Поэтесса Менди Мамазаирова посвятила поэму мэру Оша Женишбеку Токторбаеву


Менди Мамазаирова, народный поэт Кыргызстана и обладательница ордена "Манас", написала новое стихотворение в честь мэра Оша Женишбека Токторбаева. Произведение получило название "Ак-Буура арууланды" ("Ак-Буура очистилась").
Поэтесса выразила удовлетворение действиями мэра, который занимаются очисткой берегов реки Ак-Буура.
"Ранее река была под угрозой из-за захвата ее берегов влиятельными фигурами, которые построили сауны и бани, сбрасывая сточные воды в реку, что негативно сказывалось на экологии и здоровье местных жителей, которые использовали эту воду. Мэр распорядился о сносе этих строений, и его действия заслуживают похвалы. Народ благодарит Токторбаева за эту инициативу", – отметила Мамазаирова.
Кроме того, поэтесса отметила, что аналогичные действия по сносу незаконных построек происходят и в Бишкеке, где многие здания принадлежат чиновникам. Она подчеркнула важность обеспечения жильем обычных граждан в процессе сноса.
Представляем вашему вниманию стихотворение "Ак-Буура арууланды".
Кушу түшүп, Олокондой алп тоого,
Пайгамбарым сүйүп, түнөк сураган.
Мээриминен ак мөңгүлөр бүт ээрип,
Дайра болуп төмөн карай кулаган.
Тоо койнунда жаткан алтын, күмүштүн,
Күкүмдөрү кошо агып келген суу.
Ичкен адам илдетинен айыгып,
Куландан соо, ойноп туруп кеткен суу.
Айбандын да тилин билген Сулайман,
Ошпиримди сурап алган кудайдан.
Олокон тоо, Керме тоого суктанып,
Өзү дагы алп тоо болду суналган.
Пайгамбардын көз нурунан бүткөн суу,
Кан тамрыга мүрөк болуп жеткен суу.
Канчалаган адамдарды баккан суу,
Ичкен сайын кан-тамырга жаккан суу.
А бирок да, суктар чыкты пендеден,
Меники деп, өз башына мелжеген.
Торго камап, Ак бууранын шамалын,
Таза суусун, жеке гана ээлеген.
Ак буурага арта салып үйлөрдү,
Ажаткана, саунасы "гүлдөдү".
Арам менен адалды да ылгабай,
Ала маңкурттар көп жыл бою жыргады ай.
Этегинен суу ичкен эл убалын,
Ойлободу, ач көздөрүн май баскан.
Тааныбады алар теңир- кудайын,
Акыл-эсин, көкүрөгүн заң баскан!
Анан бир күнү... Кудурети алланын,
Күчтүү экен малыңан да, пулуңан.
Шаар башчы келди дешти жигердүү.
Билгич экен, баары келген колунан.
Ак бууранын адал суусун ылгабай,
Акмактар эй, кандай гана булгады ай.
Тосмолорду, сауналарды бузганда,
А ээлери, жыргалынан ажырап,
Келемиштей ичин жара тырмады ай!
Ак бууранын акак суусу көк кашка,
Тазаланган, арууланган башкача,
Ширин, Тунук бою менен күүлөнүп,
Элди карай агып жатты таптаза!
Этегинде күткөн эли кубана,
Мал-кели да, мөмө-чөмө чубала,
Бою таза, даамы ширин нак сууну,
Шимиришти чаңкаганы канганча!
"Алкыш!"-дешти, жаны-жаныбар жабыла,
Таза сууга жан-бадани каныга.
"Суудай узуун болсун,- дешти- өмүрү",-
Таза сууну күткөн элдер зарыга,
"Суудай таза болсун!- дешти,-Көңүлү!"
Ак буура суу төмөн карай чамынды,
Күмүш түстүү балык Күнгө чагылды.
А жээгинде канааттанып ишине,
Токторбаев!
Башка ишине камынды,
Күтүп аткан түркүн ишке шашылды...
(Вода реки Ак-Буура - благословение, дарованное пророком, которая исцеляет болезни и питает людей и животных. Однако со временем алчные люди стали присваивать ее себе, перегородив течения, построив сауны и дома, забыв о Боге и предавшись грехам.
Но сила бога выше богатства и власти. Наступил день, когда мэр города разрушил незаконные постройки и очистил реку. Ак-Буура снова зажурчала чистым потоком, радуя людей, животных и природу. Народ снова воспринял эту реку как символ чистоты, жизни и обновления).

Читайте также: