0312 90 68 58
    info@topnews.kg

    Фотопортал





     

     Ылыева Дамира.

    Апаке балким мен жоомарт адамдырмын.Бирок сизге карата жүрөктө аздектеп,баккан асыл сөздорүмдү айтууга келгенде эмнеге мынча зыкым экенимди өзүм да түшүнбөйм…Нур чачырап жарык жүзүңө карап: «Мен сизди жакшы көрөм,апаке»,-деш неге мынча оор,неге мынча кыйын?Доско,бөбөккө,өмүрлүк жарга карата жылуу сезимиңди билдирүү опоңой эле го.Анткен менен,сиз жок жерде ,сизге арналган сөз кереметтери дилимден оргуган жанардай жарып чыгат.Ошонун ондон бирин сизге айта алсам кана….Балким бул  энеге карата эң таза жана ыйык сезимди ,сый урматты сөз менен сүрөттөгөө мүмкүн эместигинин далилдири…

    Мен өз сөзүмдү ушул сөздөр менен баштаганымдын себиби,апама болгон сезимимдин ыйыктыгын далилдегим келди.Ооба баарыбыздан башыбыздан эле ушундай сезимдер,окуялар өткөндүр? Ооба ар бирибиздин башыбыздан өткөн десем эч жаңылышпайм,себеби баарыбыздын апаларыбызга болгон сезимибиз эң ыйык ,таза,жана баарыбыздыкы бирдей.

    Менин бул жашоодогу жашоомдун маңызы,жарыгы,жанып турган шамы бул-менин апакем.Мен апамды абдан жакшы көрөм аны сөз менен айтып жеткирүүгө эч мүмкүн эмес.Мени бул дүйнөгө алып келип,аздектеп багыпөстүргөн,мен үчун баарына даяр болгон апамды кантип сүйбөй,кантип жакшы көрбөй коюуга болот?

    Менин апамдын аты Дамира.Апам мени жакшы сапаттарга үйрөтүп,жакшы адам болушумду ар дайым тилеп ,жана тынбастан болгон аракетин кылып келет.Менин апам  мени тарбиялоодо колуна эч чыбык албай,тескерисинче өзүнүн терең маңыздуу сөздөрү менен тарбиялады.Мен да апамдын сөздөрүнөн таасир алып,аны капа кылбаганга болгон күч аракетимдин жумшап келем.Менин апам ар түркүн өнөрлөргө ээ болуп,мени да ал өнөрлөрөнөүйрөтүп келет.Апам ар кандай нерселерди абдан жакшы өткөрүп уюштурууга жөндөмдү,мага да ал жөндөмүн үйрөтө алды.Апамдын ошол мага үйрөткөн жөндөмүнүн аркасында,азыр мектебимде көптөгөн иш чараларды өз күчүм менен өткөрүп келем.Апам андан сырткары ыр жазып,сүрөттү да кереметтуу тартат,апамын ал өнөрлөрү  менде да бар.Менин апам өзгөчө шайыр адам.Апамдын  теңтуштары,классташтары,апам менен жолугуп,кичине эле сүйлөшүп калышса эле,күлкүгө батып,жылмайып да калышат.Менин шайыр,өнөрлүү,жөндөмдү,жана мени ар дайым ар тараптан колдогон апам бар экенине абдан сыймыктанып кубанам.Себеби мен апам бар үчүн жашап,көптөгөн ийгиликтерди багынтып келем.Менин ушул кезге чейин багынткан ийгиликтеримдин артында ар дайым апам турат.Андан сырткары менин апам абдан боорукер,көчөдө кетип баратса да,жардам сураган адамды эч кыяа басып өтүп кетпей,жардам берет.Жана мага “Жашоо өйдө-ылдый болот.Өйдө болгондо бай болуп көппө,ал эми ылдый болгон учурда эч качан чөкпө,намыстанып ар дайым жакшы адам болгонго аркет кыл.Аркет артынан гана бактылуу жашоо курулат” дейт.Мен апамдын бул сөзүн жашоодогу уранып катары алып,ал ураан менен жашап келем.Менин апам баарынан да мыкты! Мындай апаны бир гана каало керек.Ал эми меникиндей апага жеткен да бар,жетпеген да бар.Жашасын атыр жыттуу апалар!

    Апама

    Эң асылым,эң кымбатым апакем

    Канткенде кадырыңа мен жетем?

    Бул жашоо арамдыкка толсо да,

    Эң кымбатым,эң аярым апакем.

     

    Алтындан да кымбат менин апакем,

    Билем,нечен түйшүк кичинемде мен бергем.

    Бирок дагы ал түйшуккө карабай,

    Мени баккан,мени баккан атыр жытуу апакем!

     

    Ыйласам ыйлаба деп суранган,

    Мен кубансам апамдагы кубанган.

    Өмүрлүү ден соолукта болсун деп,

    Дайыма суранып келет кудайдан.

     

    Ушундай алтын апам бар үчүн,

    Жашоодон үмүт үзбөй жашап келем.

    Керек болсо апам үчүн,

    Өз жүрөгүмдү суруп берем.

     

    Бар болсун,менин алтын апакем.

    Майрамыңыз менен куттуктап,

    Ушул ырды белекке мен берем.

    Апаке, ак мээнетиңиздин  алдында,

    Башымды  ийип,терең таазим этем!

     

    Майрамыңыз жакындады мына-мына,

    Куттуктаймын сизди бугун сыймыктана.

    Апаке майрамыңыз кут болсун,

    Үйүбүзгө ар-дайым бакыт консун.

     

    Сизге каалайм бакубат жакшы жашоо,

    Ак сүйүү,махабатуу,таттуу каало.

    Пайгамбар жашынан сиз ашыңыз,

    Эң башкысы ден-соолук ,мына ошо.

     

    Ишиңизде ийгилик боло берсин,

    Кудайым сизди дагы колдоп келсин.

    Сизди сыйлап төргө отургузуп келиниңиз,

    Жаадырап жайнап сизге деген чайын берсин.

                                                                      

      Уулуң Бекназаров Жакшылык

    Показать
    comments powered by HyperComments