Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
А. Атамбаев Жерүй кенинен түшкөн каражатты жергиликтүү калктын кызыкчылыгына пайдалануу керектигин белгиледи
Бүгүн, 23-июнда президент Алмазбек Атамбаевга Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Дүйшөнбек Зилалиев Жерүй кен конкурстун жеңүүчү компаниясы республикалык бюджетке обьекттин наркынын 100 миллион долларды толук төлөп бергендиги тууралуу маалымдады. Бул тууралуу президенттик аппараттынбасма сөз кызматы билдирди.
Дүйшөнбек Зилалиевдин маалыматы боюнча учурда ал каражаттарды бөлүштүрүү жана пайдалануу маселелери чечилип жатат.
Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору ошондой эле инвестордун мындан аркы пландарына, анын ичинде Жерүй кен казнасын иштетүүнүн техникалык долбоорун макулдашуу жана социалдык пакетти ишке ашыруу боюнча пландарына токтолду.
Алмазбек Атамбаев келип түшкөн каражаттарды биринчи кезекте жергиликтүү калктын жана Кыргызстан элинин кызыкчылыктарында натыйжалуу пайдалануунун маанисин баса белгилеп, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикке өлкөнүн экономикасынын кызыкчылыктарында инвестор менен кызматташуу маселелерин өтө дыкаттык менен иштеп чыгуу милдетин тапшырды.