Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
А. Атамбаев менен БУУнун туруктуу координатору сот жана шайлоо системаларынын реформалары тууралуу талкуулашты
19 01 2015 15:15
Бүгүн, 19-январда Президент Алмазбек Атамбаев БУУнун туруктуу координатору, БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александр Аванесовду кабыл алып, аталган уюм менен кызматташтык маселелери тууралуу талкуулашты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөдө таза жана ачык шайлоолорду өткөрүүнү камсыз кылуу, сот жана шайлоо системаларынын реформалары жөнүндө сөз кылышты.