0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - ЭлдикNews-Стихи и произведения

    Жарды Тил

    17 01 2015 16:00

    Эй жарандар,

    Эрендер,

    Бектер жана берендер,

    Эл баштаган кеменгер,

    Мейли бакыр,

    Мейли баатыр… -

    «МЕН КЫРГЫЗМЫН» дегендер!

    Зоок үчүн келгеним жок бужерге.

    Соболум бар

    Айта турган силерге.

    Бир АТАЖУРТ,

    Бир АСАБА,

    Бир АЖО бар бир элде.

    Анан муну билип ал,

    Кулагыңа сырга кылып илип ал: -

    Ар адамдын

    Ар башкача дини бар,

    Ар башкача дили бар,

    Бирок билгин,

    Бирден гана тили бар,

    Билгин,

    Муну билип ал!

    Эй эрендер!

    Эскертерим силерге:

    Чындап кызмат кылам десе ким элге,

    Сүйсүн тилин

    Сүйгөн жарын сүйгөндөй,

    Күйсүн тилге

    Перзентине күйгөндөй.

    Жалгыз ырын ырдай берет кекилик,

    Кекиликтер койсун мени кечирип.

    Эне тилин билбей туруп,

    Эне тилге күйбөй туруп,

    Эли-журтун

    Сүйөмүн деш чекилик.

    Ысыгыңа алар күйүп,

    Суугуңа тоңалбайт,

    Эне тилин түшүнбөгөн

    Кур кыйкырып күпүлдөгөн,

    Эч убакта Ата Журттун

    Анык уулу болалбайт!

    Бул чындыкты

    Тилин танган

    Тилазарлар,

    Динин танган

    Диназарлар угушсун.

    Мейли алардын куйкалары

    Курумшудай курушсун.

    Ар улуттун улуттугун аныктаар,

    Тил деген бул –

    МЕТРИКАСЫ улуттун!

    Анан муну билип ал,

    Адам түгүл,

    Айбандын да тили бар.

    Жана да бир кызык кеп,

    Айтканыма далил болоор бышык кеп:

    «Ав-ав!» десе күчүк деп,

    «Мый-оо» десе,

    Түшүнөбүз мышык деп.

    Койдо «Ма-а» бар,

    Уйда «Мө-ө» бар атүгүл.

    Тилибизди биз билбесек,

    Кандай болот катыгүн!?

    Суур деле таштай элек аңкушун,

    А сен, кыргыз, байкушум…

    Өз тилиңди жерисең,

    Айтчы анда

    Ким болосуң деги сен?!

    Маңкурттарды көрүп туруп,

    Маңкурттукка кыялбайм.

    КЫРГЫЗ десе сыймыктанам,

    КЫРГЫЗ десе уялбайм.

    Кыргыз тилин билбегенди

    КЫРГЫЗ десе ынанбайм!

    Көңүлүмдө жай таптырбас бушман бар,

    Бул шумдукту

    Укпаган бар,

    Уккан бар:

    Өз тилине өзү каршы чыккан бар,

    Өзөк өрттөп,

    Өздөн чыккан душман бар.

    Кыргыз туруп

    Кыргыз боло албаган,

    Кийиз жүрөк

    «Киргиздерге» таң калам.

    Эне тили гүлдөп жаткан,

    Эне тилде сүйлөп жаткан,

    Коңшулардан арданам.

    Тилибизге кесир кылсак,

    Тирүү туруп жетим кылсак,

    Чоң өкүнүч бар мында.

    Жууса кетпес күнөө болор

    Соңку келчү урпактардын алдында.

    Эл ичинде эселек бар,

    Эсер бар,

    Ыймансыз бар,

    Жана ырыс кесер бар.

    Жакшы билбей эне тилин

    «ЖАРДЫ» — деп,

    Жанын жеген безер бар,

    Ушундай бир кесел бар.

    Эй кыргызым,

    Ким деп айтам,

    Кыргыз тилин

    Жарды деген балаңды?

    Жарды эмес кыргыз тили,

    Так өзүнүн жан дүйнөсү караңгы.

    Дегеле ошол

    Кыргызмын деп,

    Кыргыз үчүн

    Кызмат кылчу адамбы?!

    Жок, калайык,

    Өздөн чыккан сасыткылар,

    Саткындар дейм аларды.

    Толубайың сындаган тил,

    Арстанбек ырдаган тил,

    Манас бабаң сүйлөгөн тил,

    Жыйырма эки кылым бою

    Кыргызды алга сүйрөгөн тил,

    ЖАРДЫ ТИЛБИ, КАЛАЙЫК!?

