Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
С.Пономарев: “Кыргызстанда логистикалык эки борборго жер тандалууда”
Мындай маалыматты TOPNEWS.KG маалымат порталына Кыргызстандагы рыноктор,соода жайлары жана тейлөө тармактарынын Ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев 22-ноябрда билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда товарларды эл аралык стандарттарга ылайык даярдап чет өлкөлөргө чыгаруу үчүн мамлекет башчысы 2-3 логистикалык борбор түзүү үчүн бизнес долбоорду даярдоо милдетин алдыга койгон. Ал тапшырманы аткаруу үчүн азыр ылайыктуу жерлерди иликтөө жүргүзүп, ал Ош областынын Кара-Суу районунда болду. Иш сапар учурунда ал жердеги ишкерлер, фермерлер жана соодагерлер менен пикир алмашып, чет өлкөгө экспорттого жарактуу азыктар менен таанышты. С.Пономаревдун баамында, логистикалык эки борбор боюнча долбоор 2015- 2016-жылдарда ишке ашыш керек жана анын баасы алдын-ала 20 миллион доллар болот деп болжолдонууда. Логистикалык борбор түзүлсө фермерлер менен ишкерлер сыртка чыгара турган товарынын баасы 25%ке чейин төмөндөп, азык-түлүктөрдү сырье түрүндө эмес товар түрүндө даярдоого шарт түзүлүп, рентабелдүүлүк артышы мүмкүн.
С.Пономарев Кара-Суудан кийин экинчи логистикалык борбор Бишкектин айланасында тузүлөөрүн билдирип, келечекте андай борборлорду бардык областтарда түзүү планы бар экендигин да кабарлады.