Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
7-10-ноябрда Кыргызстанда мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланат
06 11 2014 15:46
7-10-ноябрда Кыргызстанда мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланат. Бул тууралуу Кыргызгидромети билдирди.
Маалымат ылайык, күтүлүп жаткан катуу жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда: Бишкек-Ош (121-137,198-265 чакырымдары), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90, 145-150 чакырымдары), Ала–Бука-Каныш-Кыя (60-100 чакырымдары) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
“Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл”, -деп эскертти Кыргызгидромет.
Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин үзгүлтүккө учуратат, автоунаа, байланыш түйүндөрүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.