    Жээренчебиз сайраган тил,

    Жеңи жок ыр кайраган тил,

    Карачачың канбаган тил,

    Жаныбектей аксымдарды

    Жарга такап жайлаган тил,

    Тагай бийден тараган тил,

    Кара мүртөз кан-бектерди

    Кадамактай кадаган тил,

    ЖАРДЫ ТИЛБИ, КАЛАЙЫК!?

    Өнбөс доону өндүргөн тил,

    Өжөрдү эпке көндүргөн тил,

    Жаш жүрөктү ийиткен тил,

    Таш жүрөктү жибиткен тил

    ЖАРДЫ ТИЛБИ, КАЛАЙЫК!?

    Кылым менен оожалган тил,

    Кыргындардан соо калган тил,

    Байрон, Бальзак, Шекспирди,

    Бал татытып оодарган тил,

    ЖАРДЫ ТИЛБИ, КАЛАЙЫК!?

    Пушкин, Тютчев, Есенинди,

    Толстойду, Карамзинди,

    Кыргыздарча сүйлөткөн тил,

    Кызгалдактай гүлдөткөн тил,

    ЖАРДЫ ТИЛБИ, КАЛАЙЫК!?

    Кеп атасын барктаган тил,

    Кесер башты сактаган тил,

    Эрди кундан куткарткан тил,

    Эгешкенди жумшарткан тил,

    Кан төгүүнү токтоткон тил,

    Касташкандар достошкон тил,

    ЖАРДЫ ТИЛБИ, КАЛАЙЫК!?

    Санап-санап кетем эргип,

    Сан ойлорго жетем эргип,

    Ушул тилди жарды тил деш –

    Ары жагы келесоолук,

    Бери жагы текеберлик!

    Тирүүчүлүк сезилбесе,

    Турмуш өлдү деп билем,

    Түндө жаркып көрүнбөсө,

    Жылдыз өлдү деп билем,

    Кыргыз тили сүйлөнбөсө,

    Кыргыз өлдү деп билем!

    Улутуңдун уулу болуп,

    Улайм десең учугун,

    Өзгөлөрдөн калып калбай,

    Өссүн десең тукумум,

    Эне тилге толук бойдон

    Берүү керек укугун.

    Басмырланып башка тилге,

    Жыйындарда сүйлөнбөсө,

    Аймагында жашаган эл

    Аздап-аздап үйрөнбөсө,

    Көчө тилдин деңгээлинен

    Көтөрүлбөйт тилибиз,

    Тил өспөсө,

    Кантип өсөт дилибиз,

    Энөө Кыке,

    Анан муну билиңиз:

    Токтом токуп салуу менен,

    Буйрук кабыл алуу менен,

    Өспөйт тилиң, калың журт,

    Кан-жанымдан

    Кайнап чыккан зарымды ук?!

    Атың кыргыз,

    Затың башка,

    Өзүң кыргыз,

    Сөзүң башка,

    Диниң кыргыз

    Тилиң башка

    Болуп калсын дебесең –

    Жыйындарда,

    Курултайда,

    Чогулушта,

    Жолугушта,

    Ажоң баштап,

    Кожоң коштоп,

    Өз тилиңде сүйлөбөйсүң неге сен?!

    Кылым сүргөн кыргыз тили,

    Кызгалдактай гүлдөсүн,

    Жайып тамыр-бутактарын

    Жаш арчадай бүрдөсүн,

    Ишкананы кенен ээлеп,

    Иш кагазда сайрасын,

    Көчөлөрдө эркин басып,

    Көрнөктөрдө жайнасын.

    Бакчалардан байыр алып,

    Окуу жайда окулсун,

    Тоолуктардын өз тилинде,

    Токтомдору токулсун,

    Телеграф, телефондор

    Сүйлөп турсун кыргызча,

    Ата Журттун эне тили

    Аралашсын турмушка.

    Желбиреген желегиндей,

    Жетсин колу жылдызга!

    Бул чындыкты өз да,

    Жат да угушсун,

    ЭНЕ ТИЛИМ –

    ЭНЕМ,

    ЭЛИМ,

    УЮТКУМ.

    Тунук болсом, -

    Тилим менен тунукмун,

    Улук болсом, -

    Тилим менен улукмун,

    УЛУТ БОЛСОМ, -

    ТИЛИМ МЕНЕН УЛУТМУН!

    Анткени тил –

    Ар улуттун улуттугун аныктаар,

    ПАСПОРТУ да,

    МАНДАТЫ да,

    МЕТРИКАСЫ УЛУТТУН!

     

    Эсенгул ИБРАЕВ, Кыргыз Эл акыны

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *