Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
А. Атамбаев: “Кыргызстан үчүн адам укугу эң жогорку баалуулук”
Бүгүн Президент Алмазбек Атамбаев Адам укуктарын коргоо күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Президенттин куттуктоо тексти:
“Бүгүн биз дүйнө коомчулугу менен бирге Адам укуктарынын эл аралык күнүн - БУУнун Башкы Ассамблеясы Адам укуктарынын жалпы декларациясын кабыл алгандыгынын 66 жылдыгын белгилеп жатабыз.
Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон тартып Конституцияда адам укуктарын жана эркиндигин жогорку баалуулук катары аныктап, укуктук мамлекет куруу жолуна түштү.
Кыргызстан үчүн адам укугу эң жогорку баалуулук. Мындай өлкө болуш биз үчүн өтө кымбатка турду. Дал ошол үчүн 2010-жылдын 7-апрелинде биздин далай мекендештерибиз курман болгон.
Бул маанилүү милдет - мамлекеттик бийликтин жергиликтүү жана улуттук деңгээлдеги бардык бутактарынын иши. Бардык жарандар мамлекеттин мыйзамдарын жана ар бир жарандын укуктарын урматтоого милдеттүү.
Бардыгыңыздарга бейпилдик, жакшылык, ден-соолук, байгерчилик каалайм. Мыйзамдуу укугуңар сакталып, ар дайым келечекке ишеним менен карагыла».