Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
А. Атамбаевге Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору диний кырдаал боюнча маалымат берди
15 01 2015 13:52
Бүгүн, 15-январда Президент Алмазбек Атамбаевге Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Орозбек Молдалиев 2014-2020-жылдары мамлекеттик диний саясаттын концепциясын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Президент коомдун демократиялык өнүгүшү үчүн мамлекеттик диний саясаттын концепциясын натыйжалуу ишке ашыруу абдан маанилүү деп баса белгиледи.
Алмазбек Атамбаев толеранттуулук жана диний сабырдуулук идеяларын бекемдөөнүн, ошондой эле дүйнөдө болуп жаткан окуялардын алкагында Кыргызстанда конфессиялар аралык мамилелерди өнүктүрүүнүн өзгөчө мааниси бар экенин айтты.