Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
А. Касымалиев: 2015-жылы бюджеттин тартыштыгын жабууга 25 327,1 миллион сом каржылоо булактары каралган
19 06 2015 11:56
2015-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 25 327,1 миллион сом, бекитилген көрсөткүчтөн 10 440,7 миллион сомго көп. Бул тууралуу бүгүн, 19-июндагы парламенттик жыйында каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.
Анын айтмында, бюджеттин тартыштыгын жабууга 2015-жылы 25 327,1 миллион сом суммасындагы каржылоо булактары каралган.
ЖКда «2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамына төмөндөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү боюнча каралып жатат.