Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
1-ноябрдан баштап аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын жөлөк пулдун өлчөмү жогорулайт
29 09 2014 15:16
Кыргызстанда 1-ноябрдан баштап балдары көп, бирок аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын жөлөк пулдун өлчөмү жогорулайт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Токтомго премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койду. Буга чейин кепилденген минималдык кирешенин өлчөмү 640 сом болсо, 1-ноябрдан тарта 705 сом болот.
Маалымат боюнча, жакыр үй-бүлөлөргө жөлөк пулдун суммасын көтөрүү менен бирге алардын жөлөк пулдун так дарегине жетишин көзөмөлдөө иши күчөтүлө турганы айтылды.