Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
А. Атамбаевге Транспорт жана коммуникациялар министри жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу маалымат берди
Бүгүн, 12-январда Президент Алмазбек Атамбаевге Транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов Баткен облусуна жасаган жумушчу сапарынын жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, министр жумушчу сапарында облустагы автомобиль жолдорунун жана транспорттук инфраструктуранын курулушу жана реабилитациялоонун жүрүшүн текшерип келген.
Калыкбек Султанов «Көкташ-Аксай-Тамдык-Кишемиш» жана «Аксай-Рават» автожолдорундагы жүргүзүлүп жаткан иштер, «Ош-Баткен-Исфана» автожолун реабилитациялоонун жүрүшү, ошондой эле Баткен облусунун Лейлек районундагы стратегиялык мааниге ээ болгон көпүрөлөрдүн курулуштары тууралуу айтып берди.
Мындан тышкары транспорт жана коммуникациялар министри Кыргызстандын региондорун «Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад» жаңы каттам боюнча бириктирген альтернативдүү автомобиль жолунун курулушу толук кандуу жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маалымдады.
Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн өнүгүшү үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон транспорттук долбоорлорду өз мөөнөтүндө ишке ашыруунун маанисин баса белгиледи.
Мамлекет башчысы транспорт жана коммуникациялар министрлигине пландаштырылган жумуштарды белгиленген мөөнөттө аткарып, сапат маселесине өзгөчө маани берүү боюнча тапшырма берди.