Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
А. Атамбаев парламенттик шайлоо таза өтүү үчүн БУУ менен тыгыз кызматташа турганын билдирди
Президент Алмазбек Атамбаев 22-октябрда БУУнун башкы катчысынын атайын өкүлү Мирослав Енчаны кабыл алганда, Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча регионалдык борбору менен мындан ары өз ара аракеттенишүүнүн келечеги талкуулашты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Президент 2015-жылы Кыргызстанда анын жыйынтыктарын өлкөнүн жарандары сезгидей таза, ачык парламенттик шайлоолорду камсыз кылууда, ошондой эле соттук реформаны реалдуу турмушка ашырууда БУУ менен мындан ары дагы тыгыз кызматташууга ишенимин билдирди. Ошондой эле Кыргызстан Борбордук Азиядагы азыркы коркунучтарга жана чакырыктарга биргелешип, анын ичинде превентивдүү дипломатия боюнча регионалдык борборунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен каршы турууга бардык күч аракетин жумшай берээрин кошумчалады.