Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
А. Атамбаев: “Бийлик да, коом дагы эки революциядан сабак алууга милдеттүү”
Бийлик да, коом дагы 2005-жылдын мартындагы жана 2010-жылдын апрелиндеги элдик революциялардан сабак алууга милдеттүү. Бул тууралуу Президент Алмазбек Атамбаев Март революциясынын 10 жылдыгына карата илимий-практикалык конференциясынын катышуучуларына кайрылуу жасаганда билдирди.
Анын айтымында, өлкөнүн карапайым калкына таянганда гана бийлик натыйжалуу болот.
“Бийликтин күчү - элдин ишениминде. Ал эми карапайым жарандар депутаттарды жана өлкөнүн Президентин шайлоого өтө жооптуу мамиле жасоого тийиш. 2002-жылдагы Аксы окуялары, 2005-жылдын мартындагы жана 2010-жылдын апрелиндеги элдик революциялар кыргызстандыктардын эркиндик, демократия жана адилеттүүлүк үчүн күрөшүнүн каарман барактарына айланды. Биз муну эч качан эстен чыгарууга акыбыз жок. Ата-бабаларыбыз, өз өмүрүн курмандыкка чалган мекендештерибиз кыялданган - эркин жана гүлдөп өнүккөн Кыргызстан курууга милдеттүүбүз”, -дейт А. Атамбаев.