Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Ө. Токтонасыров «КТРКнын байкоочу кеңеши ойгонгула» деген аталыштагы акция уюштурду
22 06 2015 13:44
Бүгүн, 22-июнда, жарандык активист, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында «КТРКнын байкоочу кеңеши ойгонгула» деген аталыштагы акция уюштурду. Мындай маалыматты укук коргоочу TOPNEWS.KG маалымат порталына өзү кабарлады.
Анын айтымында, КТРКдагы «Орозодо 30 күн» телеберүүсүн берүү туура эмес. «Анкени Конституцияда светтик өлкө экенибиз жазылган. Мен Орозого каршы эмесмин, бирок отуз күн бул телеберүүнү берүү болбойт да. Эмне үчүн Байкоочу кеңеш буга көңүл бурбайт?», - дейт Ө. Токтонасыров.
Азыркы учурда эми укук коргоочу ушул эле талап менен КТРКнын имаратынын алдына барат.