Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
14-январда Таласта тарифтердин кымбатташына каршы тынчтык митинг өтөт
12 01 2015 12:24
14-январда Талас шаарында түшкү саат он экиде тынчтык митингги өтөт. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына аталган шаардын экс-мэри, “Талас ынтымагы” кыймылынын төрагасы Серен Шейшенов билдирди.
Анын айтымында, “Талас ынтымагы” кыймылы бир айдан бери сурамжылоо жүргүзүп, тынчтык митинг өткөрүүнү чечишкен.
“Биз расмий түрдө тынчтык митингин өткөрүү үчүн 9-январда мэрияга билдирүү бергенбиз. Митинг үч талаптын негизинде өтөт”, - дейт Серен Шейшенов.
Алардын көтөрүп чыга турган маселелери тарифтердин кымбатташы, энергетика министрлигинин төрт жылдан бери жүргүзүп жаткан экономикалык-саясатына, бийликтин Таластагы алтын кең байлыктарын иштетүүсүнө, төө бурчактын баасынын кескин түшүшүнө баа берүү.