Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Ө. Токтонасыров Беларустун Кыргызстандагы элчилигинин алдына нааразычылык акция өткөрдү
18 03 2015 14:42
Бүгүн, 18-мартта укук коргоочу, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Беларустун Кыргызстандагы элчилигинин алдына нааразычылык акциясына чыкты. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына Өндүрүш Токтонасыров өзү билдирди.
Ал аталган элчиликтин Кыргызстандан кетишин жана бул өлкө менен кызматташтыкты токтотууну талап кылды.
“Мен элчиликтин имаратына бор менен талаптарымды жазайын десем укук коргоо органдарынын кызматкерлери тоскоол болушту”, - дейт Ө. Токтонасыров.
Белгилей кетсек, жарандык активист буга чейин Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүү талабын менен элчиликтин алдына бир нече жолу акция уюштурган.