүн ээлигинде болот жана алар тарабынан тейленет.

    2.Айыл, чакан шаар жана шаар-аймак өкмөт көчөлөрдү, имараттарды жана бак-дарак, өсүмдүктөрдү тийиштүү деъгээлде кармап турууга милдетүү.

    3.Айыл-кыштактын жана шаарлардын жашоочулары коммуналдык төлөмдөрдү өз убагында төлөп турууга милдетүү.

     

                                         ОТУН, СУУ  ЖАНА  ЭНЕРГЕТИКА  ТАРМАГЫ

    93 – берене

    1. Суу тармагы мамлекеттин ээлигинде болот.

    2. Нефть, газ, көмүр жана электроэнергияны өндүрүү, бөлүштүрүү жана керектөөчүлөргө жеткирүү толугу менен мамлекеттин карамагында болот.

    3. Кыргыз Өлкөсүнүн отун, суу жана энергетика департаментинин негизги иши болуп:

        - мамлекетте отун, суу жана энергетика тармагынын бирдиктүү иштешин жана жетиштүү деъгээлде болушун камсыз кылуу:

        - нефть, газ жана көмүр кендеринин жаъы жерлерин аныктоо отун, суу жана энергетика тармагынын өндүрүшүнө дүйнөлүк акча-каражатты тартуу иши саналат.

     

    ТОО – КЕН БАЙЛЫКТАРЫ  ЖАНА ӨНӨР – ЖАЙ ТАРМАГЫ

    94 – берене

    1. Тоо-кен байлыктарын өндүрүү, кайра иштетүү жана аны керектөөчүлөргө сатуу тармагы толугу менен   мамлекеттин карамагында болот.

    2. Тамак-аш жана жеъил өнөр-жай товарларын өндүрүү жана аны керектөөчүлөргө сатуу тармагы толугу менен жеке менчик түрдө болот.

    3. Тоо-кен байлыктары жана өнөр-жай тармагы боюнча департаментинин негизги иши болуп:

        - оор, жеъил жана тамак-аш өнөр-жай тармагын өнүктүрүү жана ал тармакка дүйнөлүк акча-каражатты тартуу иши саналат.

     

    БАЙЛАНЫШ  ТАРМАГЫ

    95 – берене

    1.Теле берүү жана радио угуу толкундарын бөлүштүрүүчү мекеме мамлекеттин ээлигинде болот.

    2. Теле жана радио берүү тармагы толугу менен жеке менчик түрдө болот.

    3. Телефон менен байланышуу тармагы мамлекеттик жана жеке менчик түрдө болот.

    4. Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагы мамлекеттик, айылдык, шаардык (муниципалдык) жана жеке менчик түрдө болот.

                                                

    ЧУКУЛ  КЫРДААЛ  КЫЗМАТЫ

    96 – берене

    Чукул кырдаал кызматы Кыргыз Өкмөтүнүн карамагында болот жана ал тарабынан каржыланат.

                                  

    ЖАРАТЫЛЫШТЫ  КОРГОО  КЫЗМАТЫ

    97 – берене

    1.Айыл, чакан шаар жана шаар-аймак өкмөтүнүн ээлигинде жайгашкан тоолор, токойлор, жаныбарлар, суулар жана көлдөр  айыл, чакан шаар жана шаар-аймак өкмөтү тарабынан корголот жана каржыланат, жетишпеген акча-каражаттар Кыргыз Өлкөсүнүн казынасынын эсебинен толукталып турат.

    2.Айыл, чакан шаар жана шаар-аймак жаратылышты коргоо кызматынын жетекчисин, айыл, чакан шаар жана шаар-аймак өкмөтүнүн өкүмү дайындайт жана кызматынан бошотот.

    3.Жалпы мамлекеттин ээлигиндеги тоолор, токойлор, жаныбарлар, суулар жана көлдөр Кыргыз Өкмөтү тарабынан корголот жана каржыланат.

     

    КЫРГЫЗ  ӨЛКӨСҮНДӨГҮ  ИШМЕРДҮҮЛҮК  САЯСАТЫ

    98 – берене

    1.Кыргыз Өлкөсүндө банкттар жеке менчик түрдө болот. Банктардын ишмердүүлүгүнө уруксат берүү иши Кыргыз Өлкөсүнүн Улуттук Банкы тарабынан жүргүзүлөт.

    2.Саясий партиялардын,өкмөттүк эмес уюмдардын,жарандык коомдордун, чет өлкөлүк уюмдардын жана чет өлкөлүк ишкерлердин ишмердүүлүгүнө уруксат берүү жана каттоо иши, Кыргыз Өкмөтүнүн юстиция кызматы тарабынан жүргүзүлөт.

    3.Жеке ишкерлердин ишмердүүлүгүнө уруксат берүү жана каттоо иши, айыл, чакан шаар жана шаар-аймак өкмөттөрү тарабынан жүргүзүлөт.

