0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - ЭлдикNews - Мнения и идеи граждан

    ЖАН КИРГЕН АТОМДОР

    ЖАН КИРГЕН АТОМДОР
    15 03 2015 13:45

    Автор:  ХАРУН ЯХЬЯ
     
    Бул жерге чейин заттын кантип жоктон бар болгону жана атомдор жөнүндө сөз кылдык. Жана атомдор жандуу-жансыз бүт баарынын курулуш материалы дедик. Бирок атомдордун жансыз нерселерден тышкары жандуулардын да курулуш материалы экенине басым жасоо керек. Атомдор жансыз бөлүкчөлөр болгондуктан бир жандуунун курулуш материалы болушу, албетте, абдан таң калыштуу. Бул ошол эле учурда эволюционист илимпоздор да эч түшүндүрө албаган жагдай.
    Бир жерге чогулган таштардын жандууну пайда кылышы мүмкүн эмес болгон сыяктуу эле, жансыз атомдордун да биригип, өз башынча жандууларды пайда кылышы мүмкүн эмес. Бир таш сыныгы менен бир көпөлөктү элестетиңиз. Бирөө жансыз, экинчиси жандуу. Бирок түбүн караганыңызда экөө тең бирдей элементардык бөлүкчөлөрдөн турат.
    Жансыз заттын жандууга өзүнөн-өзү айлана албашы жөнүндө мындай мисал да жакшы болушу мүмкүн: алюминий уча алабы? Жок; а эгер алюминийди, пластикалык зат жана бензин менен аралаштырсак уча алабы? Албетте анда да уча албайт. Эгер бул заттарды бир учакты түзө турган абалда чогултсаңыз гана уча алышат. Анда учактын учушун эмне камсыз кылууда? Канаттарбы? Моторбу? Учкучпу? Жок, булардын эч бири өз башынча уча албайт. Негизи учак эч учуу жөндөмү жок бул заттардын абдан пландуу бириктирилип жасалышы натыйжасында пайда болгон. Учуу жөндөмү алюминийден да, пластикадан да, бензинден да эмес. Бул заттардын өзгөчөлүктөрү маанилүү, бирок учуу жөндөмү бул заттардын абдан пландуу бириктирилиши менен гана мүмкүн болот. Жандуу системалар да дал ушундай. Бир жандуу клетка да жансыз атомдордун абдан пландуу бириктирилишинен пайда болгон. Жандуу клеткалардын чоңойуу, көбөйүү жана ушуга окшогон өзгөчөлүктөрү молекулалардын сыпатынын эмес, кемчиликсиз бир долбоордун натыйжасы. Бул жердеги долбоор Аллахтын өлүктөн тирүүнү жаратуусунан башка нерсе эмес:
     
    «Данекти жана урукту жаруучу – бул шексиз Аллах. Ал тирүүнү өлүүдөн чыгарат, өлүүнү болсо тирүүдөн чыгарат. Мына Аллах ушул. Андай болсо кантип бурулуп кетүүдөсүңөр?» (Энъам Сүрөсү, 95)
     

     

