Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Ө. Текебаев: “Кумтөр бир нече парламенттин түбүнө жеткен, бир канча Өкмөттү отставкага кетирген”
26 02 2015 14:46
Кумтөр бир нече парламенттин түбүнө жеткен, бир канча Өкмөттү отставкага кетирген. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда ЖКнын жыйынында “Ата-Мекен”фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.
“Centerra Gold” компаниясынын пулун алган КТРКнын журналисттери аларды мактап, каршы чыккан депутаттарды эл душманы кылып жамандашкан. Мейли жеке менчик ММКлар кылмышкерлерди деле мактай берет. Ал эми мамлекеттик ММКлар өлкөнүн кызыкчылыгын колдош керек”, - дейт Ө. Текебаев.