0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    А. Атамбаев: “Балдар толугу менен мамлекеттин, коомдун жана үй-бүлөнүн коргоосунда болууга тийиш”

    А. Атамбаев: “Балдар толугу менен мамлекеттин, коомдун жана үй-бүлөнүн  коргоосунда болууга тийиш”
    14 01 2015 15:58

    Бишкекте 2 жаштагы баланын катуу сабалып, ооруканага түшүшү боюнча, Президент Алмазбек Атамбаев мындай окуяларды болтурбоо боюнча тезинен тийиштүү чараларды иштеп чыгууну өкмөткө жүктөдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

    Маалыматка ылайык, Президент наристени сактап калуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга, окуянын себептерин терең териштирүүнү камсыз кылууга милдеттендирди.

    Алмазбек Атамбаевдин пикири боюнча мамлекеттик органдар ооруканага катуу сабалган кичинекей балдар жатып калган коркунучтуу тенденцияга каршы туруунун жолдорун жана каражаттарын иштеп чыгууга милдеттүү. Кичинекей балдарга зомбулук көрсөткөндөргө карата мыйзамда  катуу жаза кароону кошо камтуу менен бирге, үй-бүлөдө зомбулуктун себептерин жоюуну камсыз кылган  чаралардын комплекси зарыл.

    Жапа чеккен балдардын туугандары зомбулук көрсөткөндөрдү коргоп чыккан терс  тажрыйбадан улам, коомдук  аң-сезимде зомбулукту айыптоо маанайын түзүү үчүн бир катар маалыматтык-түшүндүрүү чараларын иштеп чыгуу зарыл.

     “Балдар толугу менен мамлекеттин, коомдун жана үй-бүлөнүн  коргоосунда болууга тийиш. Балдарга  аяр мамиле жасап, алардын ден-соолугу, келечеги тууралуу камкордук көрүү аркылуу гана биз эркин жана гүлдөп өнүккөн Кыргызстан кура алабыз”, - деди.

    Бишкекте 11-январда №3 балдар ооруканасына сабалган жана зордукталган бала оор абалда келип түшкөн.

     

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *