Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
А. Атамбаев: “Сиздер, урматтуу аялдар - Кыргызстандын кутусуңар!”
Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 6-мартта Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
“Үй-бүлө очогунун сактоочулары болгон кымбаттуу апаларга бизге өмүр бергени үчүн терең таазим кылып, аялзатынын талыкпас эмгегине, чыдамкайлыгына чын жүрөктөн ыраазычылык сөздөрдү айтабыз.
Улуу Ата Мекендик согуштун бардык оорчулугун кошо көтөргөн ардагер аялдарга өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет. Сиздер эркектер менен катар фронтто салгылашып, тылда иштеп, өлкөнү калыбына келтирип, келечек муунду тарбияладыңыздар. Улуу Жеңиштин 70жылдыгынын алдында сиздерге терең таазим!
Сиздер, урматтуу аялдар - Кыргызстандын кутусуңар! Даанышман энелерибиз жана апаларыбыз үй-бүлө очогун сактайт. Ал эми сүйүктүүлөрүбүздүн жылмаюусу, кыздарыбыздын жана неберелерибиздин күлкүсү кыйналып турган учурларда кубаныч тартуулайт. Сиздер бар үчүн адамзат бар", -дейт Президент.