0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    А. Атамбаев Сауд Арабиясынын Королу каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

    А. Атамбаев Сауд Арабиясынын Королу каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты
    23 01 2015 17:32

    Бүгүн, 23-январда Президент Алмазбек Атамбаев Сауд Арабиясынын Королу Салман Бин Абдель Азиз Аль Саудка  Сауд Арабиясынын Королу Абдалла Бин Абдель Азиз Аль Сауддун каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

    Мамлекет башчысынын телеграммасында Абдалла Бин Абдель Азиз Аль  Сауд залкар мамлекеттик ишмер жана саясий лидер катары анын бүткүл дүйнөгө зор кадыры жана урматы бар болгондугу белгиленет. “Ал Сауд Арабиясын даанышмандык менен башкарып, аны араб жана ислам мамлекеттеринин саясий жана экономикалык лидерине айлантып, бүгүнкү күндө мусулман өлкөлөрүнүн ортосундагы тилектештикти бекемдөө ишинде, дүйнөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты камсыз кылууда алдыңкы орунга чыгарды”, - деп белгиленет көңүл айтууда.

    “Улуу Даражалуу Король Сауд Арабиясына жасаган расмий иш сапарымда мени менен жолугушуу өткөрүп, эки өлкөнүн ортосундагы ынак достук мамилелерди бекемдөөгө чоң салым кошуп, өнөктөштүктү жогорку жаңы деңгээлге көтөрүүдөгү анын жекече эмгеги биз үчүн баа жеткис болуп эсептелет”, - деп белгиленет Президент Алмазбек Атамбаевдин телеграммасында.

    Мамлекет башчысы кыргызстандыктар Сауд Арабиясынын элинин азасын тең бөлүшөөрүн белгилейт. “Ыйманы саламат болуп, Жараткан ага бейиштен орун берсин”, - деп айтылат телеграммада.

     

     

     

     

     

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *