Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Ө.Токтонасыров: Кыргызстан-Австралия футболдук мелдешине чет өлкөдөн келген коноктор кире албай калды
Укук коргоочу, жарандык активист Өндүрүш Токнасыров кечээ, 16-июнда Кыргызстан-Австралия футболдук мелдешке алып-сатарлардан 800 сомго билет алып кире албай калганын айтты.
Анын айтымында, футболго кире албай калган адамдардын саны көп болгон.
«Чет өлкөдөн келгендер дагы стадионго кире албай сыртта калды. Кыргызстандыктар биз кирбесек мейли, чет өлкөлүктөр кирсин деп милиция кызматкерлеринен сурандык. Бирок алар макул болушкан жок. Аларга уят болдук. Баарынан кызыгы, билеттерди алып-сатарлар кымбаттатып жибергени. Ошондуктан мен өкмөттөн спорт агентигинин жетекчисин жана Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунун администрациясын жоопко тартууну талап кылам», - дейт Ө. Токтонасыров.
Ал эми парламенттик жыйында «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Бөдөш Мамырова дагы Кыргызстан-Австралиянын футболдук беттешине билет алган миңдеген адамдар эмнеге стадионго кире албай калды деген маселеге кызыкты.