    4.Ишмердүүлүккө уруксат берүү жана каттоо иши тоскоолсуз жана кыска мөөнөттүн ичинде өткөрүлүүсү тийиш.

    5.Ишмердүүлүккө уруксат берүү кагаздарынын саны аз жана тоскоолсуз берилиши керек.

    6.Ишмердүүлүктү текшерүүчү жана көзөмөл жүргүзүүчү мекеме, уюмдардын саны аз болуусу тийиш жана ар кандай шылтоолор менен кайра-кайра текшерүүгө жана басым жасоого катуу тыюу салынат.

    7.Мекеме, ишкана жана уюмдардын ишмердүүлүгүн текшерүүгө бир жылда бир жолу гана уруксат берилет.

    8.Ишмердүүлүктүн натыйжасында ишкерлер тарабынан эмгекчилердин укуктары бузулган, финансылык тартип бузууларга жол берилген, салыктар өз убагында төлөнбөгөн, санитардык, техникалык жана өрт коопсуздугу сакталбаган учурларда гана ишкерлер айып жана сот жообуна тартылышат.

     

    АДИСТИК  БИРИКМЕЛЕР (ПРОФСОЮЗДАР)

    99 – берене

     Кыргыз Өлкөсүндө адистик бирикмелер эркин жана мамлекеттен көз карандысыз түрдө болот.

     

    УЛУТТУК  КООПСУЗДУК  КЫЗМАТЫ

    100 – берене

    1.Улуттук коопсуздук кызматы түздөн-түз Кыргыз Өлкөсүнүн Өкмөт Башчысына баш ийет.

    2.Кыргыз чек-ара аскерлери улуттук коопсуздук кызматынын карамагында болот.     

    3.Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчисин Кыргыз Өкмөтүнүн Башчысы дайындайт жана кызматынан бошотот.

    4.Кыргыз чек-ара аскерлеринде кызмат өтөө, Кыргыз атуулунун өз калоосу боюнча жана келишим мүнөздө болот.

    5.Кыргыз мамлекети чек-ара  аскерлеринин жоокерлерине кызмат өтөгөндүктөрү үчүн, татыктуу эмгек акы төлөп берип турууга милдеттүү.

    6.Улуттук коопсуздук кызматынын саясатка кийлигишүүсүнө катуу тыюу салынат. Алар коопсуздук иштери менен гана алектениши тийиш.

     

    ИЧКИ  ИШТЕР  КЫЗМАТЫ (МИЛИЦИЯ)

    101 – берене

    1.Кыргыз Өлкөсүндө милиция кызматы айылдык,чакан шаардык,ири шаарларда шаар-аймактык жана Кыргыз Өкмөтүнүн ички иштер кызматы түрүндө болот.

    2.Айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык милиция кызматынын жетекчилерин, айыл,чакан шаар жана шаар-аймак Өкмөтүнүн өкүмү дайындайт жана кызматынан бошотот.

    3.Жергиликтүү милиция кызматы айыл, чакан шаар шаар-аймак өкмөтүнүн казынасынын эсебинен каржыланат, жетишпеген акча-каражаттар Кыргыз Өлкөсүнүн казынасынын эсебинен толукталып турат.

    4.Кыргыз Өкмөтүнүн ички иштер кызматынын карамагына атайын даярдалган бөлүктөр,милиция кызматын ичинен көзөмөл жүргүүзүүчү уюм, айыпкерлер жаза мөөнөтүн өтөөчү жайлар жана аларды кайтаруучу аскердик бөлүктөр кирет. Алар Кыргыз Өлкөсүнүн Казынасынын эсебинен каржыланат.

    5.Кылмыштуулукка каршы күрөштү Кыргыз Өкмөтүнүн ички иштер кызматы айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык милиция кызматы менен тыгыз байланышта жүргүзөт.

    6.Кыргыз мамлекети ички иштер кызматынын кызматчыларына кызмат өтөгөндүктөрү үчүн татыктуу эмгек акы төлөп берип турууга милдеттүү.

    7.Ички иштер кызматынын саясатка кийлигишүүсүнө катуу тыюу салынат. Алар кылмыштуулукка каршы күрөш менен гана алектениши тийиш.

     

    КЫРГЫЗ  КУРАЛДУУ  КҮЧТӨРҮ

    102 – берене

    1.Кыргыз куралдуу күчтөрү түздөн-түз Кыргыз Өкмөтүнүн Башчысына баш ийет.

    2.Кыргыз куралдуу күчтөрүнүн жетекчисин Кыргыз Өкмөтүнүн Башчысы дайындайт жана кызматынан бошотот.

    3.Кыргыз куралдуу күчтөрүнүн саны 25-30 миъдин тегерегинде болот.Кыргыз Өлкөсүнүн экономикасынын абалы жакшырган сайын, Кыргыз куралдуу күчтөрүнүн саны көбөйүп жана акыркы талапка жооп берген жаъы согуштук техникалар менен жабдылып турат.

    4.Кыргыз куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөө, кыргыз атуулунун өз калоосу менен жана келишим мүнөздө болот.

