Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
А. Атамбаевге Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы маалымат берди
Бүгүн, 14-августта Президент Алмазбек Атамбаевге Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиев чек арадагы жалпы абал тууралуу, чек араны коргоо жана кайтаруу, ошондой эле канаатташ жайгашкан чек араларды бекемдөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында маалымат берди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле Раимберди Дүйшөнбиев Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине кошулуусунун алкагында мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участкасындагы бажы көзөмөлүн алып таштоого байланыштуу көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалымат берди.
Жолугушууда мындан тышкары Мамлекетик чек ара кызматынын коңшу мамлекеттердин чек ара ведомстволору менен кызматташуусун кеңейтүү маселелери талкууланды.