Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Ө. Токтонасыров нааразычылык акцияга чыкты
Бүгүн, 2-мартта укук коргоочу, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Беларустун Кыргызстандагы элчилигинин алдына нааразычылык акцияга чыкты. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына Өндүрүш Токтонасыров өзү билдирди.
“Беларус бийлиги Бакиевдерди экстрадициялоо боюнча Атамбаевдин билдирүүсүнө туура эмес жооп кайтарганына байланыштуу кайрадан акция өткөрдүм. Алар кечирим сурагандын ордуна мазактап жооп берген. Алар менен биздин өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелер токтосун деп талап кылам”, - дейт Ө. Токтонасыров.
Анын айтымында, ал элчилик имаратына жумуртка ыргытууга аракет кылган, бирок укук коргоо органдарынын кызматкерлери мүмкүнчүлүк берген эмес.
Буга чейин Өндүрүш Токтонасыров аталган элчиликтин алдына Бакиевдерди экстрадициялоо боюнча бир нече жолу акция уюштурган.