Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кыргыз пресса
Текебаев экс-министр Зарылбек Рысалиевге чабуулун катуулатты
«Фабула» гезити «Өз жигитин өздөрү коргоп алышат» деген маалыматты чыгарган. Анда «Өмүрбек Текебаев мурунку ИИМ министри Зарылбек Рысалиевге чабуулун катуулатты. Рысалиев айткан мародерлук иш боюнча далил табылган жок деп, өзүнүн жердеши Башкы прокурордун орун басары Темирбек Бекмамат уулу аркылуу кылмыш ишин козготмокчу болуп жатат. Бирок «кыңыр иш кырк жылда» дейт. Чындык акыры бир күнү чырылдап чыгаар. Ал эми «Ата Мекен» Зарылбекке катылам деп, Таласта катуу запкы тартып калышы мүмкүн. Себеби Өмүрбек Текебаев жана анын командасынын негизги колдоочулары Жалал-Абадда же Чүйдө эмес, дал ушул Таласта. Ал эми эркекче жүргөн таластыктардын эркеси Зарылбек Рысалиев үчүн жердештери тикесинен тик туруп беришет. Текебаев бийликтеги таасирине таянып Зарылбекке катылган күнү Болот Шери борсулдап, Койсуну кокуйлаганына карабай катыгын катуу беришет» – деп жазган.