    5.Кыргыз мамлекети, Кыргыз куралдуу күчтөрүнүн жоокерлерине, кызмат өтөгөндүктөрү үчүн татыктуу эмгек акы төлөп берип турууга милдетүү.

    6.Кыргыз куралдуу күчтөрүнүн саясатка кийлигишүүсүнө катуу тыюу салынат.Алар мамлекетти коргоо иштери менен гана алектениши тийиш.

     

     АДВОКАТТЫК  ЖАНА  НОТАРИАЛДЫК  КЫЗМАТ

    103 – берене

    Кыргыз Өлкөсүндө  адвокаттык жана нотариалдык кызмат эркин жана    мамлекеттен көз карандысыз түрдө болот.

                                                                     

    ПРОКУРАТУРА

    104 – берене

    1.Кыргыз өлкөсүндө прокуратура кызматы айылдык, чакан шаардык, ири шаарларда, шаар-аймактык жана Кыргыз өлкөсүнүн Башкы прокуратура кызматы түрүндө болот.

    2.Айылдык,чакан шаардык жана шаар-аймактык прокурорлор ошол айылдын,чакан шаардын жана шаар-аймагынын жашоочулары тарабынан шайланат.

    3.Жашы 35 (отуз беш) жаштан кем эмес жана 65 (алтымыш беш) жаштан ашпаган, мамлекеттик тилди билген,укуктук жогорку билими бар жана укуктук кесиби боюнча 15 (он беш) жылдык тажрыйбасы бар, талапкер болуп көрсөтүлгөнгө чейин ошол айыл-кыштакта, чакан шаарда жана  шаар-аймагында кеминде 15 (он беш) жыл жашаган Кыргыз Өлкөсүнүн жараны,жергиликтүү прокурор болуп 5 (беш) жылдан 2 (эки) мөөнөткө гана шайлана алат.

    4.Жергиликтүү прокуратура кызматы айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн казынасынын эсебинен каржыланат.

    5.Жашы 35(отуз беш) жаштан кем эмес жана 65 (алтымыш беш) жаштан ашпаган мамлекеттик тилди билген, укуктук кесиби боюнча 15 (он беш) жылдык тажрыйбасы бар, талапкер болуп көрсөтүлгөнгө чейин Кыргыз өлкөсүндө кеминде 15 (он беш) жыл жашаган Кыргыз Өлкөсүнүн жараны, Кыргыз Өлкөсүнүн Башкы прокурору болуп 5 (беш) жылдан 2 (эки) мөөнөткө гана шайлана алат.

    6.Башкы прокуратура кызматы Кыргыз Өлкөсүнүн казынасынын эсебинен каржыланат.

    105 – берене

    Прокурорлор кызматынан өз калоосу менен ден-соолугуна байланыштуу, жасаган кылмышы үчүн соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айып өкүмүнүн негизинде,ошондой эле конституциялык мыйзамда каралган башка негиздер боюнча бошотулат.

    106 - берене

    1.Жергиликтүү прокурорлорго ишеним көрсөтпөө укугу айыл-кыштактын, чакан шаардын, шаар-аймагынын элине жана курултайларына тиешелүү.

    2.Жергиликтүү прокуратура кызматы, жергиликтүү элдин жана курултайдын алдында жооп тартат.

    3.Жергиликтүү прокурорду кызматынан шайлоо мөөнөтү бүткөнчө бошотуу иши ушул Конституциянын 46-беренесинин 6,7,8,9 жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.

    107 – берене

    1.Кыргыз өлкөсүнүн Башкы прокуроруна ишеним көрсөтпөө укугу Кыргыз элине жана Кыргыз Элдик Курултайга тиешелүү.

    2.Кыргыз Өлкөсүнүн Башкы Прокурору, Кыргыз элинин жана Кыргыз Элдик Курултайдын алдында жооп берет.

    3.Кыргыз Өлкөсүнүн Башкы Прокурорун кызматынан шайлоо мөөнөтү бүткөнчө бошотуу иши ушул Конституциянын 69-беренесинин 4,5,6,8 жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.

    108 – берене

    Кыргыз Өлкөсүнүн прокуратура кызматы мыйзам актыларынын так жана бирдей аткарылышына өз кызмат укугунун чегинде көзөмөл жүргүзөт. Прокуратура кызматы кылмыш-жаза куугунтугун жүргүзөт, мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте иштерди соттук териштирүүдө катышат.

     

    КЫРГЫЗДАРДЫН  ЭРКИН ӨЛКӨСҮНДӨГҮ СОТТОР

    ЖАНА  СОТ АДИЛЕТТИГИ

    109 – берене

    1.Кыргыздардын Эркин Өлкөсүндө сот адилетигин сот гана ишке ашырат.Мыйзамда белгиленген тучурларда жана тартипте Кыргыз Өлкөсүнүн жарандары сот адилеттигин ишке ашырууга катышууга укуктуу.

