Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
А. Атамбаев Түркмөнстандын Президенти менен кыргыз-түркмөн кызматташтыгы тууралуу талкуулады
11 11 2014 14:40
Бүгүн, 11-ноябрда Президент Алмазбек Атамбаев Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугуп, эки өлкөнүн соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактагы кызматташууну жандантуу керектигин белгилешти. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуу Ашхабад шаарындагы Огузхан сарайында өтүп, өлкө башчылары түрдүү тармактар боюнча Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы кызматташтыкка тийиштүү маселелер боюнча пикир алышты.
Президенттер Эл аралык жана аймактык маселелер, Борбордук Азия чөлкөмүндөгү коопсуздукту камсыз кылуудагы кызматташтык тууралуу талкуулашты.
Президент Алмазбек Атамбаев кечээ Түркмөнстанга расмий сапар менен барган.