0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    А. Атамбаев букмекердик кеңселер менен тотализаторлордун иштешине тыюу салган мыйзамга кол койду

    13 04 2015 10:34

    Президент Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. 

    Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 25-февралында кабыл алынган.

    Өзгөртүүлөр жана толуктоолор «Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө» мыйзамга, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө», «Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө», «Жарнак жөнүндө» мыйзамга киргизилди.

    Мыйзамдын негизги максаты - кумар оюн ишине, ошондой эле кумар ишин уюштурууга жана кумар оюн жайларын (букмекердик конторалар жана компаниялар, тотализаторлор) кармоого тыюу салуу. Мыйзам менен биринчи ирет кыргыз мамлекетинин жаш муунуна, кумар оюндар менен кызыккан адамдарга адеп жана психикалык абалына негативдүү таасир кылган шарттарды түзгөн негиздер жок болот.

    Мыйзам финансылык бузуулардын санын кыскартууга, республикада криминогендик жагдайды азайтууга, жашы жете элек адамдардын жана калктын социалдык жактан корголбогондордун кумар оюндарына катышуусу менен пайда болгон социалдык проблемалардын алдын алууга багытталган.

    Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

     

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *