Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
А. Атамбаев Таластагы селден жабыркаган турак-жайларды, жолдорду тез арада калыбына келтирүү тапшырмасын берди
Бүгүн, 16-февралда Президент Алмазбек Атамбаевге Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Талас облусунда катталган селдин кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле Кубатбек Боронов Талас облусундагы жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди көзөмөлдөп чыккан жумушчу сапарынын жыйынтыктары туурасында айтып берди.
Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте Таластагы селдин кесепетинен жабыркаган бардык турак-жайларды, арыктарды, жолдорду тез арада калыбына келтирүүгө тийиш экендигин айтты.
Мамлекет башчысы өзгөчө кырдаалдар болуп кетүү коркунучу бар аймактарда жашаган жарандарыбыз өздөрү да түрдүү кесепеттердин алдын алууга даяр болушу керектигин белгиледи.
Президент министрлик жаз айларында көп катталчу жаратылыш кырсыктарын алдын алуу боюнча жигердүү иштеп, калк арасында тиешелүү түшүндүрүү иштерин күчөтүү керектигин белгиледи.