Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
14-январда Нарында тарифтердин жогорулашына каршы наарызычылык акциясы өтөт
05 01 2015 11:31
Нарындыктар 14-январда нааразычылык акциясына чыгат. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына Нарындын тургуну, Апрель баатыры Бактыгүл Жумабаева билдирди. Анын айтымында, алар электр энергиянын баасынын жогорулашына каршы. “Нааразычылык акциясына фракциялардын лидерлерин чакырдык”, - дейт Б. Жумабаева.
Белгилей кетсек, аталган талап менен 24-декабрда үч жүздөн ашык нарындыктар нааразычылык акциясына чыгышкан. Алар бийликтегилерге 15-январга чейин убакыт беришкен. Алар бийликтегилер тарифтердин баасын мурунку калыбында калтырып, чектөөлөрдү алып салбаса мөөнөтсүз акциялар улана турганын билдиришкен.
Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө Нарынга барган.