Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
19-июнда тынчтык маршы өтөт
16 06 2015 18:38
19-июнда ЖК депутаттарынан жашы жете элек өспүрүмдөргө жасалган оор кылмыштар жана сексуалдык зордук-зомбулук кылмыштары боюнча мыйзамга өлүм жазасын киргизүүнү талап кылып, активисттер тынчтык маршын өткөрөт. Бул тууралуу социалдык тармак аркылуу тынчтык маршынын уюштуруучусу Нурлан Мурадилов билдирген.
Алар тартып чыгарган видеодо бир нече белгилүү инсандар тынчтык маршына катыша турганын билдирген. Ошондой эле видеодо ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов дагы көтөрүлгөн маселени колдой турганын айткан.
Билдирүү боюнча, 19-июндан баштап ар аптанын жума күндөрү тынчтык маршы өтүп турмакчы.