Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
А. Атамбаев православие динин туткан кыргызстандыктарды Иса пайгамбардын туулган күнү менен куттуктады
06 01 2015 10:23
Бүгүн, 6-январда Президент Алмазбек Атамбаев Иса пайгамбардын туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Мамлекет башчысы 2015-жыл бардык кыргызстандыктарга эң жакшы кабарларды алып келишин каалады. “Урматтуу православие динин туткан Кыргызстандын жарандары! Ушул күнү, урматтуу мекендештерим, эң жакын адамдарыңар сиздердин жаныңарда болушун каалайм. Үйүңөр кубанычка, жылуулукка толсун. Ушул майрам ар дайым дилиңерге жарык чачып, терең ишенимге жол ачып, жакшылыкка бөлөсүн. Сиздерге, туугандарыңарга, жакындарыңарга чың ден-соолук, аманчылык жана бакыт-таалай каалайм”, - деп жазылган куттуктоодо.