    2.Сот  адилеттиги жарандык, кылмыш-жазалык, административдик  жана сот ишин жүргүзүүнүн башка түрлөрү аркылуу жүзөгө ашырылат.

    3.Кыргыз Өлкөсүнүн сот тутуму, Кыргыздардын Эркин Өлкөсүнүн Конституциясы жана мыйзамдары менен белгиленет жана жергиликтүү айылдык, чакан шаардык, шаар-аймактык соттордун ошондой эле Кыргыз Өлкөсүнүн Жогорку Сотунан турат.

    Конституциялык мыйзам менен адистештирилген соттор түзүлүшү мүмкүн.Өзгөчө сотторду түзүүгө тыюу салынат.

    4.Соттордун ишин уюштуруу жана анын тартиби мыйзам менен аныкталат.

    110– берене.

    1.Соттор көз карандысыз жана Кыргыз Өлкөсүнүн Конституциясына жана мыйзамдарына гана баш ийет.

    2.Сот кылмыш үстүнөн кармалгандан тышкаркы учурларда кармалууга же болбосо камакка алынууга, жеке өзү же болбосо анын буюмдары тинтилүүгө тийиш эмес.

    3.Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку Сотун кылмыш-жазалык жана ошондой эле сот тартибинде административдик жоопкерчиликке тартууга Кыргыз Элдик Курултайдын макулдугу менен гана уруксат берилет

    4.Кыргыз Өлкөсүнүн жергиликтүү сотун кылмыш-жазалык жана ошондой эле сот тартибинде административдик жоопкерчиликке тартууга жергиликтүү курултайдын макулдугу менен гана уруксат берилет.

    5.Соттон белгилүү бир иш боюнча жооп сөз талап кылууга эч кимдин укугу жок.

    111 – берене

    1.Жашы 35(отуз беш) жаштан кем эмес жана 65(алтымыш беш)жаштан ашпаган мамлекеттик тилди билген,укуктук жогорку билими бар жана укуктук кесиби боюнча

    15 (он беш) жылдык тажрыйбасы бар талапкер болуп көрсөтүлгөнгө чейин, ошол айыл-кыштакта,чакан шаарда жана шаар-аймагында кеминде 15(он беш) жыл жашаган Кыргыз Өлкөсүнүн жараны жергиликтүү сот болуп 5(беш) жылдан 2(эки) мөөнөткө гана шайлана алат.                                                                                                               

    2.Жергиликтүү соттор ошол айыл-кыштактын,чакан шаардын жана шаар-аймагынын эли тарабынан шайланат.

    3.Жергиликтүү сот кызматы айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн казынасынын эсебинен каржыланат.     

    4.Жашы 35(отуз беш) жаштан кем эмес жана 65(алтымыш беш) жаштан ашпаган, мамлекеттик тилди билген,укуктук жогорку билими бар жана укуктук кесиби боюнча

    15(он беш) жылдык тажрыйбасы бар, талапкер болуп көрсөтүлгөнгө чейин Кыргыз Өлкөсүндө кеминде 15 (он беш) жыл жашаган Кыргыз Өлкөсүнүн жараны, Кыргыз Өлкөсүнүн жогорку Соту болуп 5(беш) жылдан 2(эки) мөөнөткө гана шайлана алат.

    5.Кыргыз Өлкөсүнүн Жогорку Соту жалпы Кыргыз эли тарабынан шайланат.

    6.Жогорку Сот кызматы Кыргыз Өлкөсүнүн казынасынын эсебинен каржыланат.

    112 – берене

    Соттор кызматынан өз калоосу менен, ден-соолугуна байланыштуу, жасаган кылмышы үчүн, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айып өкүмүнүн негизинде, ошондой эле конституциялык мыйзамда каралган башка негиздер боюнча бошотулат.

    113  - берене

    1.Жергиликтүү сотторго ишеним көрсөтпөө укугу ошол айыл-кыштактын,чакан шаардын,шаар-аймагынын элине жана курултайларына тиешелүү.

    2.Жергиликтүү сот кызматы жергиликтүү элдин жана курултайдын алдында жооп тартат.

    3.Жергиликтүү сотту кызматынын шайлоо мөөнөтү бүткөнчө бошотуу иши, ушул

    Конституциянын 46-беренесинин 6,7,8,9-жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.

    114 – берене

    1.Кыргыз Өлкөсүнүн Жогорку Сотуна ишеним көрсөтпөө укугу, Кыргыз элине жана

    Кыргыз Элдик Курултайга тиешелүү.

    2.Кыргыз Өлкөсүнүн Жогорку Сот кызматы, Кыргыз элинин жана Кыргыз Элдик Курултайдын алдында жооп тартат.

    3.Кыргыз Өлкөсүнүн Жогорку Сотун кызматынан шайлоо мөөнөтү бүткөнчө бошотуу иши, ушул Конститутциянын 69- беренесинин 4,5,6,7-жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.

