Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
А. Атамбаев мугалимдердин айлыктарын жогорулатуу жөнүндө маселени иштеп чыгуу тапшырмасын берди
Бүгүн, 21-январда Президент Алмазбек Атамбаевге Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева жогорку билим берүү системасында жана илим тармагында реформа боюнча Өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, Эльвира Сариева ошону менен катар эле мектептерге жана мектепке чейинки мекемелерге билим берүүчү инновацияларды киргизүү боюнча пландары туурасында айтып берди.
Алмазбек Атамбаев өлкөнүн туруктуу өнүгүшү үчүн билим берүү жана илим чөйрөлөрүндө реформаларды натыйжалуу ишке ашыруунун маанисин белгиледи.
Андан тышкары Президент Билим берүү жана илим министрлигин Финансы министрлиги менен бирдикте мугалимдеринин айлык акыларын жогорулатуу жөнүндө маселени иштеп чыгууга милдеттендирди.