    Жансыз бир затты бир жандууга улуу күч жана акыл ээси Аллах гана айланта алат, б.а. бир жандык жаратылышы гана мүмкүн. Жандуу системалар ушунчалык комплекстүү системаларга ээ болгондуктан, учурдагы технологиялык жетишкендиктер менен да алардын кандайча иштеши толук түшүнүлө алган жок.
    Бирок 20-кылымда абдан чоң ылдамдыкта өнүккөн технология менен бирге укмуштуу алга жылган илим урматында байкалган бир чындык бар. Жандуулар абдан комплекстүү түзүлүшкө ээ. 19-кылымдын ортолорунда Эволюция теориясы чыккан кезде примитивдик микроскоптор менен жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөр клетканы жөнөкөй бир так сыяктуу эле көрсөткөн. 20-кылымда болсо өнүккөн технологиялык шаймандар, электрондук микроскоптор менен жасалган байкоо жана изилдөөлөр жандыктардын курулуш материалы болгон клетканын кемчиликсиз бир долбоор натыйжасында гана пайда боло ала турган, абдан комплекстүү түзүлүштө экенин аныктады. Эң негизгиси бул изилдөөлөр жандуулуктун жансыз заттан өз башынча пайда болушунун эч мүмкүн эмес экенин көрсөттү. Жандуулуктун булагы бир гана жандуулук. Бул чындык эксперименттер аркылуу да далилденди.39 Эволюционисттерди «камаган» бир маселе мына ушул. Ушул себептен жарга такалган атактуу эволюционист илимпоздор илимий далилдерди сунуунун ордуна көз бойомочулукка багытталган жомокторду айтышат. Заттын өз аң-сезими, жөндөмү, эрки бар деген эч акыл жана илимге сыйгыс көз-караштарды жакташат. Бирок бул тантырак жомокторго өздөрү да ишенишпейт жана жооп берилиши керек болгон негизги суроолордун илимий жактан жооптоло албаганын моюнга алууга мажбур абалда калышат:
    «Жашоо баштала электе жер бети түшүмсүз жана жашоосуз болгон бир период бар эле. Азыр жер бетинде жашоо кайнайт. Бул кандайча болду экен? Жашоо жок кезде көмүртек негиздүү органикалык молекулалар кантип пайда болду? Алгачкы жандыктар кантип жашай баштады? Жашоо кандай бир эволюция көрсөтүп, учурдагы адамдар сыяктуу детальдарга толо, татаал жандыктар пайда болду? Өз тамырын изилдей турган жөндөмдөгү жандыктарга кантип жетишилди?»40
    «Учурда эволюция теориясынын чечилбеген табышмагы – бул заттын булагынын эмне экени, кантип эволюциялашканы жана дүйнөдөгү азыркы формасына кантип жеткени жана эмне үчүн өзүн-өзү комплекстүү жандуу молекула топторуна айланта алганы.»41
    Жогорудагы эволюционист илимпоз да мойнуна алгандай, эволюция теориясынын негизги максаты, негизги принциби – бул жандыктарды Аллахтын жаратканын жокко чыгаруу. Бирок ааламдын ар чекитинде жаратылуу чындыгы айдан ачык көрүнүп турса да жана ар бир детальдын кокустуктар менен эч пайда боло албагандай кемчиликсиз пландын жемиши экендиги ортого чыкса да, эволюционисттер бул чындыкты көрмөксөн болушкандыктан, чыкпас айлампа ичинде айланган бойдон турушат.
    Учурдагы эң таанымал эволюция теориясы жактоочуларынан атактуу илимпоз Ричард Доукинс (Ric­hard Daw­kins) болсо төмөндөгү сөздөрү менен статистикалык жактан максатсыз кокустуктар баарын пайда кылган деген ишенимдин туура эмес экенин жана мунун жалгыз альтернативасынын табият үстү бир күч экенин мойнуна алууда:
    «Бир нерсенин ишке ашуу ыктымалдыгы статистикалык жактан төмөндөгөн сайын анын кокустуктун натыйжасы эмес экенине болгон ишенимибиз ошончолук өсөт: демек эгер шанс жок болсо, буга жалгыз альтернатива – «акылдуу бир долбоорчунун» бар экендиги.»42
    Бирок бул чындыкка ишенүүнүн ордуна эволюционист илимпоздор өлүк заттын жөндөмдөрү, заттын өзүн жандуу нерселерге айлантканы жөнүндө сөз кылууну тандашат. Бирок бул илимпоздор чындыкты көрмөксөн болуп жатып, байкабастан өздөрүн күлкүмүштүү абалга салышууда. Жансыз заттын, б.а. атомдордун жөндөмдүү экенин, бул жөндөмдөрүн колдонуу менен өздөрүн жандуу системаларга айлантканын жактоонун рационализм менен эч бир байланышы жок.
     