    115 – берене

    1.Кыргыздардын Эркин Өлкөсүнүн Жогорку Соту – Конституцияны коргоо, жарандык,

    кылмыш-жаза жана администрациялык сот ишин жүргүзүү жагындагы, ошондой эле Кыргыз мамлекетинин мыйзамдарында каралган башка иштер боюнча сот адилеттигинин жогорку уюму.

    2.Кыргыз Өлкөсүнүн Жогорку Сотунун түзүлүшү:

          - Жогорку Соттон;

          - эки орун басарынан;

          - Конституцияны коргоо;

          - жарандык;

          - кылмыш-жаза;

          - административдик;

         - эсеп-кысап;

    бөлүмдөрүнөн турат.

        1).Бөлүмдөр – бөлүм башчыдан жана 4(төрт) кызматчыдан турат.                             

             Эсеп-кысап бөлүмү – бөлүм башчыдан жана 2(эки)кызматчыдан турат

        2).Бөлүмдөр – өз сот ишин жүргүзүү багытындагы иштерди даярдайт.Жогорку Сот ал

            иштер боюнча конституциялык мыйзамдарга ылайык өзүнүн чечимин чыгарат.

    3.Кыргыз Өлкөсүнүн Жогорку Соту – Жогорку Соттун кызматчыларын өзү дайындайт жана кызматынан бошотот жана алардын  аткарган иштери үчүн жеке өзү жооп тартат.

    4.Кыргыз Өлкөсүнүн жаъы Жогорку Сотунун шайланышы менен,мурунку Жогорку Соттун жана анын курамынын толук бойдон кызматтан кетишине алып келет.

    116 – берене

    1.Кыргыздардын Эркин Өлкөсүнүн Жогорку Соту:                                         

    1).мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар  Кыргыз мамлекетинин

    Конституциясына карама-каршы келген учурда аларды конституцияга ылайык эмес деп табат.

          2).Кыргыз Өлкөсүнүн Конституциясын ишке ашырууга, колдонууга жана аны чечмелөөгө байланыштуу талаш-тартыштарды чечет.

          3).жергиликтүү сотторду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу ишин карайт

    жана чечим чыгарат.

          4).жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутумунун Кыргыз мамлекетинин Конституциясына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгарат.

          5).саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын иш-аракеттеринин Кыргыз мамлекетинин Конституциясына ылайык келиши жөнүндөгү маселени чечет.

    2.Жогорку Соттун чечими акыркы чечим болуп саналат жана ага карата доомат коюлбайт. Жогорку Сот тарабынан мыйзамдарды жана ушул беренеде белгиленген башка актыларды Конституцияга ылайык эмес деп табылышы, алардын Кыргыз мамлекетинин аймагында колдонулушун жокко чыгарат, ошондой эле Конституцияга ылайык эмес деп табылган актыга негизделген ченемдик актыларды жана башка актыларды жокко чыгарат, буга сот актылары кирбейт. Сот актыларын жокко чыгаруунун жана жокко чыгарууга байланыштуу маселелерди чечүүнүн мөөнөтү жана тартиби, мыйзамды же болбосо башка актыны Конституцияга ылайык келбейт деп табуунун ар бир учуру Кыргыз Элдик Курултайдын кабыл алган мыйзамдарына ылайык чечилет.

    3.Жогорку Сот тарабынан Конституцияга тиешелүү маселелерди чечүүнүн ишин жүзөгө ашыруу тартиби мыйзам менен жөнгө салынат.

    117 – берене

    1.Кыргыз Өлкөсүнүн Жогорку Сотунда түзүлгөн сот инстанциялары мыйзамдар менен алардын кароосуна берилген иштерди карашат, ошондой эле белгиленген процесстик жол менен жергиликтүү сот инстанцияларынын сот актыларын кайра кароону ишке ашырат жана алар боюнча акыркы чечим чыгарат.

    2.Кыргыз Өлкөсүнүн Жогорку соту сот процессинин катышуучуларынын даттануусу боюнча, жергиликтүү соттордун сот актыларын кайра кароо ишин жүргүзөт.Мыйзамда Кыргыз Өлкөсүнүн Жогорку Сотунун жергиликтүү соттордун актыларын күчүндө калтыруу, аларды өзгөртүү же  болбосо  иш боюнча жаъы чечим кабыл алуу ыйгарым укуктары белгиленүүгө тийиш. Кыргыз Өлкөсүнүн Жогорку Соту кабыл алган актыларга даттанууга болбойт.

    3.Кыргыз Өлкөсүнүн Жогорку Соту, сот тажрыйбасынын маселелери боюнча төмөн турган соттор үчүн милдеттүү түрдө жетекчиликке алынуучу түшүндүрмөлөрдү берет.

    118 – берене

    Мамлекет соттордун иштешин жана аларды каржылоо үчүн тийиштүү шарттарды түзүп берет.Сотторду каржылоо жергиликтүү жана Кыргыз Өлкөсүнүн казынасынын эсебинен жүргүзүлөт жана сот адилеттигин мыйзамдарга ылайык толук жана көз карандысыз турмушка ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.

