Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
А. Атамбаев: “Биздин максатыбыз – эгемендүү Кыргызстандын туусу көккө желбиреген эркин жана гүлдөгөн мамлекет куруу”
Бүгүн, 3-мартта Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын мамлекеттик туусунун күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
“Биздин максатыбыз – эгемендүү Кыргызстандын туусу көккө желбиреген эркин жана гүлдөгөн мамлекет куруу. Максатыбыз – мамлекет үчүн өз өмүрүн аябаган ата-бабаларыбыздын көксөгөн кыялын жана үмүтүн актоо. Үстүбүздөгү жыл Кыргызстанда улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп жарыяланды. Биз мамлекетти чыңдоого жана өнүктүрүүгө айрыкча көңүл бөлө баштадык. Биз кыргызстандык ар бир жаран мамлекеттик тууну көргөндө өзүн ынтымактуу чоң үй-бүлөнүн мүчөсү катары сыймыкка бөлөнүп, өлкөнүн тагдыры жана анын келечеги үчүн жоопкерчиликти сезүүгө жетишишибиз керек. Өлкөбүздүн ачык асманы алдында ар дайым Кыргызстандын Мамлекеттик туусу бийик желбирей берсин”, - дейт А. Атамбаев.