    Бул акылга сыйгыс жомоктордун канчалык чындык менен байланышы бар экенин төмөнкү мисалды окуган соң өзүңүз чечесиз. Эволюционисттердин жансыз жана аң-сезимсиз атомдорду жандуу нерселерге жана эң негизгиси жогорку бир аң-сезимдүү жана мээлүү адамдарга айлантуу сценарийин караңыз:
    Чоң жарылуудан соң кандайдыр бир себеп менен ичинде абдан так тең салмактуулуктагы күчтөр бар атомдор өздөрүн өздөрү пайда кылышкан. Бүт ааламды түзө турган сандагы атомдун бир бөлүгү космостогу жылдыздарды, планеталарды түзсө, бир бөлүгү дүйнөнү түзгөн. Дүйнөнү түзгөн атомдордун бир бөлүгү башында таш-топуракты түзүшсө, кийинчерээк кокустан жандыктарды пайда кылуу чечимин алышкан! Бул атомдор алгач абдан комплекстүү бир түзүлүштөгү клеткаларга айланышып, кийин пайда кылган бул клеткаларды экиге бөлүп көбөйтүшкөн, кийин болсо сүйлөп, угуп башташкан. Андан соң бул атомдор университет профессорлоруна айланышып, электрондук микроскоптор менен өздөрүн изилдешип, кокустан пайда болгонун айтып чыгышкан. Кээ бир атомдор биригип көпүрөлөрдү, бийик имараттарды курган инженерлерди, кээ бирлери биригип спутниктерди, космос унааларын, учактарды жасашып, кээ бирлери болсо физика, химия, биология тармактарында адистешишкен. Көмүртек, магний, фосфор, калий, темир сыяктуу атомдор биригип капкара бир жыйындыны түзүүнүн ордуна, кереметтүү комплекстүү жана сырлары али толук ачыла элек кемчиликсиз мээлерди пайда кылышкан. Бул мээлер эч бир технология менен жете албагандай тунук, 3 өлчөмдүү сүрөттөлүштөрдү көрүп башташкан. Атомдордун кээ бирлери комедия актерлорун түзсө, кээ бирлери комедия актерлорунун тамашаларына күлүшкөн. Жана кээ бир атомдор музыка чыгарса, кээ бирлери музыка угуп ырахат алышкан...
    Атомдор атомдорду изилдеп жатат
     
    Бул жомокту созо берсе болот, бирок мунун эч ишке ашпашын көрсөтүү үчүн мындай бир эксперимент жасайлы; эволюционисттер жактап, бирок ачык айта албаган көз-карашты алардын атынан «Дарвиндин формуласы» деген ат менен карайлы:
    Эволюционисттер көптөгөн, чоң идиштердин ичине жандыктардын түзүлүшүндө болгон фосфор, азот, көмүртек, кычкылтек, темир, магний сыяктуу элементтерден каалашынча салышсын. Ал тургай нормалдуу шарттарда кездешпеген, бирок бул аралашма ичинде болсун деп каалаган заттарды да бул идишке салышсын. Бул аралашманын ичине каалашынча амино-кислота, каалашынча (бир даанасынын кокусунан пайда болуу ыктымалдуулугу 1/10950 болгон) протеин кошушсун. Бул аралашмаларга каалаган деңгээлде ысыктык жана нымдуулук беришсин. Буларды каалаган эң алдыңкы инструменттер менен аралаштырышсын. Идиштердин жанына дүйнөнүн алдыңкы илимпоздорун койушсун. Бул адистер атадан балага, урпактан урпакка өткөрүп, алмак-салмак миллиарддаган, ал тургай триллиондогон жылдар бойу идиштердин башында туруп күтүшсүн. Бир жандык пайда болушу үчүн кандай шарттар керек болгон болсо, каалагандай шарт түзүү эркин болсун. Бирок эмне гана кылышпасын, ал идиштерден эч качан бир жандык чыгара алышпайт. Жирафтарды, арстандарды, аарыларды, булбулдарды, тоту куштарды, аттарды, дельфиндерди, гүлдөрдү, орхидеяларды, банандарды, апельсиндерди, алмаларды, курмаларды, помидорлорду, коондорду, дарбыздарды, жүзүмдөрдү, түркүн түстүү көпөлөктөрдү жана ушулар сыяктуу миллиондогон жандык түрүнүн эч бирин жарата алышпайт. Бул жерде саналган бул жандыктардын бирөөсүн эмес, булардын жалгыз бир клеткасын да пайда кыла алышпайт.
     
     
    Зат Аллахтын жаратуусу менен гана бар болот. Мунун тескерисин жактаган эволюция теориясы болсо акылга эч сыйбас бир жомок. Эволюционисттердин жактаган ойлору жөнүндө бир аз эле ойлонуу, жогорудагы мисал көрсөткөндөй, бул чындыкты апачык көрсөтөт.
    Эми болсо аң-сезимсиз атомдордун өз башынча жашоонун негизи болгон ДНК молекуласын жана протеиндерди пайда кылып, кыла албашын да карап көрөлү.
     