    119 – берене

    1.Баардык соттордо иштер ачык каралат.Сот иштерин жабык жыйналыштарда кароого мыйзам тыюу салат.Соттун чечими элдин алдында ачык жарыяланат.

    2.Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо кылмыш-жаза жана башка иштерди сотто сыртынан териштирүүгө жол берилбейт.

    3.Сот иши тараптардын жүйөөлөшүүсүнүн жана теъ укуктуулугунун негизинде жүргүзүлөт.

    4.Сот актысын жокко чыгаруу, өзгөртүү же болбосо токтото туруу мыйзамда белгиленген тартипте сот тарабынан гана жүргүзүлүшүү мүмкүн.

    5.Кылмыш-жаза иштери боюнча айыпталуучу өзүнүн күнөөлүү эместигин далилдөөгө милдеттүү эмес. Күнөөлү экендигин жокко чыгарууга мүмкүн болбогон күмөн саноолор айыпталуучунун пайдасына чечмеленет.

    6.Өзүнүн кылмыш жасагандыгын мойнуна алгандыгынын негизинде гана эч ким соттолушу мүмкүн эмес.

    7.Кылмыш иши үчүн  соттолгон ар бир адам мыйзамда белгиленген тартипте,өкүмдүн жогорку турган сот инстанциясында кайра каралышына укуктуу,ошондой эле ырайым кылууну же болбосо жазаны жеъилдетүүнү өтүүнүгө укуктуу.

    8.Бир эле укук бузгандыгы үчүн эч ким эки жолу жоопкерчилике тартылууга тийиш эмес.

    9.Кылмыш-жаза мыйзамын окшош окуялар боюнча колдонууга жол берилбейт.

    10.Адамдын жоопкерчилигин белгиленген же оордоткон мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт.Жасалган учурда укук бузуу катары таанылбаган аракеттер үчүн, эч ким жоопкерчиликке тартылууга тийиш эмес. Эгерде укук бузуу жасалгандан кийин ал үчүн жоопкерчилик жокко чыгарылса же болбосо жеъилдетилсе, анда жаъы мыйзам колдонулат.

    11.Эч ким өзүнө жана өзүнүн жубайына мыйзам менен аныктала турган жакын туугандарына каршы күбө болууга милдеттүү эмес. Мыйзамда көрсөтмө берүү милдетинен бошотуулучу башка дагы учурлар белгилениши мүмкүн.

    12.Кармалган, камакка алынган же болбосо кылмыш жасаган деп айыпталган ар бир адам, кармалган, камакка алынган же болбосо күнөө коюлган учурдан тартып коргоочунун (адвокаттын) жардамынан пайдаланууга укуктуу.

    13.Кылмыштардан жана кызмат укугун кыянат пайдалануудан жабыр тарткандардын укуктары мыйзам тарабынан корголот. Мамлекет алардын сот адилеттигинен пайдалануусун жана келтирилген зыяндын ордун толтуруп алуусун камсыз кылат.

    120 – берене

    1.Кыргыздардын Эркин Өлкөсүнүн мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген актылары, баардык мамлекеттик уюмдар,чарба жүргүзүүчү тараптар (субьектилер),      коомдук бирикмелер, кызмат адамдары жана жарандар үчүн милдеттүү жана өлкөнүн бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.

    2.Сот актыларын аткарбоо, тийиштүү түрдө аткарбоо же болбосо аларды аткарууга жолтоо кылуу, ошондой эле соттордун ишине кийлигишүү мыйзам тарабынан белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

    121 – берене    

    1.Сот, Кыргыздардын Эркин Өлкөсүнүн Конституциясына каршы келген ченемдик укук актыларын колдонууга укуксуз.

    2.Кайсы гана сот инстанцияларында болбосун сот ишин кароодо иштин чечимине байланыштуу мыйзамдардын ылайыктуулугу жөнүндө маселе пайда болсо, анда сот Жогорку Сотко суроо-талап жиберет.

    122 – берене

    1.Жаранга көпчүлүк алдында же болбосо башкача түрдө күнөө коюлбасын, ал сотто өзүнүн ар-намысын жана укугун коргоого акылуу, кандай гана жагдайда болбосун ушундай соттук коргоону алып салууга жол берилбейт.

    2.Коргоо жагынан камсыз болуу -  сот ишинин жүрүшүнүн ар бир баскычында адамдын бузулбас укугу болуп саналат.Жарандын каражаты жок болсо ага укуктук жардам жана коргоо мамлекеттин эсебинен камсыз кылынат.

    3.Сот ишине катышуучулардын процесстик укуктары анын ичинде чечимдерге, өкүмгө жана башка сот актыларына карата даттануу укугу,ошондой эле алардын ишке ашыруу тартиби мыйзам менен аныкталат.

    123 – берене

    1.Кылмыш жаза жана административдик иштер боюнча күнөөнү далилдөө түйшүгү айыптоочуга жүктөлөт.

