Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Ө. Абдырахманов: “Президент Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө бүгүн кол коюп тарыхый катачылык жасайт”
“Биздин президент Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө бүгүн кол коюу менен кыргыз улутунун келечегине тарыхый катачылык жасайт”, -деп бүгүн, 23-декабрда TOPNEWS.KG маалымат порталына ЖКнын депутаты Өмүрбек Абдырахманов билдирди. Анын айтымында,
мамлекет өз алдынча тың оокат кыла албаса, башкаларга кошулгандан иши оңолбойт.
“Бажы биримдиги - бул авторитардык өлкөлөрдүн биримдиги, өлкөлөрдүн ар биринде эртеби кечпи өздөрүнүн "Майданы" болот да биримдиктен чыгып кетишет.
Россияны чоң кризис каптады. Бул кризис көпкө созулуп, бирикмеге кирген мамлекеттерди кошо сүйрөйт. Баалар жок дегенде эки эсеге кымбаттап, кедейчилик көбөйөт.
Тез өнүгүп жаткан мамлекеттер эч кандай биримдикке биригишкен эмес. Реформаларды жасап экономикасын өнүктүргөн. Бардык мамлекеттер менен бирдей мамиледе болуп өз өлкөсүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеген. Ушундай саясаттын негизинде өнүгүп кеткен мамлекеттер: Эмираттар,Гонконг, Сингапур, Түштүк Корея, Малазия. Монголия да эч бир биримдикке кирген жок. Мыкты реформаларды жасады. Парламенттик системаны алышты. Алар азыр бизге караганда беш эсеге өнүгүп кетишти», - дейт Ө. Абдырахманов.