Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
А. Атамбаев Түркия Республикасынын Президенти менен жолукту
29 09 2014 09:26
Президент Алмазбек Атамбаев 28-сентябрда, Стамбул шаарында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мындан аркы перспективаларын талкуулашты. Мындай маалыматты президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдирди.
Жолугушуу 28-29-сентябрында Стамбулда өтүп жаткан «Региондук өнүгүү үчүн ресурстарды ачуу» маселеси боюнча Дүйнөлүк экономикалык форумдун атайын жыйынына катышуусунун алкагында өткөрүлдү.
Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы түрдүү тармактардагы өз ара кызматташуунун жогорку деңгээлин белгилешти жана боордош эки өлкөнүн ортосундагы өз ара мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн маанисин баса белгилешти.