    2.Мыйзамды бузуу жолу менен алынган далилдер жараксыз деп табылат, сотто ага таянууга жол берилбейт.

    124– берене

    Кыргыздардын Эркин Өлкөсүндөгү  сот адилеттигинин ушул Конституцияда көрсөтүлгөн принциптери, баардык соттор үчүн бирдей жана жалпы негиз болуп саналат.

                                                            

    ТОГУЗУНЧУ  БӨЛҮМ

    125 – берене

    1.Кыргыздардын  Эркин  Өлкөсүндө  тартип  жана  укук  коргоо  уюмдары жана кыргыз куралдуу  күчтөрү тарабынан, ар кандай тынч нааразылыктарын билдирүү үчүн көчө жүрүштөрүнө чыккан өз элине каршы, кандай гана курал болбосун колдонууга, Кыргыздардын Эркин Өлкөсү катуу тыюу салат.

    2.Кыргыз элинин кызматын аткаруучулар тарабынан Кыргыз элине каршы курал колдонуу, бул өтө оор кылмыш болуп эсептелинет.

    3.Кыргыздардын Эркин Өлкөсүндө, Кыргыз элине каршы курал колдонууга буйрук бергендер  жана ошол буйрукту аткаргандар Кыргыз элинин алдында дагы, мыйзам алдында дагы кылмыш жообуна тартылышат.                                                                  

    126 – берене

    1.Кыргыздардын Эркин Өлкөсүндө эбегейсиз көп пайдасы жок чыгымдарды алып келип жаткан транспорт каражаттары менен мамлекеттин эсебинен чектелүү тармактар гана каржыланат

            1).айылдык,чакан шаардык жана шаар-аймактык;                                                    

                      - өрт өчүрүү,коммуналдык чарба тармактары – оор салмактагы транспорт

                         каражаттары менен камсыздалат;

                      - оперативдүү милиция кызматы, жеъил жана орто салмактагы транспорт

                         каражаттары менен камсыздалат;

                      - ооруканалардын тез жардам кызматы -  жеъил жана орто салмактагы

                         транспорт каражаттары менен камсыздалат;

    2.Кыргыз Өлкөсүнүн:

          - ички иштер кызматынын атайын даярдалган бөлүктөрү,жаза мөөнөтүн өтүүчү жайлары жана аны кайтаруучу бөлүктөрү – орто жана оор салмактагы транспорт каражаттары менен камсыздалат;

          - улуттук коопсуздук кызматы жана чек-ара аскерлери – орто жана оор салмактагы транспорт каражаттары менен камсыздалат;                                                                                          

          - куралдуу күчтөр – орто жана оор салмактагы транспорт каражаттары менен камсыздалат;

          - Өкмөт Башчысы – жеъил транспорт каражаты менен камсыздалат;

          - Кыргыз Өкмөтүнүн калган тармактары курьердик кызматтар үчүн  жеъил

    жана орто салмактагы транспорт каражаттары менен камсыздалат;

    3.Кыргыздардын Эркин Өлкөсүнүн калган мамлекеттик жетекчи жана катардагы кызматчылары транспорт каражаттарын жеке өзүлөрүнүн эсебинен камсыздашат.        

    127 – берене

    1.Кыргыздардын Эркин Өлкөсүндө:

        - айыл, ири жана чакан шаар өкмөт башчыларын;

        - Кыргыз Өкмөт Башчысын;

        - мыйзам чыгаруу Кеъешинин мүчөлөрүн;

        - жергиликтүү прокурорлорду жана сотторду;

        - Башкы Прокурор жана Жогорку Сотту;

    шайлоо бир эле мезгилде жана бир эле күндө октябрь айынын соъку жекшембисинде өткөрүлөт.

    2.Шайлоо жалпы Кыргыз эли тарабынан теъ жана түздөн түз  шайлоо укугунун негизинде, ачык добуш берүү аркылуу жүргүзүлөт. Шайлоочулардын жарымынан көбүнүн добушун алган талапкерлер, шайланды деп эсептелинишет.

    3.Кыргыз Өлкөсүнүн:

        - айыл,ири жана чакан шаар өкмөт башчыларын;

        - Кыргыз Өкмөт Башчысын;

        - мыйзам чыгаруу Кеъешинин мүчөлөрүн;

        - жергиликтүү прокурорлорду жана сотторду;

        - Башкы Прокурор жана Жогорку Сотту,

    мөөнөтүнөн мурда шайлоо,алардын иш алып баруу укугу мөөнөтүнөн мурда токтоо учуруна  3(үч) ай аяктаар алдындагы соъку жекшемби күнү өткөрүлөт.

    128 – берене

    1. Кыргыз Өлкөсүнүн жалпы эл тарабынан шайланган элдин кызматчылары өзүлөрүнүн кызматтарына киришип жатып төмөнкүдөй ант беришет.