    ДНКнын комплекстүү түзүлүшү
    ДНК (дезоксирибонуклеиндик кислота) клетка ядросунда жайгашкан, дененин бүт бөлүктөрүнүн, дененин ар түрдүү өзгөчөлүгүнүн маалыматын алып жүрүүчү коддорду камтыйт. Бул коддор ушунчалык комплекстүү болгондуктан, илимпоздор бул кодду 1953-жылдардан кийин гана бир аз чечмелей алышкан. ДНК бир тараптан бир жандык жөнүндөгү бүт маалыматтарды камтыса, экинчи тараптан өзүн-өзү дал өзүндөй копиялап көбөйө алат. Атомдордун чогулушу, б.а. молекулаларды түзүшү менен гана пайда болгон бир молекуланын кандайча маалымат алып жүрөөрү жана кантип өзүн-өзү копиялап көбөйөөрү да жообу табылбаган суроолордун бири.
    Протеиндер болсо бир жагынан жандыктардын курулуш материалы, экинчи жагынан болсо организмдин көптөгөн маанилүү функциясында негизги ролду ойнойт. Мисалы, бир гемоглобин протеини денебиздин бүт жагына кычкылтек ташыйт, антитело протеиндери денеге кирген микропторду таасирсиз кылат, энзим протеиндери жеген тамактарыбызды энергия бере турган заттарга келе турган абалда сиңиришибизди камсыздайт... ДНКбызда болжол менен 50 миң түрдүү протеин жасалышын камсыз кылуучу «рецепттер» бар. Көрүнүп тургандай, протеиндер бир жандыктын жашоосун улантышы үчүн абдан чоң мааниге ээ жана бул протеиндердин бирөөсү эле болбосо жандык жашай албайт. Баары ири молекулалар болгон ДНК менен протеиндердин өз башынча, кокустуктар натыйжасында пайда болушу илимий жактан мүмкүн эмес.
    ДНК өзгөчө бир тизмектен турган бир нуклеотиддер тизмеги; бир протеин дагы атайын тизмектерге ээ болгон аминокислоталар тизмеги. Баарынан мурда, ДНК молекулаларынын да, миңдеген түрдөгү протеин молекуласынын да кокустуктар натыйжасында жандыктар үчүн маанилүү болгон ылайыктуу тизмектерге ээ боло алышы математикалык жактан мүмкүн эмес. Ыктымалдуулук эсептөөлөрү эң жөнөкөй бир протеин молекуласынын да кокустуктар натыйжасында туура тизиле алышынын «0» ыктымалдуулук экенин көрсөтүүдө (караңыз: Evrim Aldatmacası (Эволюция калпы), Harun Yahya). Бул математикалык ыктымалсыздыктан тышкары, бул молекулалардын кокустан пайда болушунда маанилүү химиялык тоскоолдук да бар: эгер ДНК менен протеиндер арасындагы байланыш убакыт, кокустук жана табигый процесстер натыйжасында келип чыккан болгондо, ДНК менен протеиндер бир-бири менен баш аламан реакцияга кирүү тенденциясында болушмак. Себеби кислота менен негиздердин (базис) бир-бири менен реакцияга кирүү тенденциясы абдан жогору. Натыйжада, кокустуктар роль ойногон болгондо, ДНК менен протеиндер учурдагы жандыктарды пайда кылуунун ордуна, табигый реакцияларга киришип, шекер-кислотасы, амино фосфордук кислота сыяктуу ар түрдүү молекулаларды пайда кылышмак.
    Химиялык түзүлүшү оңой гана реакцияга кирүүгө ылайыктуу болгон ДНК менен протеиндердин убакыттын өтүшү менен кокустан жандыктын жашоосун пайда кылышы мүмкүнбү? Жок, эч мүмкүн эмес. Маселе мындайча: ДНК менен протеиндер кириши ыктымал болгон бүт химиялык реакциялар жандыктын жашоосунун пайда болушуна мүмкүндүк бербеген ТУУРА ЭМЕС реакциялар. Эгер убакыт менен шанска калганда, ДНК менен протеиндер жандыктын жашоосун пайда кылуу мындай турсун, жандык жашоосун жок кыла турган багытта реакцияга киришмек.43
    Байкалгандай, кокустан пайда болушу эч качан мүмкүн болбогон ДНК менен протеиндердин пайда болгондон кийин да жандууну пайда кылуу үчүн ээн баш болушу эч мүмкүн эмес. Учурдагы таанымал ойчулдардан Жан Гиттон да (Je­an Gu­it­ton) «Теңир жана илим» аттуу китебинде бул ыктымалсыздыкка басым жасап, жандуунун пайда болушунун кокустуктар натыйжасында эч мүмкүн эмес экенин айткан:
    «Кайсы «кокустук» натыйжасында кээ бир атомдор бир-бирине жакындап амино-кислоталардын алгачкы молекулаларын пайда кылышты? Кайсы кокустук менен бул молекулалар чогулуп ДНК деп аталган бул абдан комплекстүү түзүлүштү жасашты? Биология илимпозу Франсуа Жакоб (Fran­ço­is Ja­cob) сыяктуу мен дагы төмөнкү жөнөкөй суроону узатам: алгачкы жандуу клетканын туулушун камсыз кыла турган алгачкы маалыматты берген алгачкы ДНК молекуласынын пландарын ким даярдады?
    Эгер ишке кокустукту киргизген гипотезалар менен чектелсек, бул суроолор –жана дагы бир тобу- жоопсуз калат; ошол үчүн бир канча жылдан бери биология илимпоздорунун пикирлери өзгөрүп баштады. Жогору жактагы изилдөөчүлөр Дарвин мыйзамдарын эми ойлонбостон, жаттап түшүндүрүү менен чектелишпөөдө, көбүнчө таң калыштуу жаңы теорияларды чыгарышууда. Булар – апачык заттан жогору, жөнгө салуучу бир принциптин ишке аралашканына таянган теориялар.»44
    Жан Гиттон да айткандай, 20-кылымдагы изилдөөлөр жана илимий ачылыштар жарыгында илим ушундай бир чекке жетти; эми Дарвиндин эволюция теориясынын такыр жараксыз экени илимий бир чындык. Бул илимий чындык жөнүндө америкалык биолог Майкл Бехе (Mic­ha­el Be­he) белгилүү «Дарвиндин кара кутусу» китебинде мындай дейт:
    «Илим жашоонун химиясынын кандайча калыптанганын түшүнүү үчүн абдан чоң кадамдарды жасады. Бирок биологиялык системалардын молекулярдык деңгээлдеги кылдат тартиби жана комплекстүүлүгү булардын келип чыгышын түшүндүрүү темасында илимди шал кылды. Ушул себептен комплекстүү биомолекулярдык системалардын кандайдыр бирөөсүнүн башталышы жөнүндө бир изилдөө аракети жасалган эмес. Көп илимпоздор өздөрүнө ашыкча ишенип, жооптор алда качан колубузда деп айтышкан. Же жакында бул жоопторду алабыз деп айтышкан, бирок профессионалдуу илим адабиятында көз-караштарына колдоо таба алышкан эмес. Андан да маанилүүсү, системалардын өз түзүлүшү изилденгенде, жашоо механизмдеринин Дарвиндик бир көз-караш менен эч түшүндүрүү мүмкүн эмес экени анык.»45
    Бүт аалам жоктон жаратылган сыяктуу, жандыктар да жоктон жаратылган. Эч нерсе жоктон кокустан пайда боло албаган сыяктуу, өлүк заттар да кокустан биригип жандыктарды пайда кыла алышпайт. Чексиз кудурет, чексиз акыл жана чексиз илим ээси Аллахтын күчү гана буларды жасоого кудуреттүү:
     

     

    «Чындыгында, силердин Раббиңер алты күндө асмандарды жана жерди жараткан, андан соң Аршка буйрук берген Аллах. Күндүздү токтобостон аны кубалаган түн менен орогон, күн, ай жана жылдыздарды Өз буйругу менен баш ийдирген. Кабарыңар болсун, жаратуу да, буйрук берүү да (бир гана) Ага тиешелүү. Ааламдардын Рабби Аллах кандай Улук.» (Аьраф Сүрөсү, 54)
     
    Булактар:
     
    39. Henry M. Morris, Impact No. 111, Eylül 1982 
    40. Prof.Dr. Carl Sagan, Cosmos, s.37 
    41. Darlington C.D.,Evolution for Naturalists, (NY, John Wiley, 1980) s.15 
    42. The Necessity of Darwinism, New Scientist, Vol 94, April 15, 1982, s. 130 
    43. Dr. Gary Parker, Impact No: 62, Ağustos 1978 
    44. Jean Guitton, Tanrı ve Bilim, s.38 
    45. Michael Behe, Darwin’s Black Box, s.8
     
    Харун Яхьянын "Атом керемети" китебинен алынды.

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *

    Похожие новости