Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
1-октябрдан тарта республикада жаратылыш газынын баасы арзандайт
17 09 2014 13:29
1-октябрдан республикада жаратылыш газынын баасы арзандайт. Мындай маалыматты "Газпром Кыргызстан" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Жаратылыш газынын метр кубу болжол менен 12 сом 95 тыйын болот.
Маалыматка таянсак, "Газпром" ААКсынын башкаруучу кеңешинин төрагасы Алексей Миллердин Кыргызстандагы иш сапарынын аягында Кыргызстанга жеткирилген газдын 1000 метр кубунун баасын 224 доллардан 165 долларга чейин түшүрүү чечими кабыл алынган.
Азыркыга салыштырмалуу 21 пайызга же метр кубу үчүн 3,4 сомго арзан экенин маалымдады.
Учурда газдын метр кубуна кыргызстандыктар 16 сом 35 тыйын төлөп келишет.