Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
А. Атамбаев Монголиянын Президенти менен саясый диалогду активдештирүү тууралуу талкуулады
27 01 2015 12:28
Бүгүн, 27-январда Президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Кыргызстанга келген Монголиянын Президенти Цахиагийн Элбэгдорж менен жолугушуп, түрдүү тармактарда эки тараптуу кыргыз-монголдук кызматташуунун маселелери талкуулашты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Президент Алмазбек Атамбаев менен Президент Цахиагийн Элбэгдорж өлкөлөр ортосундагы саясый диалогду мындан ары активдештирүү, ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү зарыл экендигин белгилешти.