Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
8-9-октябрда республиканын көпчүлүк аймактарында жаан жаайт
8-9-октябрда түнкүсүн республиканын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде карга айланат. Тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Маалыматты Кыргызгидромет билдирди.
Абанын күндүзгү температурасы төмөндөп, өрөөндөрдө 3...8°, тоо этектеринде 1…6° жылуу, тоолуу райондордо 0…-5° болот. 9-10-октябрь күндөрү түнкүсүн Чүй, Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1...-3° үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылчалар жана жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу. Мындай аба ырайы жайыттарда мал кармоону, автоунаа, байланыш түйүндөрүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.