Араванда 4 жылда жасалган иштер — ротациянын жеңиши, - Сейтек Кулубаев
С.Кулубаев:
Мен 2021-жылдын 21-майында Ак-Талаа районунан Араван районуна аким болуп которулдум. Бул кадрдык ротация — өлкө башчысынын мамлекеттик башкаруу системасын жакшыртууга багытталган жаңы саясий стратегиясы болуп саналат.
Ротациянын негизги максаты — көп жылдар бою жергиликтүү бийликте орун алган коррупцияны, протекцияны жоюп, өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоол болгон факторлорду жок кылуу болду. Мунун натыйжасында, мен өлкөм үчүн кызмат кылууга бел байладым, өлкө башчысынын «Таза иштегиле, таза жашагыла» деген принциптерин жетекчиликке алып.
Биринчи:
Элдин күнүмдүк турмушун жакшыртуу үчүн инфраструктураны жаңылоо керек деп эсептедик. Районду кыдырып, элдин пикирлерин угуп, колдоо таптык. Араван жана айылдарды оңдоо иштерин баштадык, көчөлөрдү тазалап, мыйзамсыз курулуштарды бузуп, асфальт төшөп, тротуарларды куруу менен айылдын көркүн арттырдык. Көчөлөрдө көркөм темир тосмолор орнотулуп, гүл бакчалары түптөлдү. Аялдар үчүн азык-түлүк дүкөндөрү ачылды, ал эми жаңы «Ак-Була» базарына соода жүргүзүүчүлөр киргизилди. Жүргүнчүлөр үчүн заманбап аялдамалар курулуп, айылдар күндөн-күнгө көрккө ээ болууда. Жардамдашкан жамааттын натыйжасында Араван жаңы нукка түштү.
Райондук өзгөрүүлөр тууралуу видеону караңыз:
Экинчи:
Социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү да алдыга жылдырууга аракет кылдык.
Араван районунда төрт жыл ичинде тышкы инвестициялар 9,8 эсе, ички инвестициялар 2,9 эсе өстү, ал эми 2024-жылы жалпы инвестициялар 1,5 миллиард сомго жетет. Өнөр жай продукциясы 42,8%га, айыл чарба продукциясы 18,1%га өстү. 2024-жылы 6965 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, 2023-жылга карата 21,6% көп болду. Мындан тышкары, 340 жаңы ишкана ачылып, 1411 жумуш орду түзүлдү, 25 ири өнөр жай ишканасы курулду. Республикалык бюджетке салык түшүмдөрү 3,1 эсеге, жергиликтүү бюджет 59,3%га көбөйдү. 120 миң чарчы метр турак жай пайдаланууга берилди.
Араван эли бардык мамлекеттик тапшырмаларды төрт жыл ичинде абдан жакшы аткарышкан. Бул жетишкендиктерди өлкө башчысынын кадрдык ротация саясатынын Араван районундагы жеңиши катары баалайм.
Араван району, 2021-2024-жылдардагы көрсөткүчтөр
Скачать документ
Үчүнчү:
Мен жетекчилик кылган убакытта жеке кызыкчылыктарды көздөгөн мамилелерден алыс болдум. Мамлекетке берилгендик, адилеттүү башкаруу жана таза иштөө — менин негизги принциптерим. Мен таза жүргөн адаммын, ошондой эле ата-энемден туура тарбия алганмын.
Менин иним Айбек Кулубаев да өз ишинде үлгү көрсөттү. Ал 10 жыл бою Аламүдүн районунда акимдин орун басары болуп, пандемия учурунда элдин камын көргөн. Анын эмгеги жергиликтүү тургундар тарабынан жогору бааланып, жаңы курулган бала бакчага жана маданият үйүнө ысымын ыйгарышты.
Мен Араван элине ыраазычылык билдирем. Алардын эмгекчилдиги, калыстыгы жана ынтымагы менин ишимди жеңилдетти. Жогорудагы жетишкендиктердин баары элдин биргеликте аракет кылуусунун натыйжасында мүмкүн болду. Мен кызматымды тапшырып жатканда, эл «Араван районунун ардактуу атуулы» наамын берип, менин эмгегимди баалашты.
Райондогу мекемелердин жетекчилерине, айыл өкмөт башчыларына жана жалпы жамаатка ыраазычылык билдирем. Аларсыз бул ийгиликтерге жетүү мүмкүн болбойт. Биз бир команда болуп, иштөөгө ынтымакта болдук.
Мен өлкө башчысынын жана Араван элинин алдында жоопкерчилик сезем. Бул төрт жылдык жетекчилик менин өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымыма багытталган.
Араван. 2021-2024-жылдары ишке кирген өнөр жай ишканалар жана инфратүзүмдү жакшыртуу
Скачать документ
Обсудим?
Смотрите также: