Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
А. Атамбаев Франциянын Президентине “Шарли Эбдо” журналынын редакциясындагы террористтик актка байланыштуу көңүл айтты
Бүгүн, 8-январында Президент Алмазбек Атамбаев Франциянын Президенти Франсуа Олландка «Шарли Эбдо» журналынын редакциясындагы террористтик актка байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Президент адам өмүрлөрүн алып кеткен «Шарли Эбдо» журналынын редакциясындагы теракт жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алганын билдирди. “Кыргыз Республикасы эл аралык коопсуздукка жана жарандардын бейпилдигине коркунуч келтирген экстремизмдин жана терроризмдин бардык түрлөрүн чечкиндүү түрдө айыптайт”, - деп айтылат телеграммада.
Алмазбек Атамбаев каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жапа чеккендер тезирээк сакайып кетишин каалагандыгын билдирди.