Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
30-октябрда КТРКнын башкы директорун тандоо боюнча сынактын 2-туру өтөт
21 10 2014 18:02
30-октябрда КТРКнын башкы директорун тандоо конкурсунун 2-туру өтөт. Бул тууралуу КТРКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалымат боюнча, кечээ 10 талапкердин арызы кабыл алынды.
Талапкерлер: Назира Раимкулова, Абдыкадыр Султанбаев, Сталбек Дүйшалиев, Космос Чыдынов, Үсөн Көлбаев, Шадыкан Жакыпова, Болот Тилебаев, Жээналы Камбаралиев, Султан Жумагулов жана Назаркул Жоошбаев.
Ал эми 3-турда катышуучулар менен пикир алмашуу болуп, КТРКны өнүктүрүү боюнча ар биринин көз карашы, ой-пикири угулат.
Байкоочу кеңеш сынактын 4-турунда добуш берет.
КТРКнын башкы директорун шайлоо бюллетендер аркылуу жашыруун добуш берүү түрүндө болот.