     “Мен ,..., Кыргыз Өлкөсүнүн;

    айылдык-

    - курултайынын, өкмөт өкүмүнүн, сотунун, прокурорунун;

    шаар-аймактык –

    - курултайынын, өкмөт өкүмүнүн, сотунун, прокурорунун;

    чакан шаардык –

    курултайынын, өкмөт өкүмүнүн, сотунун, прокурорунун;

    ири шаар –

    - курултайынын, өкмөт башчысынын;

    - Кыргыз Элдик Курултайынын;

    - Кыргыз Өкмөт Башчысынын;

    - Мыйзам чыгаруу Кеъешинин;

    - Жогорку Сотунун;

    - Башкы Прокурорунун;

    - Улуттук Банктын төрагалыгынын;

    - Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясынын төрагалыгынын;

    - Акыйкатчысынын кызматына киришип жатып –

    - Конституцияны жана мыйзамдарды, адилеттикти, чындыкты жана калыстыкты, теъдикти чын ниетим менен ыйык тутууга жана сактоого;

    - Кыргыз Өлкөсүнүн эгемендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын жан аябай коргоого;

    - Кыргыз Өлкөсүнүн баардык жарандарынын эркиндиги  менен укуктарын урматтоого жана камсыз кылууга;

    - Кыргыз Өлкөсүндө бюрократияга, паракорчулукка, кыргыз элинин жерин, кен байлыктарын, акча-каражатын жана мүлкүн уурдап, талап-тоногондорго каршы аеосуз күрөшөм деп, - Кыргыз Элимдин жана Ата журтумдун алдында ант беремин.

    Эгерде  мен, Кыргыз Элимдин алдында айткан сөздөрүмдү аткарбасам жана кабыл алган антымдан тайсам, анда мен Кыргыз Элимдин алдында берген антымдын ар бир сөзү үчүн жоопкерчиликти толук бойдон өзүмдүн мойнума алып, мага каршы Кыргыз Элим кандай гана жаза колдонбосун мен ошол жазаны кыък этпестен аткарууга милдеттүүмүн”.

    Ант берген учурдан баштап жогоруда аты аталган элдин кызматын аткаруучулар расмий түрдө өзүлөрүнүн иштерин аткара башташат.

    3. Элдин кызматын аткаруучулар Кыргыз Элинин алдындагы өзүлөрүнүн милдеттерин аткарып жаткан мезгилде жаъы шайлоо башталганга чейин саясый партиялардагы жана

    уюмдардагы өзүлөрүнүн иштерин токтотуп турушат.

    129-берене                                                                                                                  

    1.Жергиликтүү жана ири шаар курултайларынын мүчөлөрүнүн ант берүү аземи, алардын биринчи жыйыны өтүп жаткан мезгилде өтөт.                                                                                                       

    2.  Жергиликтүү өкмөт башчыларынын, соттордун жана прокурорлордун жана ири шаар башчыларынын ант берүү аземи, жергиликтүү жана ири шаар курултайларынын жыйындары жылдын аягында декабрдын  1-нен, 10-на жана 10-нан 15-не чейин өтүп жаткан мезгилде өтөт.

    3. Кыргыз Элдик Курултайдын мүчөлөрүнүн ант берүү аземи алардын биринчи жыйыны өтүп жаткан мезгилде өтөт.                                                                                          

    4. Кыргыз Өлкөсүнүн Өкмөт Башчысынын, Мыйзам чыгаруу Кеъешинин мүчөлөрүнүн, Жогорку Сотунун жана Башкы прокурорунун ант берүү аземи, Кыргыз Элдик Курултайдын жыйыны жылдын аягында декабрдын 15-нен 30-на чейин өтүп жаткан мезгилде өтөт.                                                                                                                            

    5. Кыргыз Өлкөсүнүн Улуттук Банкынын төрагасынын, шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиянын төрагасынын, Акыйкатчысынын ант берүү аземи, аларды Кыргыз Элдик Курултайдын мүчөлөрү шайлаган мезгилде өтөт.

    130 – берене

    Кыргыздардын Эркин Өлкөсүндө мамлекеттик ар кандай деъгээлдеги Кыргыз элинин кызматын аткаруучулар расмий иш-аракеттерде, жыйындарда, чогулуштарда бири-бирине расмий түрдө – мырза деп кайрылуулары тийиш.                                                                                                   

                                                   

    ОНУНЧУ  БӨЛҮМ

    КЫРГЫЗДАРДЫН ЭРКИН ӨЛКӨСҮНҮН КОНСТИТУЦИЯСЫНА

    ӨЗГӨРТҮҮ ЖАНА ТОЛКТООЛОРДУ КИРГИЗҮҮ ЖӨНҮНДӨ

    131 - берене

    Кыргыздардын Эркин Өлкөсүндө ушул Конституциянын  долбоору Кыргыз элинин көпчүлүгү тарабынан талкууланган жана жактырылып кабыл алынгандан кийин, ушундай басылышында өзгөртүлбөстөн жана толукталбастан түбөлүк колдонулат.

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *