Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
2015-жылдын экинчи жарымында мугалимдердин айлыгы 50 пайызга көтөрүлөт
12 01 2015 16:02
2015-жылдын экинчи жарымында мугалимдердин айлыгы 50 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда басма сөз жыйынында Каржы министри Ольга Лаврова билдирди.
“Президент Алмазбек Атамбаев мугалимдердин айлыгын 50 пайызга көтөрүү боюнча өкмөткө тапшырма берген. Азыркы учурда бул маселени чечүү жолун издеп жатабыз. Маселе бүгүн же эртең чечилип калышы мүмкүн эмес, жылдын экинчи жарымында чечилет”, - дейт О. Лаврова.
Мугалимдердин эмгек акысын көтөрүү үчүн бюджеттен жылына 6 миллиард сом керектелет.